Башталыш 19:1—38

19  Кеч киргенде, эки периште Содомго келди. Содомдун дарбазасынын жанында отурган+ Лот аларды көрүп, алдынан тосуп чыкты да, жерге чейин ийилип таазим кылды+.  Анан: «Мырзаларым, кулуңардын үйүнө кирип, конуп кеткиле, бутуңарды жууп алгыла+. Анан эртең менен эрте туруп, жолуңарды улантасыңар»+,— деди. Тигилер болсо: «Жок, биз көчөгө түнөйбүз»+,— дешти.  Бирок Лот аябай өтүнгөндүктөн+, алар аны менен үйүнө барышты. Лот тамак-аш даярдап+, калама жасады+. Алар тамактанышты.  Анан алар жата электе, Содом шаарынын эркектери жаш-карысы дебей чогулуп, баары+ үйдү тегеректеп алышты+.  Алар Лотко: «Кечинде сеникине келген кишилер кайда? Аларды чыгарып бер, биз аларга жакындайбыз»+,— деп кыйкыра башташты.  Ошондо Лот сыртка чыгып, эшикти жапты да:  «Агайын-туугандар, жамандык кыла көрбөгүлө+.  Менин эркек көрө элек эки кызым бар+, ошолорду чыгарып берейин, аларга каалаганыңарды кылгыла+. Бирок бул кишилерге тийбегиле+, анткени булар — менин үйүмө баш калкалап келген коноктор»+,— деди.  Бирок алар: «Тур ары! — дешти да,— Келгин+ болуп алып бизди соттогусу бар+. Азыр сени тигилерден да жаман кылабыз!» — деп, Лотту жөөлөп+, эшикти сындырмакчы болушту+. 10  Ошондо тиги кишилер колун сунуп, Лотту үйгө тартып киргизишти да, эшикти бекитип алышты. 11  Эшиктин алдындагы кишилерди болсо кичинесинен чоңуна чейин+ сокур кылып коюшту+. Алар эшикти таба албай кыйналышты+. 12  Анан тиги кишилер Лотко: «Бул жерде дагы кимиң бар? Күйөө балаң болобу, уулдарың болобу, кыздарың болобу, шаарда кимиң бар болсо, бардыгын бул жерден алып чыгып кет!+ 13  Биз бул жерди талкалайбыз, анткени бул жердин тургундарынын айынан зарлагандардын үнү Жахабага жетти+. Ошондуктан Жахаба бизди бул шаарды кыйратканы жиберди»+,— дешти. 14  Лот болочок күйөө балдарына барып: «Бул жерден чыгып кеткиле, анткени Жахаба бул шаарды талкалаганы жатат!»+ — деди. Бирок күйөө балдарына ал тамашалап жаткандай көрүндү+. 15  Таң атканда, периштелер Лотту: «Бол тезирээк, бул шаардын күнөөсү үчүн өлүп калбашың үчүн+ аялыңды, кыздарыңды алып чыгып кет!»+ — деп шаштыра башташты. 16  Бирок Лот шашпагандыктан+, алар аны, аялын, эки кызын колдорунан алып, шаардын сыртына алып чыгышты+, себеби Жахаба аны аяды+. 17  Шаардын сыртына алып чыгышкандан кийин алардын бири: «Өз жаныңды сакта!+ Артыңа кылчайып караба+, бул тегеректин* эч жерине токтобо!+ Өлүп калбашың үчүн тоого кач!»+ — деди. 18  Бирок Лот аларга: «Жок, Жахаба, суранам, ал жакка жибербечи! 19  Кулуң сенин көз алдыңда ырайым тапты+. Жанымды сактап калып+, сен мага улуу мээримдүүлүгүңдү* көрсөттүң+. Бирок мен тоого кача албайм, анткени кырсыкка кабылып, өлүп калам деп корком+. 20  Жакын жерде шаар бар эмеспи, ошол жакка барайын, ал кичинекей эле жер эмеспи. Ошол жакка качканга уруксат этчи, ал кичинекей эле жер эмеспи+. Ошондо жаным аман калат+»,— деди. 21  Ал: «Макул, сенин өтүнүчүңдү орундатайын+: сен айткан шаарды талкалабайм+. 22  Бол, тезирээк ошол жакка кач, анткени сен ал жакка жетмейинче, мен эч нерсе кыла албайм»+,— деди. Ушундан улам ал ошол шаарды Соар*+ деп атады. 23  Лот Соарга жеткенде, күн чыгып калган эле+. 24  Ошондо Жахаба Содом менен Аморго күкүрт менен от жаадырды+; ал Жахабадан, асмандан жаады. 25  Ошентип, Кудай ал шаарлар менен ошол тегеректин баарын, ал шаарлардын бардык тургундарын, өсүмдүктөрдү жок кылды+. 26  Лоттун аркасында келаткан аялы артын карады эле, туз мамыга айланып калды+. 27  Таң атканда, Ыбрайым мурун Жахаба менен сүйлөшкөн жерге барды+. 28  Ал Содом менен Аморго, ошол тегеректин баарына көз чаптырып, жерден мештин түтүнүндөй болгон коюу түтүн көтөрүлүп жатканын көрдү+. 29  Ошол тегеректеги шаарларды кыйратып жатканда Кудай Ыбрайымды унуткан жок. Ошондуктан Лот жашаган аймактагы шаарларды кыйратып жатканда Лотту ал жактан алып чыгып кетти+. 30  Кийинчерээк Лот Соардан чыгып, эки кызы менен тоодо жашап калды+, анткени Соарда+ жашагандан коркту. Ошентип, ал эки кызы менен үңкүрдө жашап жүрдү. 31  Улуу кызы кичүүсүнө: «Атабыз карып калды. Башкаларга окшоп, турмушка чыгалы десек, бул жерде эркектер жок+. 32  Ошондуктан, кел, атабызды шарапка тойгузалы+ да, аны менен жатып, тукумун улайлы»+,— деди. 33  Ошол түнү алар атасын шарапка тойгузушту+. Анан улуусу кирип, атасы менен жатты. Бирок атасы анын качан жатып, качан турганын билген жок. 34  Кийинки күнү эжеси сиңдисине: «Мен түндө атам менен жаттым. Кел, бүгүн да кечинде аны шарапка тойгузалы. Анан сен кирип, аны менен жат, ошентип атабыздын тукумун улайлы»,— деди. 35  Алар ошол түнү да атасын шарапка тойгузушту. Анан кичүүсү кирип, атасы менен жатты. Бирок атасы анын качан жатып, качан турганын билген жок. 36  Ошентип, Лоттун эки кызы тең өз атасынан кош бойлуу болуп калды+. 37  Арадан убакыт өтүп, улуу кызы уул төрөп, атын Маап+ койду. Ал — азыр Мааптын тукумдары+ катары белгилүү болгондордун атасы. 38  Кичүүсү да уул төрөп, атын Бенами койду. Ал — азыр Амондун тукумдары+ катары белгилүү болгондордун атасы.

Шилтемелер

Бш 13:10дун шилт-н кара.
1 896-беттеги «Сөздүктү» кара.
Мааниси: «кичинекей нерсе».