Забур 61:1—8

Башчыга. Кыл аспаптар үчүн. Дөөтүнүн забуру. 61  Оо, Кудай, жалбарган үнүмдү ук+,Тиленүүмө көңүл бур+.  Жүрөгүмдөн дарман кеткенде, жер кыйырынан сени чакырам+,Мени өзүм чыга алгыс бийик аскага чыгар+.  Сен мага баш маана+,Душмандын көз алдында бекем мунара болдуң+.  Мен сенин чатырыңда түбөлүккө конок болом+,Канатыңдын алдына корголойм+. (Села)  Оо, Кудай, сен убадаларымды уктуң+,Мага өз ысмыңдан корккондордукундай мурас бердиң+.  Сен падышанын күндөрүнө күн кошосуң+,Анын өмүрү муундан муунга созулат+.  Ал Кудайдын алдында түбөлүк жашайт+;Мээримдүүлүгүң менен чындыгыңа аны коргоону буйру+.  Мен болсо ысмыңды түбөлүк даңктап ырдайм+,Убадаларымды ар күнү аткарам+.

Шилтемелер