Аюп 3:1—26
3 Ошондон кийин Аюп сөз баштап, төрөлгөн күнүн каргай баштады+.
2 Ал мындай деди:
3 «Мен төрөлгөн күн да,
„Бала бойго бүттү!“ деген түн да курусун+.
4 Ошол күндү караңгылык каптасын,
Кудай аны жогорудан эстебесин,
Ага күндүн нуру тийбесин.
5 Ал күн караңгылык менен коюу түнгө айлансын,
Аны кара булут каптасын,
Күндү караңгылаткан кубулуштар үрөйүн учурсун+.
6 Ал түндү караңгылык бассын+,
Жыл ичиндеги күндөрдүн арасында ал кубанбасын,
Айлардын санына кирбесин.
7 Ал түн тукумсуз калсын,
Күлкүнүн үнүн укпасын+.
8 Күндү каргагандар,
Крокодилди*+ ойготууга даяр тургандар ал түндү каргасын.
9 Анын таңкы жылдыздары өчсүн,
Ал жарыкты күтсүн, бирок жарык тийбесин,
Таңдын нурун көрбөсүн.
10 Анткени ал энемдин курсагынын эшигин жапкан эмес+,
Кайгыны көзүмдөн жашырган эмес.
11 Эмне үчүн мен жатында жатканда эле өлүп калбадым экен?+
Эмне үчүн энемдин курсагынан чыкканда эле чарчап калбадым экен?
12 Эмнеге мени тизелер,
Эмсин деп эмчектер+ күттү экен?
13 Азыр тынч жатмакмын+,
Уктап, эс алмакмын+.
14 Жер жүзүнүн падышалары жана кеңешчилери менен+,
Өздөрүнө азыр урап жаткан жайларды кургандар менен+,
15 Же алтыны көп төрөлөр менен,
Үйлөрүн күмүшкө толтургандар менен жатмакмын.
16 Же билинбей бойдон түшүп калган түйүлдүктөй+,
Жарык дүйнөнү көрбөй калган баладай болмокмун+.
17 Ал жакта ыймансыздардын дүрбөлөңү басылат+,
Күчтөн тайгандар эс алышат+.
18 Ал жакта түрмөдөгүлөрдүн баары тынчтыкка бөлөнөт,
Алар өздөрүн жумушка салгандын+ үнүн угушпайт.
19 Кичинелер менен улуулар ал жакта бирдей болушат+,
Кул кожоюнунан бошонот.
20 Эмне үчүн Кудай кыйналганга жарык,
Жаны кейигенге өмүр берет?+
21 Эмне үчүн өлүмдү күткөндөргө өлүм келбейт?+
Алар өлүмдү катылган кенчке караганда көбүрөөк издешсе да, таппай келишет.
22 Коюларга жай тапканына сүйүнүп,
Маңдайы жарыла кубанышат.
23 Эмне үчүн Кудай жолун таба албаган кишиге+,
Бардык жагынан жолу тосулган кишиге жарык берет?+
24 Себеби нанымды үшкүрүк менен жейм+,
Кыйкырыгым суудай агат+.
25 Эмнеден үрөйүм учса, башыма ошол түштү,
Эмнеден корксом, ошого кабылдым+.
26 Бейпил, тынч өмүр сүргөн эмесмин,
Жыргаган да эмесмин, эми минтип башыма мүшкүл түшүп отурат».
Шилтемелер
^ Евр. лебиатан.