Забур 76:1—12

Башчыга. Кыл аспаптар үчүн. Асаптын забуру+. Ыр. 76  Кудай Жүйүт жеринде белгилүү+,Анын ысмы Ысрайылда улуу+.  Анын турагы Салимде+,Жашаган жери Сиондо+.  Кудай ал жерден оттуу жебелерди+,Калканды, кылычты, согуш куралдарын талкалады+. (Села)  Сен жарыкка чулгангансың, жырткычтарга толгон тоолордон улуусуң+.  Эр жүрөктөр таланып-тонолду+,Катуу уйкуга кетишти+,Тайманбас эркектердин туруштук берүүгө күчү калган жок+.  Оо, Жакыптын Кудайы, сен ашкерелегенде, арабачы да, ат да терең уйкуга кетти+.  Сен коркуу сезимин туудурасың+.Катуу каарданганыңда, алдыңда ким туруштук бере алат?+  Асмандан өкүмүңдү угуздуң+,Жер коркуп, үн катпай калды+.  Анткени Кудай сот жүргүзүү үчүн+,Жер жүзүндөгү мүнөзү жумшактардын баарын куткаруу үчүн ордунан турду+. (Села) 10  Адамдын каары сага даңк алып келет+,Сен анын калган каарын курчанасың. 11  Жахаба Кудайдын тегерегиндегилердин баары, ага убада берип, убадаңарды аткаргыла+.Коркуу менен белек алып келгиле+. 12  Ал жол башчыларды момун кылат+,Жер жүзүнүн падышаларын сестентет+.

Шилтемелер