Забур 57:1—11

Башчыга. «Мени жок кылба». Дөөтүнүн забуру. Миктам. Шабулдан качып, үңкүргө жашынганда+. 57  Ырайым кыл мага, оо, Кудай, ырайым кыл+.Анткени жаным сенден баш маана тапты+,Кыйынчылыктар артта калганга чейин сенин канатыңа корголоюн+.  Мен Эң Жогорку Кудайга, мени алардан арылта турган чыныгы Кудайга кайрылам+.  Ал асмандан жардам жиберип, мени куткарат+,Мага тишин салганды маң кылат+. (Села)Кудай мээримдүүлүгүн көрсөтөт, чындыгын жиберет+.  Жаным арстандардын арасында+.Мен башкаларды жеп-жуткан адамдардын арасында жатам.Алардын тиштери — найза менен жебе+,Тилдери — курч кылыч+.  Оо, Кудай, даражаң асмандан да жогору көтөрүлсүн+,Даңкың бүт жер үстүндө болсун+.  Алар менин бутума тор жайышты+,Жаным кыйналды+.Алдыма ор казышты,Бирок ага өздөрү түштү+. (Села)  Оо, Кудай, жүрөгүм бекем+,Жүрөгүм бекем.Сени даңктап ырдайм, обон салам+.  Ойгон, жүрөгүм*+,Ойгон, кыл аспап, сен да ойгон, арфа+.Мен таңды ойготом.  Оо, Жахаба, сени элдердин арасында даңазалайм+,Улуттардын арасында даңктап ырдайм+. 10  Анткени сенин мээримдүүлүгүң улуу, асманга жетет+,Чындыгың көккө жетет+. 11  Оо, Кудай, даражаң асмандан да жогору көтөрүлсүн+,Даңкың бүт жер үстүндө болсун.

Шилтемелер

Сөзмө-сөз: «даңкым».