Башталыш 44:1—34

44  Бир аздан кийин Жусуп үйүнө көзөмөл кылган кишиге+: «Булардын каптарына алып кете алышынча эгин салып бер да, ар биринин акчасын өзүнүн кабына салып кой+.  Ал эми кичүүсүнүн кабына эгинге төлөгөн акчасы менен бирге менин күмүш чөйчөгүмдү да салып кой»,— деди. Ал Жусуп айткандай кылды+.  Эртең менен жарык киргенде, аларды эшектери менен кошо узатып коюшту+.  Алар шаардан узай электе, Жусуп үйүнө көзөмөл кылган кишиге: «Бар, тигилерди кууп жетип: „Эмнеге жакшылыкка жамандык менен жооп бердиңер?+  Эмне үчүн мырзам ичкен чөйчөктү уурдап кеттиңер? Ал аны менен төлгө аччу+. Силер жаман иш кылдыңар“,— деп айт»,— деди.  Ал тигилерди кууп жетип, ушуларды айтты.  Ошондо алар: «Эмнеге мырзам минтип айтып жатат? Кантип эле кулдарыңыз ушундай ишке барсын?  Өткөндө каптарыбыздан табылган акчаны сизге Канаан жеринен бери кайра алып келбедикпи+. Анан кантип мырзаңыздын үйүнөн күмүш же алтын уурдамак элек?+  Эгер чөйчөк кулдарыңыздын кимдир бирөөсүнөн табылса, ал өлүм жазасына тартылсын, калгандарыбыз мырзабызга кул бололу»+,— дешти. 10  Ал: «Айтканыңардай болсун+. Кимден табылса, ал мага кул болот+, калгандарыңар айыптуу болбойсуңар»,— деди. 11  Алар шашылыш түрдө каптарын жерге түшүрүп, ар бири өз кабынын оозун ачты. 12  Тиги киши улуусунан баштап кичүүсүнө чейин ар биринин кабын кылдаттык менен карап чыкты. Чөйчөк Бенжеминдин кабынан табылды+. 13  Ошондо алар кийимдерин айрып+, жүктөрүн кайра эшектерине артып, шаарга кайтып келишти. 14  Жүйүт+ менен бир туугандары Жусуптун үйүнө киришсе, ал кете элек экен. Алар анын алдына келип, жүзтөмөндөп жыгылышты+. 15  Жусуп: «Бул эмне кылганыңар? Мендей адамдын белгилерди карап эле билип коёрун билген жок белеңер?» — деди+. 16  Жүйүт: «Мырзабызга эми эмне дей алабыз? Эмне дейбиз? Эмне деп актанабыз?+ Чыныгы Кудай кулдарыңыздын айыбын ачты+. Эми биз мырзабызга кул болобуз. Чөйчөк кимден табылган болсо, ошол да кул болот»,— деди+. 17  Бирок Жусуп: «Жок, мен андай кылбайм!+ Чөйчөк кимден табылса, ошол гана мага кул болот+. Калганыңар атаңарга тынчтык менен бара бергиле»,— деди+. 18  Ошондо Жүйүт жанына келип, мындай деди: «Мырзам, кулуңузга бир ооз сөз айтканга уруксат этиңиз+, кулуңузга каардана көрбөңүз+, сиз фараонго тең адамсыз+. 19  Мырзабыз кулдарынан: „Атаңар же дагы башка бир тууганыңар барбы?“ — деп сураганда, 20  биз мырзабызга: „Карып калган атабыз жана анын карыганда көргөн баласы, кенже уулу, бар+. Бир энеден экөө төрөлгөн эле, бирок агасы өлүп, ал жалгыз калган+. Атасы аны аябай жакшы көрөт“,— дегенбиз. 21  Ошондо сиз кулдарыңызга: „Аны мага алып келгиле, аны өз көзүм менен көрөйүн“,— дегенсиз+. 22  Бирок биз мырзабызга: „Бала атасын калтырып кете албайт. Эгер калтырып кетсе, атасы өлүп калат“,— дегенбиз+. 23  Сиз болсо кулдарыңызга: „Кенже иниңер силер менен келбесе, жүзүмдү көрбөйсүңөр“,— дегенсиз+. 24  Анан биз кулуңузга, атабызга, барып, мырзабыздын эмне дегенин айтып бергенбиз. 25  Кийин атабыз: „Дагы барып, бир аз тамак-аш сатып келгиле“,— деди+. 26  Бирок биз: „Ал жакка бара албайбыз. Кенже инибиз биз менен барса, барабыз, анткени ал барбаса, тиги кишинин жүзүн көрө албайбыз“,— дедик+. 27  Ошондо сиздин кулуңуз, атабыз, бизге: „Силер аялымдын мага эки уул төрөп бергенин билесиңер+. 28  Бирөөнөн айрылганымда: “Ал жырткычка жем болсо керек”,— деген элем+. Ошондон бери аны көрө элекмин. 29  Эгер муну да алып кетсеңер, анан бул да кырсыкка кабылып, өлүп калса, ак баскан башыма кайгы кошуп, мени көргө* жибересиңер“,— деди+. 30  Эгер кулуңузга, атама, жанындай жакшы көргөн бул баласын алып барбасам+, 31  баласынын жок экенин көрүп ал өлүп калат. Ошондо кулдарыңыз аны, ак баскан башына кайгы кошуп, көргө жиберген болушат. 32  Баланы алып кетип баратып кулуңуз атасына: „Эгерде аны сизге кайра алып келип бербесем, өмүр бою сиздин алдыңызда айыптуу болоюн“+ — деп, жоопкерчиликти мойнуна алган эле+. 33  Ошондуктан баланын ордуна мырзама мен кул болоюн, бала болсо бир туугандары менен кете берсинчи+. 34  Бул баласыз атама кантип барам? Башына кайгы түшкөн атамды кантип карап турам?»+

Шилтемелер

Евр. шеол. Кара: 8-тирк.