Дин менен саясат камыр-жумур болушу керекпи?
Дүйнө жүзүндөгү Кудайга ишенем же Машаяктын жолдоочусумун деген көптөгөн адамдар саясатка белчесинен баткан. Алардын айрымдары диний ишенимин жана адеп-ахлактуулукка байланыштуу көз карашын жайылтыш үчүн кайсы бир саясатчыларды же саясий партияларды колдошот. Ал эми кээ бир саясатчылар болсо көп учурда адеп-ахлактык маселелерди же коомдогу жагдайды колдонуп, динге ишенгендердин колдоосуна ээ болгонго аракет кылышат. Диний жетекчилердин арасында да саясатка аралашып, бийлик орундарын ээлегенге аракет кылгандары аз эмес. Айрым өлкөлөрдө христиан дининин кээ бир агымдары, атүгүл өлкөнүн улуттук дини болуп да эсептелет.
Кандай деп ойлойсуңар, Кудайга ишенем дегендер же Машаяктын жолун жолдойм дегендер саясат менен камыр-жумур болушу керекпи? Бул суроого жооп алыш үчүн Иса пайгамбардын үлгүсүн карап көрөлү. Ал: «Мен силерге эмне кылсам, силер да ошону кылышыңар үчүн, силерге үлгү калтырдым»,— деген (Жакан 13:15). Анда саясат маселесинде Иса кандай үлгү калтырганын карап көрөлү.
Иса саясатка аралашканбы?
Жок, аралашкан эмес.
Иса бийликке умтулган эмес. Мисалы, Шайтан Ибилис ага «дүйнөдөгү бардык падышалыктарды» сунуш кылганда, ал баш тарткан (Матай 4:8—10) a. Ал эми бир жолу эл Исанын жакшы жетекчи боло аларын байкап аны күчкө салып, падыша кылганга аракет кылган. Бирок Ыйык Китепте: «Иса алардын келип, аны падыша кылыш үчүн кармаганы жатышканын билгенде кайрадан өзү жалгыз тоого кетип калган»,— деп жазылган (Жакан 6:15). Ооба, Иса элдин кысымына алдырып, алардын мүдөөсүн аткарган эмес. Тагыраак айтканда, саясатка аралашкандан баш тарткан.
Иса саясий маселелерде кайсы бир тарапты ээлеген эмес. Алсак, анын күндөрүндө жүйүттөр Рим өкмөтү салган салыкты төлөгүсү келген эмес. Анткени муну адилетсиздик деп эсептешкен. Ошон үчүн алар Исанын эки тараптын кайсынысын ээлээрин көрсөтүшүн каалашкан. Бирок Иса салык төлөө адилеттүүлүккө жатат же жатпайт деп талашып-тартышкан эмес. Ал аларга: «Падышага тиешелүүнү падышага, Кудайга тиешелүүнү Кудайга бергиле»,— деп айткан (Марк 12:13—17). Иса Машаяк кайсы бир тарапты ээлеген эмес. Ошентсе да падыша, башкача айтканда, Рим өкмөтү талап кылган салыктар төлөнүшү керектигин көрсөткөн. Ошол эле учурда өкмөткө толугу менен баш ийиш керек деген ойду да айткысы келген эмес. Анткени адам «Кудайга тиешелүүнү Кудайга» гана бериши керек. Мисалы, ал Кудайга гана сыйынып, ага гана берилгендик көрсөтүшү кажет (Матай 4:10; 22:37, 38).
Иса асмандагы өкмөттү, Кудайдын Падышалыгын, колдоп, ал жөнүндө башкаларга айткан (Лука 4:43). Ал Кудайдын жерге байланыштуу эркин кадимки өкмөттөр эмес, Кудайдын Падышалыгы гана ишке ашыра аларын билген. Ошондуктан саясатка аралашкан эмес (Матай 6:10). Ошондой эле Кудайдын Падышалыгы жердеги өкмөттөрдү колдонбой турганын, тескерисинче, алардын ордун баса турганын жакшы түшүнгөн (Даниел 2:44).
Машаяктын 1-кылымдагы жолдоочулары саясатка аралашканбы?
Жок, алар Исанын: «Бул дүйнөгө таандык болбогула»,— деген буйругуна баш ийишкен (Жакан 15:19). Алар Исадан үлгү алып, саясий иштерге такыр кийлигишкен эмес (Жакан 17:16; 18:36). Анын ордуна, Иса пайгамбардын буйругун аткара беришкен. Иса болсо Кудайдын Падышалыгы жөнүндө кабар айткыла жана элди ошол жөнүндө окуткула деген буйрук берген (Матай 28:18—20; Элчилер 10:42).
Машаяктын 1-кылымдагы жолдоочулары биринчи кезекте Кудайга баш ийишкен. Ошентсе да бийликти урматташкан (Элчилер 5:29; 1 Петир 2:13, 17). Ошон үчүн өлкөдөгү мыйзамдарга баш ийип, салыктарды төлөшкөн (Римдиктер 13:1, 7). Алар саясатка аралашпаганы менен, өздөрүн коргош үчүн юридикалык мыйзамдарды жана өкмөттүн ар кандай кызматтарын колдонгондон баш тартышкан эмес (Элчилер 25:10, 11; Филипиликтер 1:7).
Машаяктын бүгүнкү күндөгү жолдоочулары саясатка аралашабы?
Ыйык Китептен билгенибиздей, Иса да, анын алгачкы жолдоочулары да саясаттан оолак болушкан. Ошол себептен анын бүгүнкү күндөгү жолдоочулары, башкача айтканда, дүйнө жүзүндөгү Жахабанын Күбөлөрү саясаттан алыс болуп, толугу менен бейтараптуулук сакташат. Алар, 1-кылымдагы ишенимдештериндей эле, Иса буйруган ишти аткарып, «Падышалык жөнүндөгү... жакшы кабарды» жарыялашат (Матай 24:14).
a Иса баш тартканда Шайтандын ушундай сунуш кылганга укугу жок деп, анын бийлигин талашка салган эмес. Кийинчерээк ал Шайтанды «бул дүйнөнүн башкаруучусу» деп атаган (Жакан 14:30).