Забур 123:1—4

Шаарга чыгуу ыры. 123  Оо, асманда жашагандын Өзү+,Көзүмдү сенден албайм+.  Мына, кулдар кожоюнунун колун+,Күң мырзайымынын колун карагандай+,Биз да Кудайыбыз Жахабаны карайбыз+,Анын ырайым кылышын күтөбүз+.  Бизге ырайым кыл, Жахаба, ырайым кыл+,Анткени жетишерлик эле жек көрүндү болдук+.  Бейкапар жашагандардын шылдыңы+,Текеберлердин жек көрүүсү жаныбызга батты+.

Шилтемелер