Аян 22:1—21
22 Анан периште мага хрусталдай таза, өмүр суусу+ аккан дарыяны көрсөттү. Ал Кудай менен Козунун+ тактысынан агып чыгып,
2 шаардын чоң көчөсүнүн ортосунда агып жатыптыр. Дарыянын эки тарабында тең жылына он эки жолу, ай сайын мөмө берген+ өмүр дарактары бар экен+. Алардын жалбырактары элдерди айыктырганга колдонулуп жатты+.
3 Мындан ары бул шаарда эч кандай каргыш болбойт+. Бул шаарда Кудайдын+ жана Козунун тактысы болот+, Кудайдын кулдары ага ыйык кызмат кылышат+.
4 Алар анын жүзүн көрүшөт+, чекелеринде анын ысмы жазылуу болот+.
5 Мындан ары түн болбойт+. Аларга шам чырактын да, күндүн жарыгынын да кереги жок болот, анткени Жахаба Кудай аларга жарык чачып турат+. Алар түбөлүктөн түбөлүккө падышалык кылышат+.
6 Периште мага: «Бул сөздөр ишенүүгө татыктуу, бул сөздөр чын+. Пайгамбарлар аркылуу+ сүйлөгөн+ Жахаба Кудай жакында боло тургандарды кулдарына көрсөтүш үчүн+ периштесин жиберди.
7 Мына, мен жакын арада келем+. Ушул түрмөктөгү пайгамбарлык сөздөрдү аткаргандар бактылуу»,— деди+.
8 Мен, Жакан, ушуларды угуп, ушуларды көрдүм. Ушуларды укканымда жана көргөнүмдө, мага ушунун баарын көрсөткөн периштеге таазим кылыш үчүн анын бут алдына жүзтөмөндөп жыгылдым+.
9 Бирок ал мага: «Мындай кылба! Мен сага, пайгамбар бир туугандарыңа+ жана ушул түрмөктөгү сөздөрдү аткаргандарга окшогон эле кулмун. Кудайга таазим кыл»,— деди+.
10 Ал мага дагы мындай деди: «Бул түрмөктөгү пайгамбарлык сөздөргө мөөр басып бекитпе, анткени белгиленген убакыт жакындап калды+.
11 Ким адил эмес иштерди кылып жүрсө, адил эмес иштерин кыла берсин+. Ким ыпылас иштерди кылып жүрсө, ыпылас иштерин кыла берсин+. Ал эми ким адил болсо+, адил иштерин кыла берсин. Ким ыйык болсо, мындан ары да ыйык болсун+.
12 „Мына, мен жакын арада келем+. Ар бир адамга иштерине жараша тиешесин бериш үчүн+ сыйлыгым даяр+.
13 Мен Альфамын жана Омегамын+, биринчимин жана акыркымын+, башымын жана аягымын.
14 Өмүр дарактарынын жемишинен жегенге+ жана шаарга дарбазалары+ аркылуу киргенге укук алыш үчүн кийимдерин жуугандар+ бактылуу.
15 Ал эми иттер*+, жиндер менен байланышкандар*+, бузуктук кылгандар+, киши өлтүргүчтөр, бурканга табынгандар жана сөзү менен да, иши менен да жалгандыкты жакшы көргөндөрдүн баары+ шаардын сыртында болот“.
16 „Мен, Иса, жыйналыштардын пайдасы үчүн силерге ушулар тууралуу күбөлөндүрүш үчүн периштемди жибердим. Мен Дөөтүнүн тамырымын+ жана тукумумун+, жаркыраган таңкы жылдызмын“»+.
17 Рух+ менен колукту+: «Кел!» — деп жатышат. Муну уккандардын баары: «Кел!»+ — десин. Ким суусаса, келсин+. Ким кааласа, өмүр суусунан бекер алсын+.
18 «Ушул түрмөктөгү пайгамбарлык сөздөрдү уккандардын ар бирине күбөлөндүрөм: ким бул сөздөргө бир нерсе кошсо+, Кудай ага ушул түрмөктө жазылган балээлерди кошуп берет+.
19 Ким ушул пайгамбарлык жазылган түрмөктөгү сөздөрдөн бир нерсе алып салса, Кудай ушул түрмөктө жазылгандардан анын үлүшүн алып коёт: ага өмүр дарактарынын жемишинен жегенге+, ыйык шаарга+ киргенге жол бербейт.
20 Ушулар тууралуу күбөлөндүрүп жаткан: „Ооба, жакын арада келем“,— дейт»+.
«Оомийн! Кел, Мырзам Иса».
21 Мырзабыз Иса Машаяктын ырайымы ыйыктар менен болсун+.
Шилтемелер
^ Кудайдын көз алдында жийиркеничтүү иштерди кылгандар.
^ Же: «спиритизмге аралашкандар».