Забур 27:1—14
Дөөтүнүн забуру.
27 Жахаба — менин жарыгым+, куткаруучум+,Кимден коркмок элем?+Жахаба — өмүрүмдүн чеби+,Ким үрөйүмдү учурмак эле?+
2 Душмандарым+, мага кастык кылган кыянатчылдарЭтимди тытып жеш үчүн жакындап келишкенде+,Өзүлөрү мүдүрүлүп жыгылышты+.
3 Аскерлер мага каршы чатырын тиксе да+,Жүрөгүм солк этпейт+.Мага каршы согуш ачышса да+,Ага таянам+.
4 Жахабадан бир нерсени сурап келгем+,Ошону көксөйм+:Жахабанын сулуулугун көрүш үчүн+,Ибадатканасын суктана караш үчүн+Өмүр бою Жахабанын үйүндө болгум келет+.
5 Ал мени башыма мүшкүл түшкөн күнү турагына жашырып калат+,Чатырына жашырат+,Бийик зоого чыгарат+.
6 Ошондо башым тегерегимдеги душмандарыман жогору көтөрүлөт+.Мен Жахабанын чатырында шаңдуу үн менен курмандык чалам+,Аны даңктап ырдайм+.
7 Оо, Жахаба, сени чакырганымда, үнүмдү ук+,Ырайым кылып, жооп бер+.
8 Жүрөгүм: «Менин жүзүмдү издегиле»+,— деген буйругуңду кайталап келет.Оо, Жахаба, сенин жүзүңдү издейм+.
9 Менден жүзүңдү жашырба+,Каарың кайнап жатканда кызматчыңан баш тартпа+.Мага жардамчы бол+,Куткаруучу Кудайым, мени четке какпа, таштаба+.
10 Мени ата-энем таштап кетсе да+,Жахаба кабыл алат+.
11 Мени өз жолуңан чыкпоого үйрөт, оо, Жахаба+,Чынчылдык жолунда алып жүр, душмандарыман корго,
12 Алардын колуна салып бербе+.Анткени мага каршы жалган күбөлөр+,Мыкаачы көтөрүлдү+.
13 Тирүүлөрдүн арасынан Жахабанын жакшылыгын көрөрүмө ишенбесем, эмне болмокмун?+
14 Жахабага үмүт арт+, кайраттуу бол, жүрөгүң бекем болсун+.Ооба, Жахабага үмүт арт+.