Забур 143:1—12
Дөөтүнүн ыры.
143 Оо, Жахаба, тиленүүмдү ук+,Жалынуума кулак сал+.Мага ишенимдүүлүгүң, адилдигиң боюнча жооп бер+.
2 Кызматчың менен соттошпо+,Анткени сенин алдыңда эч ким адил боло албайт+.
3 Душман жанымды куугунтуктап+,Өмүрүмдү жер менен жексен кылды+,Эчак өлгөндөрдөй караңгы жайларда жашоого мажбур кылды+.
4 Ичимде рухум алсырады+,Жүрөгүм сенейип катып калды+.
5 Мен байыркы күндөрдү эстейм+,Сенин бардык иштериң жөнүндө ой жүгүртөм+,Колуңдун иштери тууралуу ынтызарлык менен ойлоном+.
6 Колумду сага сунам+,Какшыган жерге окшоп, жаным сени эңсейт+. (Села)
7 Оо, Жахаба, мага жооп берүүгө шашыл+.Рухум алсырап баратат+.Менден жүзүңдү жашырба+,Көргө түшкөндөргө окшоп калбайын+.
8 Эртең менен мээримдүүлүгүң тууралуу угуз+,Анткени мен сага таянам+.Жүрүшүм керек болгон жолду көрсөт+,Анткени жанымды сага сунам+.
9 Оо, Жахаба, мени душмандарыман куткар+.Мен сага корголойм+.
10 Мага эркиңди аткарууну үйрөт+,Анткени сен менин Кудайымсың+.Сенин рухуң жакшы+,Ал мени чынчылдык өкүм сүргөн жерде жетектеп жүрсүн+.
11 Оо, Жахаба, өз ысмың үчүн+ өмүрүмдү сакта+,Адилдигиң боюнча+ жанымды кыйынчылыктан чыгар+.
12 Мээримдүүлүгүңө ылайык, душмандарымды жок кыл+,Жаныма кастык кылгандардын баарын кырып сал+,Анткени мен сенин кызматчыңмын+.