146-ыр
Мен үчүн кылдыңар
Жүктөп алыңыз
-
Башка койлор жардам берет колуктуга,
Чын жүрөктөн кызмат кылып аларга.
Машаяк аларды
сыйлыксыз калтырбайт,
Жылуу сөзүн, эмгегин эч унутпайт.
КАЙЫРМА
«Бир туугандарымды жубатканыңар,
Бул мени жубатып, сооротконуңар.
Алар үчүн кылган жакшылыгыңар,
Мен үчүн жакшы иш кылганыңар,
Баары мага кылган жакшылыгыңар».
-
«Азыктандырдыңар ачка болгонумда,
Жардамга келдиңер зар болгонумда».
«Муну качан кылдык?» —
деп алар таң калат.
Падышабыз мындай деп жооп кайтарат:
КАЙЫРМА
«Бир туугандарымды жубатканыңар,
Бул мени жубатып, сооротконуңар.
Алар үчүн кылган жакшылыгыңар,
Мен үчүн жакшы иш кылганыңар,
Баары мага кылган жакшылыгыңар».
-
«Берилгендик сактап келесиңер мага,
Колуктуга көмөк кылып кабарда».
Падышабыз айтат
кой мүнөздүүлөргө:
«Жер бетинде чексиз өмүр сүргүлө».
КАЙЫРМА
«Бир туугандарымды жубатканыңар,
Бул мени жубатып, сооротконуңар.
Алар үчүн кылган жакшылыгыңар,
Мен үчүн жакшы иш кылганыңар,
Баары мага кылган жакшылыгыңар».
(Кара: Накыл 19:17; Мт. 10:40—42; 2 Тим. 1:16, 17)