106-ЫР
Сүйүү өрчүтөлү
-
1. Жардамы менен Жахабанын
Чагылдырабыз сапаттарын.
Сапаттардын эң маанилүүсү —
Рухтун жемиши болгон сүйүү.
Бизде сүйүү болбосо эгер,
Кылганыбыздын баары бекер.
Чыныгы сүйүү өрчүтөлү.
Иш жүзүндө биз көрсөтөлү.
-
2. Сүйүү берешендикке үндөйт,
Өз кызыкчылыгын көздөбөйт.
Эч качан кек сактабайт сүйүү,
Болууга үндөйт кечиримдүү.
Эгерде сүйүү болсо бизде,
Чыдайбыз адилетсиздикке.
Сүйүү жок болбойт эч убакта,
Ал баарын көтөрөт, унутпа.
(Кара: Жкн. 21:17; 1 Кор. 13:13; Гал. 6:2.)