Забур 55:1—23

Башчыга. Кыл аспаптар үчүн. Маскил. Дөөтүнүн забуру. 55  Оо, Кудай, тиленүүмө кулак сал+,Ырайым кылышыңды өтүнгөнүмдө, артыңды салба+.  Мага назар салып, жооп бере көр+.Тынчым кетип, өзүмдү коёрго жер таппай+,Санаам санга бөлүнүп жатат.  Душмандын үнүнөн, ыймансыздын кысымынан улам ичим уйгу-туйгу болуп жатат+.Анткени алар мага кыянаттык кылып+,Каарданып, кастык ойлоп жатышат+.  Көкүрөгүмдө жүрөгүм сыздап+,Мени өлүм коркунучтары каптады+.  Коркунуч, калтырак басты,Бүткөн боюм титиреп чыкты+.  Мен мындай дедим: «Көгүчкөндүкүндөй канатым болсо кана!+Алыска учуп кетип, ошол жакта жашамакмын+.  Алыска учуп барып+,Чөлдү турак кылмакмын+. (Села)  Куюндаган шамалдан, бороондон качып+,Баш калкалоочу жайга шашылмакмын».  Оо, Жахаба, бири-биринин тилин түшүнбөй калышы үчүн, аларды дүрбөлөңгө сал+,Анткени шаардан зордук-зомбулукту, уруш-талашты көрүп жатам+. 10  Алар шаар дубалдарынын үстүндө күнү-түнү басып жүрүшөт+,Шаарда болсо кыянаттык, кыйынчылык өкүм сүрүп жатат+. 11  Анын ичинде мүшкүл көп,Аянтынан кысымчылык, алдамчылык кетпейт+. 12  Мени кордогон киши душманым эмес+,Аны го көтөрмөкмүн.Мага кыйынсынган адам мени жек көргөн бирөө эмес+,Андан го жашынып калмакмын+. 13  Бирок ошол сен болуп чыктың, мага теңдеш ажалдуу адам+,Жакын досум, жан курбум+. 14  Экөөбүз ынак мамиледе болчубуз+,Эл менен бирге Кудайдын үйүнө барчубуз+. 15  Душмандарым кыйратылсын!+Алар тирүүлөй көргө* түшсүн+,Анткени, каякта жашашпасын, жүрөктөрүн жамандык уялаган+. 16  Ал эми мен Жахаба Кудайды чакырам+,Ал мени куткарат+. 17  Кечинде да, эртең менен да, түштө да тынчым кетип, онтойм+,Ал болсо үнүмдү угат+. 18  Душмандарым мага каршы топ-топ болуп чыкса да+,Кудай жанымды алардын чабуулунан куткарат, бейпилдикке бөлөйт+. 19  Кудай угуп, аларга каршы чыгат+,Ал байыркы убактардан бери тактыда отурат+. (Села)Кудай өзгөрүлгүсү келбегендерге+,Андан коркпогондорго каршы чыгат+. 20  Менин досум өзү менен тынчтыкта болгондорго кол салды+,Түзгөн келишимин бузду+. 21  Оозундагы сөздөрү майдан жумшак+,Жүрөгү болсо салгылашууга даяр+.Сөздөрү зайтун майынан жагымдуу+,Бирок алар жалаңдаган кылычтай+. 22  Жүгүңдү Жахабага арт+,Ошондо ал сени колдойт+.Ал адил адамдын олку-солку болушуна эч качан жол бербейт+. 23  Сен, Кудайым, ыймансыздарды көргө түшүрөсүң+.Канга забын болгондор менен алдамчылар өмүрүнүн жарымын да жашабайт+.Ал эми мен сага таянам+.

Шилтемелер

Евр. шеол. Кара: 8-тирк.