СЕРГЕК ТУРГУЛА!
Жер планетасынын келечеги коркунучта. Ыйык Китепте эмне делет?
«Адамзат климаттын айынан жакында чоң кырсыкка учураганы турат. Ири шаарлар суу астында калат. Күн барган сайын куйкалай берет. Каргашалуу куюндар дагы да көбөйөт. Суунун жетишсиздиги курч маселеге айланат. Өсүмдүктөрдүн, жаныбарлардын миллиондогон түрлөрү жок болуп кетет. Мунун баары куру кеп эмес же көбүртүп-жабыртылып айтылган сөздөр эмес. Өкмөттөр энергияны туура пайдаланыш үчүн эч кандай иш-аракет кылбаса, бул каргашалардан кача албайбыз» (БУУнун башкы катчысы Антониу Гутерриштин Климаттын өзгөрүүсү боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын 2022-жылдын 4-апрелинде берген отчёту боюнча айткан сөзү).
«Окумуштуулар келерки жылдарда климаттын кескин өзгөрүшүнүн айынан Кошмо Штаттардагы 423кө жакын улуттук парктын баары жок болуп кетиши мүмкүн экенин эскертүүдө. Себеби температуранын жогорулашы ал парктарга чоң зыян келтирет. Жүрөк титиреткен айрым көрүнүштөр, алсак, өрт каптоо, сел жүрүү, мөңгүлөрдүн эриши, деңиздерде суу деңгээлинин көтөрүлүшү, аптаптуу ысык сыяктуу нерселер Ыйык Китепте жазылган каргашалардай эле угулуп жатат» («Йеллоустоундогу сел — каргашанын жышааны» («Нью-Йорк таймс», 2022-жыл, 15-июнь)).
Табият кырсыктарына себеп болуп жаткан көйгөйлөр чечилеби? Эгер чечилсе, аларды ким чечет? Бул тууралуу Ыйык Китепте эмне деп айтылат?
Экологиянын бузулушу алдын ала айтылган
Ыйык Китепке ылайык, Кудай «жерди кыйраткандарды кыйратат» (Аян 11:18). Бул аяттагы сөздөрдөн үч нерсени биле алабыз:
1. Адамдардын иш-аракеттери жер планетасына бир топ зыян алып келүүдө
2. Жер түбөлүккө кыйратыла бербейт
3. Жер планетабызды адамдар эмес, Жаратканыбыз сактап калат
Планетабыздын келечеги кең
Ыйык Китепте: «Жер... түбөлүктөн түбөлүккө турат»,— деп айтылат (Насаатчы 1:4). Демек, Жер планетабыз жашоого жараксыз болуп калбайт. Анда адамдар дайыма жашайт.
«Адил адамдар жерди мураска алып, жер бетинде түбөлүк жашашат» (Забур 37:29).
Жер толугу менен кайра калыбына келтирилет.
«Ээн талаа менен какшыган жер шаттанат, чөлдүү түздүк сүйүнүп, шафрандай гүлдөйт» (Ышая 35:1).