Забур 1:1—6
1 Ыймансыздардын кеңеши боюнча жүрбөгөн+,Күнөөкөрлөрдүн жолуна түшпөгөн+,Шылдыңчылдар менен отурбаган+ киши бактылуу+.
2 Ал Жахабанын мыйзамынан ырахат алат+,Анын мыйзамын күнү-түнү ой жүгүртүп* окуйт+.
3 Ал суу агымдарынын жээгине отургузулуп+,Өз маалында жемиш берген+,Жалбырагы соолубаган дарактай болот+.Эмне иш кылбасын, ийгиликке жетет+.
4 Ыймансыздар болсо андай эмес.Алар шамал учуруп кете турган топондой+.
5 Ошондуктан сотто туруштук бере алышпайт+,Күнөөкөрлөр адил адамдардын жыйынында болбойт+.
6 Анткени Жахаба адил адамдардын жолун билет+,Ал эми ыймансыздардын жолу ойрон болот+.
Шилтемелер
^ Же: «бир аз үн чыгарып».