145-ыр
Кызматка даярдануу
Жүктөп алыңыз
-
Таң атып,
күн башталат,
Жөнөш керек кызматка.
Асман түнөрүп,
жаан жааганы турат.
Жылуу төшөктө жаткың келет
мемиреп.
КАЙЫРМА
Оң маанай сактап, даярдансак,
Күч сурап тиленсек,
Бул баарыбызды шыктандырат,
Дем-күч берет.
Периштелер бар биз тарапта,
Машаяк буйруган.
Досторубуз да жаныбызда,
Колдоп турган.
-
Кубаныч
коштойт бизди,
Буларды эстеп жүрсөк.
Жахаба байкайт
аракетибизди.
Сүйүүбүздү такыр унутпайт,
ал баалайт.
КАЙЫРМА
Оң маанай сактап, даярдансак,
Күч сурап тиленсек,
Бул баарыбызды шыктандырат,
Дем-күч берет.
Периштелер бар биз тарапта,
Машаяк буйруган.
Досторубуз да жаныбызда,
Колдоп турган.
(Кара: Нас. 11:4; Мт. 10:5, 7; Лк. 10:1; Тит 2:14)