Забур 38:1—22

Дөөтүнүн забуру. Эске салуу. 38  Оо, Жахаба, мени ачууң менен ашкерелебе+,Каарың менен оңдоп-түзөбө+.  Анткени жебелериң денеме терең сайылды+,Колуң үстүмөн басты+.  Өкүмүңөн улам денемдин бир да соо жери калган жок+,Күнөөмдүн айынан жан дүйнөмдөн* тынчтык кетти+.  Кылмыштарым башыман ашып+,Мага оор жүктөй салмагын салды+.  Акылсыздыгыман уламЖараларым ириңдеп, каңырсып жатат+.  Тынчым кетти, жерге жете бүгүлдүм+,Эртеден кечке кайгырып жүрдүм+.  Ичим алоолонуп өрттөнүп,Денемдин бир да соо жери калган жок+.  Деңдароо болдум, таш-талканым чыкты,Жүрөгүм сыздагандан кыйкырып жатам+.  Оо, Жахаба, каалоо-тилегимдин баары сенин алдыңда,Үшкүрүгүм да сенден жашыруун эмес+. 10  Жүрөгүм дүкүлдөп жатат; алдан тайдым.Көзүмдүн нуру өчтү+. 11  Мени жакшы көргөндөр, жакындарым дартыман улам жаныма жолобой калышты+,Санаалаштарым алыстап кетишти+. 12  Ал эми жанымды издегендер тор жайып+,Башыма мүшкүл түшүргүсү келгендер мага каршы сүйлөп+,Митаамдык кылууну эртеден кечке ойлонуштуруп жатышат+. 13  Мен болсо, дүлөйгө окшоп, тыңшабайм+,Дудуктай болуп, ооз ачпайм+. 14  Мен кулагы укпаган кишидей болдум,Оозуман каяша сөз чыккан жок. 15  Анткени, Жахаба, сени күттүм+.Жахаба Кудайым, сен жооп бердиң+. 16  Мен: «Болбосо алардын табасы канат+,Бутум тайса+, мага кыйынсынышат»,— деген элем+. 17  Анткени мен аксап кала жаздадым+.Азабым ар дайым көз алдымда турду+. 18  Мен кылмышым тууралуу айттым+,Күнөөмдүн айынан тынчым кетти+. 19  Душмандарым күчкө толуп, кубаты ашынды+,Мени себепсиз жек көргөндөр көбөйдү+. 20  Алар жакшылыгыма жамандык менен жооп берип+,Жакшылык кылууга умтулганым үчүн каршылык көрсөтүп келишет+. 21  Оо, Жахаба, мени таштаба,Оо, Кудайым, менден алыстаба+. 22  Мага жардам берүүгө шашыл+,Оо, Жахаба, куткаруучум+.

Шилтемелер

Сөзмө-сөз: «сөөктөрүмдөн».