Забур 109:1—31
Башчыга. Дөөтүнүн забуру. Ыр.
109 Оо, мен даңктаган Кудай+, унчукпай койбо+.
2 Анткени ыймансыз менен калпычынын оозу мага каршы ачылды+,Алар мен тууралуу калп айтып жатышат+.
3 Туш тараптан жек көрүү менен сүйлөп+,Мени менен жөн жерден салгылашып жатышат+.
4 Алар сүйүүмө каршылык менен жооп беришүүдө+,Мен болсо тиленип жатам+.
5 Кылган жакшылыгыма жамандык менен+,Сүйүүмө жек көрүү менен жооп берип жатышат+.
6 Анын үстүнөн ыймансызды кой,Оң тарабында душман турсун+.
7 Ал соттолгондо айыптуу деп табылсын,Тиленүүсү күнөө болуп эсептелсин+.
8 Өмүрү кыска болсун+,Көзөмөлчүлүк кызматы башкага берилсин+.
9 Балдары жетим+,Аялы жесир калсын+.
10 Балдары тентип+,Кайыр сурап калышсын,Урандылардын арасынан чыгып, тамак издеп жүрүшсүн+.
11 Карыз берген киши анын бүт мүлкүн куулук менен тартып алсын+,Тапкан-жыйганын бөтөн жерликтер+ талап кетсин+.
12 Ага эч ким мээримдүүлүк көрсөтпөсүн+,Жетимдерине эч ким ырайым кылбасын.
13 Тукуму кырылып калсын+,Кийинки муунда алардын аты өчсүн+.
14 Жахаба анын ата-бабаларынын кылмышын унутпасын+,Энесинин+ да күнөөсү өчүрүлбөсүн+.
15 Алардын айыбы дайыма Жахабанын көз алдында болсун+,Ал жер үстүнөн алардын атын өчүрсүн+.
16 Анткени ал мээримдүүлүк көрсөтүүнү эстеген эмес+,Бечараны, жакырды+,Көңүлү чөккөндү өлтүрүш үчүн куугунтуктаган+.
17 Каргышты жакшы көргөндүктөн+, ага каргыш тийди+,Батаны жаман көргөндүктөн+,Андан бата алыстады+.
18 Каргыш анын үстүнө кийимдей кийилди+,Ичине суудай кирди+,Сөөгүнө майдай сиңди.
19 Каргыш анын кийген кийиминдей+,Дайыма курчанган курундай болсун+.
20 Мага каршы чыккандардын+,Жанымды жамандагандардын Жахабадан алган жазасы — ушул+.
21 Жахаба, сен Эгедер Теңирсиң+.Мага өз ысмың үчүн ырайым кыл+,Мени куткар, анткени сенин мээримдүүлүгүң жакшы+.
22 Мен байкуш бечарамын+,Көкүрөгүмдө жүрөгүм жараланды+.
23 Мен күндүн батышы менен жок болгон көлөкөдөй жок болуп баратам+,Чегирткедей күбүлүп калдым.
24 Орозодон улам тизелерим титиреп+,Этим шылынды, денемде зайтун май калган жок+.
25 Шылдың болдум+,Мени көргөндөр баштарын чайкашат+.
26 Оо, Жахаба Кудайым, мага жардам бер+,Мени мээримдүүлүгүң менен сакта+.
27 Оо, Жахаба, муну колуң жасаганын+,Сенин жасаганыңды билишсин+.
28 Алар каргыш айта беришсин+,Сен болсо батаңды бер+.
Алар ордунан турду, бирок уятка калышсын+,Ал эми сенин кызматчың сүйүнсүн+.
29 Мага каршы чыккандар кемсинтилсин+,Маскаралыкты чапандай кийишсин+.
30 Мен Жахабаны кайра-кайра даңктайм+,Сансыз элдин арасында даңазалайм+.
31 Анткени ал жакырдын оң тарабында турат+,Аны жанын айыптагандардан сактайт.