Аюп 29:1—25
29 Анан Аюп кайрадан ылакап менен сүйлөп, мындай деди:
2 «Оо, эбак өткөн айлардагыдай+,
Кудай мени коргогон күндөрдөгүдөй болсом кана+.
3 Ошондо анын чырагы башыма жарык берип турчу,
Караңгыда анын жарыгы менен жүрчүмүн+.
4 Күлгүн курагымдагыдай болсом кана+,
Ал кезде чатырымда Кудай менен ынак мамиледе болчумун+.
5 Ошондо Кудурети Күчтүү мени менен болчу,
Кызматчыларым мени тегеректеп турчу.
6 Жолдорумду каймак менен жуучумун,
Мага аскадан май агып турчу+.
7 Шаар дарбазасынын алдына чыкканымда+,
Аянттан орун алчумун+.
8 Мени көргөндө балдар жашына калышчу,
Карылар ордунан турушчу+.
9 Төрөлөр алаканы менен оозун жаап+,
Сөзүн токтотушчу.
10 Жол башчылардын үнү басылып,
Тилдери таңдайына жабышып калчу+.
11 Уккан кулак мени бактылуу дечү,
Көргөн көз мен жөнүндө күбөлөндүрчү.
12 Анткени мен жардамга чакырган байкушту+,
Жетим менен таянары жоктордун баарын куткарчумун+.
13 Мага өлүм алдында тургандын батасы тийчү+,
Жесирдин жүрөгүн кубантчумун+.
14 Адилдикти кийим кылып кийчүмүн+,
Адилеттүүлүгүм чапан менен чалмадай болчу.
15 Сокурга көз+,
Аксакка бут болчумун.
16 Жакырларга ата болчумун+,
Бейтааныштын сот ишин териштирчүмүн+.
17 Мыйзамсыздын жаагын сындырчумун+,
Олжосун тишинен жулуп алчумун.
18 Мен мындай дечүмүн: „Уямда өлөм+,
Күндөрүмдү кумдай көбөйтөм+.
19 Тамырым сууга жетет+,
Шагымда шүүдүрүм түнөйт.
20 Даңкым соолубайт,
Колумдагы жаамды дагы көп жолу атам“.
21 Баары мага кулак салчу, мени күтчү,
Кеңешимди үн дебей угушчу+.
22 Мен сүйлөгөндөн кийин, алар сүйлөчү эмес,
Аларды сөзүм менен сугарчумун+.
23 Мени жамгырды күткөндөй күтүшчү+,
Ооздорун жазгы жамгырга тоскондой ачышчу+.
24 Аларга жылмайсам, ишенишчү эмес,
Жүзүмдүн жарыгын өчүрүшчү эмес+.
25 Мен аларга жол тандачумун, башчысы болуп отурчумун,
Жоокерлердин арасындагы падышадай жашачумун+,
Күйүт тарткандардын сооротуучусундай болчумун+.