Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Halfpoint Images/Moment via Getty Images

СЕРГЕК ТУРГУЛА!

Соцтармактар өспүрүмдөргө терс таасир этүүдө. Ыйык Китепте эмне делет?

Соцтармактар өспүрүмдөргө терс таасир этүүдө. Ыйык Китепте эмне делет?

 2023-жылы 23-майда Кошмо Штаттардын саламаттыкты сактоо жаатындагы кызматкерлери соцтармактардын көптөгөн жеткинчектерге терс таасир этип жатканына тынчсызданып жатышканын билдиришти.

  •   «Соцтармактардын балдарга жана өспүрүмдөргө пайдалуу жактары болушу мүмкүн. Бирок алардын балдар менен өспүрүмдөрдүн акыл-эс саламаттыгына жана ден соолугуна залакасын тийгизип жатканына далилдер арбын» («Social Media and Youth Mental Health: The U.S. Surgeon General’s Advisory, 2023»).

 Бул маселеге эмне үчүн көз жумбашыбыз керек? Төмөндө адистердин айткандары келтирилди. Алардын сөздөрү илимий изилдөөлөргө негизделген.

  •   «Соцтармактарды күнүнө 3 сааттан ашык убакыт колдонгон» 12 жаштан 15 жашка чейинки тестиерлер «акыл-эс саламаттыгынын жабыркашына эки эсе көп дуушар болушат. Бул өз ичине коркунуч басуу илдети менен депрессиянын белгилерин камтыйт».

  •   Соцтармактарды көбүрөөк колдонгон 14 жаштагы өспүрүмдөр начар укташат, келбетин ойлоп жаман болушат, өздөрүн эчтекеге жарабагандай сезишет, депрессия болушат. Ошондой эле алар онлайн кордукка кабылышат. Буга эркек балдарга караганда, кыздар көбүрөөк туш болот.

 Ата-энелер балдарын ушундай кооптуу нерселерден кантип коргой алышат? Ыйык Китепте эң сонун кеңештер бар.

Ата-энелер эмне кылса болот?

 Кайдыгер карабагыла. Зыяндуу жактарын таразалап көрүп, балаңар соцтармактарды колдонушу керекпи, жокпу, чечип алгыла.

 Эгер балаңарга соцтармактарды колдонгонго уруксат берсеңер, анын кооптуу жактарын эске алгыла. Ошондой эле балаңардын Интернетти кантип колдонуп жатканына кызыкдар болуп тургула. Кантип?

 Залакалуу маалыматтан коргогула. Балаңарга терс таасир эте турган маалыматты аныктай билгенди жана андан оолак болгонду үйрөткүлө.

  •   Ыйык Китептеги принцип: «Араңарда бузуктук, ар кандай ыпыластык же ач көздүк жөнүндө сөз да болбосун,.. уятсыз жүрүм-турум, маңызсыз сөздөр, адепсиз тамашалар сыяктуу орунсуз нерселерге да жол берилбесин» (Эфестиктер 5:3, 4).

  •   Жакшы кеңештерди «Балаңарга соцтармактарды туура колдонгонду үйрөткүлө» деген макаладан таба аласыңар.

 Чек койгула. Мисалы, соцтармактарды качан жана канча убакыт колдонорун чектеп, эреже бекиткиле.

  •   Ыйык Китептеги принцип: «Кандай жашап жатканыңарга жакшылап көңүл буруп,.. акылдуулардай жашагыла. Убакытты пайдалана билгиле» (Эфестиктер 5:15, 16).

  •   Чек койгонуңар эмне үчүн зарыл экенин балаңарга түшүндүрүш үчүн «Социалдык тармактарды колдонууда акыл-эстүү бол» деген видеону колдонгула.