ГРУЗИЯ | 1991—1997
«Кудай өстүргөн» (1 Кор. 3:6)
1991-ЖЫЛЫ Советтер Союзу кулагандан кийин, Грузия эгемендүүлүккө ээ болгон. Саясий өзгөрүүлөрдөн, өлкөдөгү ич ара кагылышуулардан улам элдин турмушу кескин түрдө начарлап кеткен. Ошол жылдары райондук көзөмөлчү болуп кызмат кылган Генадий Гудадзе элдин бир күн кечке какчыйып нанга кезекте турганын эскерет.
Андыктан Жахабанын Күбөлөрүнүн кезекте тургандарга кабар айтканы көнүмүш адатка айланган. «Ошол кыйын кезеңде,— дейт Генадий,— кабарга кызыкпагандар болгон эмес. Ыйык Китепти изилдейт элек деп дарегин бергендер толтура болчу».
Ар бир жолугушуудан кийин жооптуу байкелер келип-кетишибизди суранган кишилердин аты-жөнү, дареги жазылган тизмени окуй турган. Жарчылар болсо аларды бөлүштүрүп алышчу.
Тбилисиде аксакал болуп кызмат кылган Левани Сабашвили келип-кетишин суранып жазган бир жубайлар жөнүндө мындай дейт: «Бардык даректерди жарчылар бөлүп-бөлүп алышты. Бирок ошол жубайлардын дарегин эч ким алган жок. Себеби алар алыс жашачу экен. Анын үстүнө, ар бир жарчынын бир нече изилдөөсү бар эле».
Бир нече айдан кийин ошол жубайлар экинчи жолу жазышты. Үчүнчү жолкусунда: «Эч кимдин канына забын болбошуңарды өтүнөбүз»,— деп жазышыптыр (Элч. 20:26, 27). Левани: «Жаңы жыл майрамдалып жаткан маал болгондуктан, үймө-үй кыдырып кабар айтпай туралы дегенбиз. Бирок ошол жубайларга сөзсүз барышыбыз керек деп сүйлөштүк»,— деп эскерет.
Кыштын кыраан чилдесинде Левани менен дагы бир бир туугандын босогодо турганын көргөндө чындыкты издеп жүргөн Ройни менен Нана Григалашвили көргөн көзүнө ишене албай туруп калышкан. Ошол эле күнү изилдөө башталган. Азыр алар балдары менен чогуу үзгүлтүксүз пионер болуп кызмат кылышат.
Талыкпай күч жумшашкан
Ыраазычылыгы жүрөгүн жарып чыккан жарчылар жакшы кабарды башкаларга айтканга бүт убактысын, күчүн, колдо бар нерселерин аяшкан эмес. Балдары болгонуна карабай, Бадри менен Марина Копалиани деген жубайлар чындыкка суусагандарга жардам бериш үчүн алыскы айылдарды кыдырып кабар айтышкан.
Ал эми дем алыш күндөрү Гоша менен Левани деген өспүрүм уулдарын ээрчитип алып, Тбилисинин түндүгүндөгү Душети өрөөнүнө барып кабар айтышчу. Кээде аркырап соккон катуу шамалга кайыгып, 150 чакырымдай алыс жерлерге да барышчу.
Бир жолу бир аял Бадри менен жубайын жумушуна чакырган. Бадри мындай дейт: «Чоң бөлмөгө кирсек, 50дөй киши күтүп туруптур. Андайды күтпөгөн жаным нес болуп туруп калдым. Ичимен дароо тилендим да, Матай 24-бөлүмдө жазылган акыркы күндөр жөнүндө айта баштадым. Бир киши таң калып: „Биздин дин кызматчылар муну эмнеге айтышпайт?“ — деп сурады».
Көптөрдү ойлондурган Эскерүү кечеси
Көптөгөн ак ниет грузиндер жакшы кабарды Эскерүү кечесинде угушкан. Алсак, 1990-жылы Тбилисиде жашаган Ия Бадридзенин үйүндө өткөрүлгөн Эскерүү кечеси кошуна-колоңдорун кайдыгер калтырган эмес.
Ал балдары менен конок бөлмөсүн бошоткон. Бирок ошончо кишиге отургучтарды кайдан алган? Көп конок тоскондор үстөлдөрдү, отургучтарды ижарага алышчу. Ия бир тууган отургучтарды эле алгандыктан, ижарага берген киши: «Үстөлдөр кереги жокпу? Тамакты каякка жейсиңер?» — деп кечке сурай берген.
Ошентип, Эскерүү кечеси анын 13-кабаттагы батиринде өткөрүлгөн. Таң калыштуусу, ага 200 киши батып кеткен. Андыктан кошуналарынын Жахабанын Күбөлөрү жөнүндө сурай баштаганы жөндүү болгон.
Эстен кеткис Эскерүү кечеси
1992-жылы Эскерүү кечесин өткөрүш үчүн ар кайсы жердеги чоң имараттар ижарага алынган. Гориде жашаган Давит Самхарадзе кыдыруучу көзөмөлчүнүн бир туугандардан Эскерүүнү өткөрүүгө байланыштуу ойлорун сураганын эскерет.
Жарчылардын кечени менчик үйлөрдө өткөргөнү жатканын билгенде көзөмөлчү: «Шаарда чоңураак имарат жокпу? Ижарага алып көрбөйлүбү»,— деген. Жүздөн бир аз көбүрөөк жарчы 1 000ден ашык орундугу бар дайрадай имаратты эмне кылабыз деп ойлогон.
Кыдыруучу көзөмөлчү: «Эгер ар бир жарчы ондон киши чакырса, зал толуп калат»,— деп айткан. Анын кеңеши акылга сыйбагандай көрүнсө да, жарчылар ал айткандай кылганга бүт күчүн жумшашкан. Эскерүү кечесине туура 1 036 киши келгенде, жарчылар бир чети таң калса, бир чети кубанышкан *.
Жаңы аймактарды багындырган жалындаган пионерлер
1992-жылы жакшы кабарды жарыялаган жарчылардын буту баса элек жерлер али көп болгон. Алар каржы каатчылыгы желкеден басып турган маалда алыскы аймактарды кантип иштетишкен?
Грузиянын батышында жашаган Тамази Библая мындай дейт: «Кыдыруучу көзөмөлчү бир нече жарчы менен кезигип, ушул маселени талкуулады. Атайын пионерлердин кызматын кантип уюштурушту билген эмеспиз. Эң негизгиси, кабарды кийинкиге калтырбай жарыялашыбыз керектигин жакшы билгенбиз» (2 Тим. 4:2). Ошентип, 16 пионер тандалып, өлкөнүн булуң-бурчуна дайындалган (картаны кара).
1992-жылы май айында 5 айга дайындалган ошол пионерлерди бекемдеш үчүн Тбилисиде 3 сааттык жолугушуу өткөрүлгөн. Аксакалдар аларды рухий жактан бекемдеп, кем-карчына кам көрүш үчүн ай сайын кыдырып турушкан.
Манэа Адуашвили менен Нази Жваниа деген эки пионер Озургети шаарына дайындалган. Ошондо Манэа 60та болчу. Ал: «Озургетиге жакын жерде кабарга кызыккан бир аял бар экенин билчүбүз. Келерибиз менен аныкына бардык. Ал үйүнө дагы 30дай кишини чогултуп, чыдамсыздык менен күтүп жатыптыр. Бир нече изилдөө баштадык»,— деп эскерет.
Алардын кызматы мол жемиш берип, 5 ай өткөндөн кийин эле 12 киши чөмүлүүгө даяр болуп калган.
Жан аябас жарчылардын аракетинин акыбети кайткан
Павли Абдушелишвили менен Паата Морбедадзе деген эки пионер Цагериге дайындалган. Ал жердин эли ата-бабаларынын салтына бек карманып, христиан дүйнөсүнүн окууларына ылайык жашачу.
Ызгаардуу кыш жакындаган сайын пионерлердин беш айлык кызматы да соңуна чыга берген. Паата которуу ишине жардам берүүгө дайындалып, көчүп кеткен. Павлиге болсо чечим чыгарууга туура келген. Ал мындай дейт: «Кыштаганы калсам, тоңуп каларымды билгем. Кетип калсам, изилдеп жаткандар калып калмак. Ошон үчүн калайын дедим.
Бир үй-бүлө мени чогуу жашаганга чакырды. Бир күн кечке кабарда жүрчүмүн. Кечинде үйдүн ээси, бала-бакырасы болуп үйдүн биринчи кабатындагы мешти тегеректеп отурар элек. Жатарга келгенде таштай муздак бөлмөмө кирип, топумду баса кийчүмүн да, калың жуурканга оронуп жатып алчумун».
Аксакалдар жазында Павлиге барышканда, 11 киши чөмүлө элек жарчы болгон. Убакыттын өтүшү менен баары чөмүлгөн.
^ 20-абз. 1992-жылы Грузиядагы ынталуу жарчылардын саны 1 869га жетип, Эскерүү кечесине 10 332 киши катышкан.