Забур 121:1—8
Шаарга чыгуу ыры.
121 Тоо тарапка көз чаптырам+.Мага жардам кайдан келет?+
2 Мага жардам Жахабадан+,Асман менен жерди жараткандын Өзүнөн келет+.
3 Ал бутуңдун чалынышына жол бербейт+.Сени коргоп жүргөндүн Өзү үргүлөбөйт+.
4 Мына, Ысрайылдын Коргоочусу+Үргүлөбөйт да, уктабайт+.
5 Жахаба сени коргоп жүрөт+,Жахаба — оң жагыңдагы+ көлөкөң+.
6 Күндүзү күндөн+,Түнкүсүн айдан зыян тартпайсың+.
7 Жахаба сени ар кандай жамандыктан сактайт+,Жаныңды коргойт+.
8 Жахаба сени баскан-турганыңда+Азыр да, түбөлүк да коргойт+.