Санаанын сазына батпаш үчүн эмне кылса болот?
Ашыкча тынчсыздануу ден соолугубузга жана эмоциялык саламаттыгыбызга терс таасир этет. Атүгүл ал башында сарсанаа болуп жаткан нерселерден да көбүрөөк көйгөйлөрдү жаратышы мүмкүн.
Ашыкча тынчсызданбаш үчүн...
Жаман жаңылыктарды көп көрбөгүлө. Кандайдыр бир жаман окуя болгондо аларды ийне-жибине чейин изилдеп чыгуунун зарылдыгы жок. Эгер кечке эле жаман жаңылыктарды көрүп-уга берсеңер, мурункудан да көбүрөөк коркунуч басып, көңүлүңөр чөгүшү мүмкүн.
Ыйык Китептеги принцип: «Жараланган рух сөөктү кургатат» (Накыл сөздөр 17:22).
«„Дүйнөдө эмне болуп жатыптыр?“ — деп жаңылыктарды көрө берсең, бул бат эле адатка айланып калышы мүмкүн. Бирок муну жакшы адат деп айтканга болбойт. Жаңылыктарды көп көрбөй калгандан тартып көп тынчсызданбай калдым» (Жон).
Ойлонуп көргүлө: Акыркы жаңылыктардан бат-баттан кабардар болуп турганыңар чынында эле зарылбы?
Жакшы күн тартипке кармангыла. Күн сайын өз убагында туруп, тамактанып, иштериңерди бүтүрүп, анан өз убагында жатканга аракет кылгыла. Мунун аркасында жашооңор өз нугу менен кетип жатканын сезип, ашыкча тынчсызданбай каласыңар.
Ыйык Китептеги принцип: «Аракетчилдин ой-максаттары ийгиликке жеткирет» (Накыл сөздөр 21:5).
«COVID-19 пандемиясы башталганда мурунку күн тартибимди унутуп, убактымдын көбүн көңүл ачуу менен эле өткөрүп калгам. Бирок убактымды туура колдонгум келди. Ошон үчүн күн сайын кыла турган иштеримди аныктап, жакшы күн тартип түзүп алдым» (Жозеф).
Ойлонуп көргүлө: Силер бүгүн көп иш бүтүрдүм деп айта алгыдай жакшы күн тартипке карманасыңарбы?
Жакшы нерселерге көңүл топтогула. Мурунку иштериңерди ойлоп, «мындай кылсам болмок экен» же «тигиндей кылсам болмок экен» дей берсеңер, же болбосо «мындай болуп калсачы» же «тигиндей болуп калсачы» деп тынчсыздана берсеңер, санаанын сазына бата бересиңер. Анын ордуна ыраазы болгонго эки-үч себеп таап, ошол жөнүндө ойлонгула.
Ыйык Китептеги принцип: «Дайыма ыраазы болгула» (Колосалыктар 3:15).
«Ыйык Китепти окуу мага терс маалыматка эмес, жакшы нерселерге көңүл топтогонго жардам берет. Мындай сөздөрдү көп эле угуп келатабыз. Колдонуп көрсөң, чын эле жардам берет экен» (Лиса).
Ойлонуп көргүлө: Кечке эле жаман нерселерге көңүл топтоп жатып жашооңордогу жакшылыктар көмүскөдө калып жаткан жокпу?
Башкаларды да ойлогула. Кандайдыр бир кыйынчылыктар жүрөгүңөрдү өйүп жатканда, жалгыз болгуңар келиши мүмкүн. Бирок анын ордуна: «Башкаларга кантип жардам берсем болот?» — деп ойлонгула.
Ыйык Китептеги принцип: «Өзүңөрдүн эле эмес, башкалардын да кызыкчылыктарын ойлогула» (Филипиликтер 2:4).
«Башкаларга жакшылык кылганда кудуңдап сүйүнүп калам. Алар да сүйүнүп калышат. Ошондо сарсанаа кылган ойлордон алаксып, бир аз жеңилдей түшөм. Ошенткенде тынчсызданганга убактым да калбай калат» (Мария).
Ойлонуп көргүлө: Тааныштарыңардын арасынан өзгөчө кимиси жардамга муктаж болуп жатат? Ага кантип жардам бере аласыңар?
Ден соолугуңарга кам көргүлө. Көнүгүүлөрдү жасагыла жана жетиштүү эс алгыла. Туура тамактангыла. Ден соолугуңарга кам көргөнүңөр маанайыңарга да жакшы таасир этет жана ашыкча тынчсызданбаганга жардам берет.
Ыйык Китептеги принцип: «Денени машыктыруунун пайдасы» бар (1 Тиметей 4:8).
«Уулум экөөбүз мурункудай болуп эшикке чыгып көп машыга албай калдык. Ошентсе да үйдөн көнүгүү жасап турабыз. Мунун аркасында көңүлүбүз көтөрүлүп, бири-бирибизге көтөрүмдүү болуп калдык» (Катерина).
Ойлонуп көргүлө: Ден соолугуңар жакшы болуш үчүн туура тамактанып жана көбүрөөк көнүгүүлөрдү жасап турушуңар керек эмеспи?
Көптөргө ушул кеңештерди колдонгондон сырткары, Кудайдын жаркын келечек жөнүндөгү убадалары тууралуу ой жүгүртүү да жардам берет. Мисалы, «Кудайдын Падышалыгы эмнелерди ишке ашырат?» деген макаланы окуп көргүлө.