Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

ТӨРТҮНЧҮ БӨЛҮМ

Үй тиричилигин жүргүзүү

Үй тиричилигин жүргүзүү

1. Эмне үчүн азыр үй тиричилигин жүргүзүү оңой эмес?

 «ДҮЙНӨНҮН көшөгөсү алмашууда» (1 Корунттуктарга 7:31, «ЖД»). Мындан 1 900 жылдан ашуун убакыт мурун жазылган бул сөздөр биздин күндөрдө аткарылып жатат. Чынында эле, бардыгы, асыресе, үй-бүлөлүк жашоо өзгөрүлүп-алмашылды. Кырк-элүү жыл мурун маанилүү талап катары эсептелген эреже-тартиптердин көбү азыр колдонуудан чыгып калган. Ошол себептүү үй тиричилигин тийиштүү түрдө жүргүзүү кыйынга турушу мүмкүн. Бирок Ыйык Китептеги кеңештерди колдонуу менен бул жактан ийгиликке жетүүгө болот.

КАРАЖАТКА ЖАРАША ЖАШОО

2. Экономикалык кандай жагдайлар үй-бүлөгө кыйынчылык туудурууда?

2 Учурда үй-бүлөсүнүн камын көрүп жөнөкөй жашоо өткөрүүгө көптөр ыраазы болбой калган. Коммерция дүйнөсү үстү-үстүнө товар чыгарып, алардын жакшы «өтүп кетиши» үчүн, амалкөйлүк менен ар кандай жарнамаларды ойлоп табат. Ал эми аларды сатып алыш үчүн миллиондогон ата-энелер убактыларынын көбүн жумушта өткөрүшөт. Ошол эле учурда дасторкондо өзөк жалгаарлык тамак-ашы болушу үчүн гана күнүгө кара жанын карч уруп иштегендер да миллиондоп саналат. Аларга жумушка мурдагыдан кыйла көп убакыт кетирүүгө, кээде эң зарыл нерселерди сатып алуу үчүн эле эки жерде иштөөгө туура келет. Ал эми айрымдар эптеп жумуш тапканына ыраазы, анткени азыр жумушсуздук күчөп, көптөрдүн кендирин кесип турган маал. Ооба, эмки үй-бүлөлөрдүн жашоосу кыйындады. Бирок ыйык китептик принциптерди колдонуу менен мындай жагдайларда да байкалуу ийгиликтерге жетүүгө болот.

3. Элчи Пабыл эмнени түшүндүргөн жана бул үй тиричилигин жүргүзүүдө кандай жардам берет?

3 Экономикалык кыйынчылыктарды элчи Пабыл да башынан өткөргөн. Андан эмнеге үйрөнгөнүн ал досу Тиметейге жазган катында минтип түшүндүргөн: «Биз бул дүйнөгө эч нерсе алып келген жокпуз, эч нерсе алып кетпестигибиз да белгилүү. Кийгенге кийимибиз, ичкенге тамагыбыз болсо, ошого ыраазы бололу» (1 Тиметейге 6:7, 8). Албетте, үй-бүлө тамак-аш, кийим-кечектен башка дагы көп нерселерге муктаж. Анын баш калкалаар жайы да болууга тийиш. Балдар билим алышы керек. Медициналык жардам алууга да акча кетет; андан башка чыгашалары канча. Бирок мындай учурда да Пабылдын сөзүндөгү принципти колдонууга болот. Эгерде оюбузга келген каалоолорубузга жетелене бербей, чыныгы муктаждыктарыбызды канааттандыруу менен чектелсек, жашообуз кыйла жеңилдейт.

4, 5. Алды-артты ойлоо жана пландаштыруу кандайча жардам берет?

4 Ыйсанын көрсөтмөлүү мисалдарынын биринде да пайдалуу принцип камтылган. Ал: «Араңардан бирөө мунара курмакчы болсо, ал аны бүтүрүүгө каражаты жетер-жетпесин билиш үчүн, адегенде отуруп алып, курулуш чыгымын эсептеп чыгат»,— деген (Лука 14:28). Бул жерде Ыйса алды-артын ойлоону, пландаштыра билүүнү кеп кылган. Буга чейинки бөлүмдөн биз ал принциптин үйлөнүүнү каалаган жаштарга кандайча жардам берерин талдаган элек. Аны үйлөнгөндөн кийин да колдонуу үй тиричилигин тийиштүү түрдө жүргүзүүгө жардам берет. Алды-артын ойлоп иш кылуу колдо бар каражатты күн мурун пландаштырып, туура бөлүштүрүүнү талап кылат. Күнүгө же бир жуманын ичинде эмнелер керектелерин, аларга канча акча сарпталарын аныктап алуу каражатты туура бөлүштүрүүгө жардам берет.

5 Кээ бир өлкөлөрдө каражатка жараша жашоо үчүн, анчейин зарылдыгы жок нерсе сатып алууга үстөк пайызы чоң карыз албоо талап кылынса, башка өлкөлөрдө кредит карточкаларын тыкандык менен пайдалануу маанилүүдүр (Накыл сөздөр 22:7). Ошондой эле жагып калган нерсенин канчалык керек экенин ойлонбой туруп сатып ала коюу адаты менен күрөшүүгө туура келиши мүмкүн. Акчаны керт башынын кызыкчылыгына, кумар оюндарына, чылымга жана ичкиликке чачуу да ыйык китептик принциптерге каршы келгенден тышкары, үй-бүлөнүн экономикалык абалын начарлатат (Накыл сөздөр 23:20, 21, 29—35; Римдиктерге 6:19; Эфестиктерге 5:3—5).

6. Жакырчылыкта жашоого аргасыз болгондорго Ыйык Китептеги кайсы сөздөр кайрат берет?

6 Ал эми жакырчылыкта жашоого аргасыз болгондор эмне кыла алышат? Баарынан мурда, аларды дүйнөнү жапырт баскан жакырчылык убактылуу экенин билүү жубатат. Тездик менен жакындап келаткан жаңы заманда Жахаба адамзатты кыйнап жаткан жакырчылыкты гана эмес, зулумдук-жамандыктын баарын тыйпыл кылат (Забур 71:1, 12—16). Ал маал келгиче, Кудайдын кызматчылары, мейли, абдан жакыр болушса да, маанайын чөктүрүшпөйт, себеби Жахабанын: «Сени калтырбайм жана таштабайм»,— деген убадасына ишенишет. Алар шектенүүсүз: «Теңир менин жардамчым, ошондуктан мен коркпойм»,— деп айта алышат (Эврейлерге 13:5, 6). Ушул опурталдуу маалда Жахаба анын принциптерине жараша жашап, Падышалыктын кызыкчылыктарын биринчи орунга койгон кызматчыларын ар кандай жолдор менен жөлөп-таяп келет (Матай 6:33). Муну Жахабанын көп сандаган кызматчылары ырастайт. Алар элчи Пабылдын: «Жокчулукта да, молчулукта да жашай алам. Мен бардыгына үйрөнгөм: ачкачылыкка да, токчулукка да, барга да, жокко да көнгөм. Мага күч-кубат берген Ыйса Машайак аркылуу бардыгын кыла алам»,— деген сөздөрүнө кошулат (Филипиликтерге 4:12, 13).

ҮЙ ИШТЕРИН БӨЛҮШТҮРҮҮ

7. Ыйсанын кайсы кеңешин колдонуу үй тиричилигин жүргүзүүдө абдан жардам берет?

7 Жердеги кызматынын акырында Ыйса: «Өзүңдү кандай сүйсөң, жакыныңды ошондой сүй»,— деген (Матай 22:39). Бул кеңешти колдонуу үй тиричилигин жүргүзүүдө абдан жардам берет. Бирге жашаган жакындарыбыздан: күйөөбүздөн же аялыбыздан, ата-энебизден же балдарыбыздан башка сүймөнчүк, кымбат кимибиз бар? Үй-бүлөдөгүлөр бири-бирине кантип сүйүү көрсөтө алышат?

8. Үй-бүлөдө кантип сүйүү көрсөтүүгө болот?

8 Анын бир жолу — үйдөгүлөрдүн ар биринин үй иштерин жасоого өз салымын кошушу. Мисалы, балдарды колдонгон нерсесин: кийиминби, оюнчугунбу, кайра өз ордуна коюуга көндүрүү кажет. Эртең менен төшөк жыйнаганга күч, убакыт керек, бирок ошол да чоң жардам. Албетте, убактылуу анча-мынча иретсиздиктер болбой койбойт, бирок үйдү таза кармоого жана тамактангандан кийин дасторконду жыйноого ар бири катыша алат. Жалкоолонуу, өз билгенин кылуу, нааразылануу жана жасаган ишин милдет кылуу үйдөгүлөргө терс таасир тийгизбей койбойт (Накыл сөздөр 26:14—16). Ал эми жардам көрсөтүүгө чын көңүлдөн даяр болуу үй-бүлөнүн көңүлүн көтөрөт. «Кудай чын көңүлү менен берген адамды сүйөт» (2 Корунттуктарга 9:7).

9, 10. а) Аялдарга негизинен кандай милдет артылган жана аны кантип жеңилдетүүгө болот? б) Үй иштерин аткарууга кандайча теңсалмактуу көзкарашта болуу керек?

9 Кээ бир үйлөрдө олуттуу кыйынчылык туудурган жагдайларга кабылбоого өз ара сыйлоо менен сүйүү шарт түзөт. Адатта, эне — үйдүн түркүгү. Балдарынын камын көргөн, үйдү жыйнап-тазалаган, кирин жууган, аны-мунуларды сатып келген, тамак-ашын жасаган — эне. Айрым өлкөлөрдө аялдар талаа жумушунда да иштейт, түшүмүн базарга алып чыгат же дагы башка жолдор менен үй-бүлөсүнүн каражатын толуктайт. Муктаждык күйөөлөрү бар миллиондогон аялдарды да жумуш издөөгө аргасыз кылууда; мындай абал үйдөн тышкары жумушта иштөө мурдатан өөн учураган өлкөлөрдө да байкалат. Ушунчалык түрлүү иштерди аткарууга аракеттенген аял, эне мактоого гана татыйт. Ыйык Китепте айтылган жакшы аялга окшоп, ал оокатка бүйрө. «Ал... бекер тамак жебейт» (Накыл сөздөр 31:10, 27). Бирок үй жумуштарын аял гана бүтүрүүгө тийиш эмес. Күйөөсү менен аялы эртеден кечке жумушта иштеп келишкенден кийин, күйөөсү менен балдары эс алып, ал эми аял үй иштерин башынан-аяк жалгыз жасаганы туура болор беле? Албетте, туура болбойт. (Салыштыргыла: 2 Корунттуктарга 8:13, 14.) Ошондуктан апасы, мисалы, тамак жасаганы жатса, башкалары дасторконду белендей коюп, дүкөнгө барып келип же үйдү жыйнап жардам беришсе, аны ыраазы кылары шексиз. Ооба, үй иштерин баары жапатырмак аткара алышат. (Салыштыргыла: Галаттыктарга 6:2.)

10 Айрымдар: «Биз жакта мындай иштерге эркектер кийлигишпейт»,— деши мүмкүн. Балким. Бирок бир аз ойлонуп көрөлүчү. Жахаба Кудай үй-бүлөнү негиздегенде белгилүү бир иштерди аял гана жасашы керек деген көрсөтмө берген эмес. Ыбрайым аттуу ишенимдүү кишиникине бир жолу Жахабанын өзгөчө өкүлдөрү келгенде, ал тамак жасоого катышып, конокторун өзү тейлеген (Башталыш 18:1—8). Ыйык Китепте: «Күйөөлөр да аялдарын өздөрүнүн денесин сүйгөндөй сүйүшү керек»,— делген (Эфестиктерге 5:28). Эгерде күйөөсү кечинде чарчап, эс алгысы келип турса, аялынын деле чарчаганы түшүнүктүүдүр, а балким, ал күйөөсүнөн да катуу чарчагандыр? (1 Петир 3:7). Анда күйөөсү аялына үй иштерин жасоого жардамдашса, сүйүүсүн, ыраазычылыгын көрсөткөн болбойбу? (Филипиликтерге 2:3, 4).

11. Ыйса үй-бүлөнүн ар бир мүчөсүнө кандай үлгү көрсөткөн?

11 Ыйса Кудайга жаккан иштерди жасоо жана досторун кубантуу жагынан эң сонун үлгү көрсөткөн. Ал үйлөнбөсө да, күйөөлөр менен аялдарга жана балдарга жакшы өрнөк болгон. Өзү жөнүндө ал: «Адам Уулу да Өзүнө кызмат кылдыруу үчүн эмес, тескерисинче, Өзү [башкаларга] кызмат кылуу үчүн... келген»,— деген (Матай 20:28). Үй-бүлөдөгүлөрдүн баары ушундай ой жүгүртсө кандай сонун болор эле!

ЭМНЕ ҮЧҮН ТАЗАЛЫКТЫ САКТОО МААНИЛҮҮ?

12. Жахаба кызматчыларынан эмнени талап кылат?

12 Үй тиричилигинде жардам берүүчү дагы бир ыйык китептик принцип 2 Корунттуктарга 7:1де жазылган. Биз ал жерден: «Денебизди жана рухубузду булгаган ар кандай ыпыластыктан арылалы»,— дегенди окуйбуз. Кудайдын шыктандыруусу менен жазылган бул сөздөрдү аткарган адамдар «таза жана кемчиликсиз такыбаалыкты» талап кылган Жахаба Кудайга жагат (Жакып 1:27). Андан сырткары, бул үй-бүлө мүчөлөрүнүн баарына пайда алып келет.

13. Үй тиричилигин жүргүзүүдө эмне үчүн тазалык маанилүү?

13 Мисалы, Ыйык Китеп бизди эч бир оору-сыркоо болбой турган күн келерине ынандырат. Ал кезде «тургундардын бири да: «Мен ооруп жатам»,— деп айтпайт» (Ышайа 33:24; Аян 21:4, 5). Ал эми ал маал келгиче, ар бир үй-бүлөгө кез-кезде оору менен күрөшүүгө туура келет. Пабыл да, Тиметей да ооруган (Галаттыктарга 4:13; 1 Тиметейге 5:23). Анткен менен медицина тармагындагы адистер көптөгөн оорулардан алдын ала сактанууга болорун белгилешет. Денелик жана рухий ыпыластыктардан арылуу менен үй-бүлө бир топ оорулардан сактана алышат. Азыр ошол тууралуу сүйлөшөлү. (Салыштыргыла: Накыл сөздөр 22:3.)

14. Адеп-ахлактык тазалык үй-бүлөнү кандайча ар кандай оорулардан сактайт?

14 Рухий тазалык адеп-ахлактык тазалыкты камтыйт. Ыйык Китепте адеп-ахлак нормалары берилет жана никеден тышкаркы жыныстык байланыштардын баары натуура экени көрсөтүлөт. «Ойноштук кылуучулар да... нике бузуучулар да, аял жандуулар да, бачабаздар да... Кудайдын Падышачылыгын мурасташпайт»,— деп айтылат анда (1 Корунттуктарга 6:9, 10). Кудайдын бузукулукка толгон азыркы дүйнөдө жашап жаткан кызматчылары Ыйык Китептин жогорку нормаларын аткаруу абдан маанилүү экенин билишет. Бул Кудайга жагат, анын үстүнө, жыныстык жолдор менен жугуучу ЖИКС, котон жара, сүзөк жана хламидиоз сыяктуу оорулардан коргойт (Накыл сөздөр 7:10—23).

15. Денени булгоо ар кандай ооруга чалдыктырышы мүмкүн экенин мисал менен далилдегиле.

15 «Денебизди... булгаган ар кандай ыпыластыктан арылуу» менен үй-бүлөбүздү дагы башка оорулардан коргой алабыз. Көптөгөн илдеттер денеге каршы жасалган ыпыластыктан улам пайда болот. Мунун эң көрүнүктүү мисалы — чылым чегүү адаты. Чылым чегүү өпкөнү, кийим-кечени жана абаны булгагандан тышкары, ар кандай ооруга чалдыктырат. Бул адаттын кесепетинен жылына миллиондогон адам өлүмгө дуушар болот. Ойлонуп көргүлөчү, эгерде денени булгаган ушул ыпыластыктан арыла турган болсо, жылына миллиондогон адам оорумак да, мезгилсиз өлмөк да эмес!

16, 17. а) Жахабанын кайсы мыйзамы ысрайыл элин айрым оорулардан коргогон? б) Мыйзам 23:12, 13-аяттардагы принципти кандайча колдонууга болот?

16 Дагы бир мисал алалы. Ысрайыл элинин сыйынуусун жана мүмкүн болушунча күнүмдүк жашоосун да тартипке салыш үчүн, Кудай 3 500 жыл чамалаш мурун аларга Мыйзам берген. Ал Мыйзамда оору-сыркоолордон коргонууга көмөк болгон негизги тазалык эрежелери көрсөтүлгөн. Ошол эрежелердин бири боюнча, эл, жашаган жерин булгабаш үчүн, кошуундан алыс чыгып, заң-заараларын жерге көмүп жүрүүгө тийиш болгон (Мыйзам 23:12, 13). Бу байыркы эреже бүгүн да натыйжалуу. Азыр да адамдар ал эрежеге көңүлкош кароонун айынан ооруп жана өлүмгө дуушар болуп жатат *.

17 Ысрайыл элине берилген ошол эреженин негизиндеги принципке жараша, жуунгуч бөлмө менен даараткана, үй ичинде же сыртта жайгашабы, таза кармалышы жана дезинфекцияланып турушу керек. Эгерде дааратканада тазалык сакталып, оозу жабылып турбаса, ал микробдорду бүт үйдүн ичине ташып, жеген тамагыбыздан өйдө булгап жибере турган чымындардын үйүлгөн жерине айланат да калат! Андан тышкары, дааратканадан чыккандан кийин балдар да, чоң кишилер да колун жууп жүрүүгө тийиш. Антпесе, микробдорду терибизге жугузуп алып келебиз. Бир француз врачынын айтымы боюнча, колду жууп жүрүү — «азыр да тамак сиңирүү жана дем алуу жолдорунун инфекцияларынан, ар кандай тери инфекцияларынан сактануунун башкы кепилдиги».

Дары-дармек сатып алуудан тазалыкты сактоо арзан.

18, 19. Жакыр аймактарда да үйдү таза кармоо үчүн кандай кеңештер берилет?

18 Ооба, жакыр аймактарда тазалыкты сактоо оңой эмес. Андай жерлердеги жашоо шартын жакшы билген бирөө мындай дейт: «Адам чыдагыс ысыкта тазалыкты сактоо эки эсе кыйындайт. Чаң-куюндар майда, күрөң чаңды үйдүн жылчык-тешигин калтырбай ширеп салат... Шаарлардын жана кээ бир айылдардын калкы тез көбөйүп бараткандыктан, денсоолукка кошумча коркунуч туулат. Ачык жаткан канализация түтүктөрүнө, додолонуп үйүлгөн таштандыларга, жалпы эл колдонгон кир дааратканаларга, ошондой эле инфекция ташыган келемиштер, курт-кумурскалар менен чымын-чиркейлерге эч ким көңүл бурбай да калган».

19 Мындай шарттарда тазалыкты сактоо кыйын. Ошентсе да аракетибиз текке кетпейт. Самын, суу жана бир аз көбүрөөк күч-аракет жумшоо дары-дармектерге, ооруканага жатууга төлөнгөн акчадан арзан түшөт. Силер да ошондой аймакта жашасаңар, үйүңөрдү жана короо-жайыңарды колдон келишинче таза кармоого, мал-жандын кыгын чыгарып турууга аракеттенгиле. Жылдын жаан-чачындуу мезгилинде эшигиңердин алды баткак болуп кете турган болсо, аны үйгө ташып кирбеш үчүн, шагыл төгүп же таш төшөп койсо болоттур? Балким, үйгө бут кийимди чечип кириш керектир? Үйдөгү сууну да булгоодон сактагыла. Кир суудан жана начар санитардык шарттан пайда болгон оорулардан жылына, бери дегенде, эки миллион адам өлөт.

20. Үйдүн тазалыгына ким жооптуу?

20 Үй ичиндеги тазалыкка баары: энеси, атасы, балдары жана коноктор да жооптуу. Кенияда жашаган сегиз баланын энеси: «Баары тазалыкка өз салымын кошконду үйрөндү»,— дейт. Үйдөгү тазалык жана иреттүүлүк бүтүндөй үй-бүлөгө жакшы таасир этет. Испан макалында: «Жакыр болуу кир жүрүү дегенди билдирбейт»,— деп айтылат. Заңгыраган үйдө же батирде, жупуну тамда, же алачыкта жашайбызбы, үй-бүлөнүн денсоолукта болушун шарттаган нерсе — тазалык.

МАКТОО КӨҢҮЛ ЭРГИТЕТ

21. Накыл сөздөр 31:28 боюнча, үйдөгүлөрдү кубандырууга эмне жардам берет?

21 Накыл сөздөр китебинин жакшы аял тууралуу айтылган жеринде: «Балдары туруп, аны сыйлашат, күйөөсү туруп, аны мактайт»,— делген (Накыл сөздөр 31:28). Силер үйдөгүлөрүңөрдү акыркы жолу качан мактадыңар эле? Биз көктөмдө күн жылып, жамгыр себеледи дегиче гүл ачууга даяр турган өсүмдүктөр сыяктуубуз. Чын жүрөктөн айтылган мактоого баарыбыз муктажбыз. Аялын мактоо менен күйөөсү анын мээнетин, сүйүүсү менен көргөн камкордугун баалаарын, аны көңүл бөлүүгө татыксыз деп эсептебесин көрсөтөт (Накыл сөздөр 15:23; 25:11). Ошол эле учурда үйдө жана жумушунда жасаган иштери үчүн аялынан мактоо угуп турса, кандай күйөөнүн көңүлү эргибейт? Ата-эне балдарын үйдөн, мектептен же жыйналыштан жасаган аракеттери үчүн мактап турушса, алар да сүйүнүшөт. Ыраазычылыкты билдирген бир нече сөз чынында эле зор күчкө ээ! «Ырахмат» деп айтып коюу кыйын деле эместир. А бирок анын үй-бүлөнүн маанайына тийгизген таасири абдан чоң.

22. Үй тиричилигин ийгиликтүү жүргүзүү үчүн кандай сапаттар керек жана аларды кантип өрчүтүүгө болот?

22 Үй тиричилигин жүргүзүүнү татаалдаткан жагдайлар көп. Ошентсе да, көп ийгиликке жетүүгө болот. Ыйык китептик накыл сөздө: «Үй акылмандык менен курулат, акыл менен бекемделет»,— деп айтылган (Накыл сөздөр 24:3). Эгер үй-бүлө мүчөлөрү Кудайдын эркин билүүгө, аткарууга чогуу-чараан умтулушса, акылмандык менен эстүүлүктү өрчүтүшөт. Үй-бүлөнүн бактысы үчүн ушундай күч-аракет жумшоо акыбети кайтарлык иш экени шексиз.

^ Көп сандаган жаш балдардын өлүмүнө себеп болгон ичөткөк оорусунан сактануу үчүн Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму тарабынан мындай көрсөтмө берилген: «Эгерде даараткана жок болсо, үйдөн, бала-чака ойногон жактан жана суу алган жерлерден, жок дегенде, 10 метр алыс олтуруу керек, андан соң заң-заараны көмүп салуу талап».