Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

2-БӨЛҮМ

Кудай жаздырган Ыйык Китеп

Кудай жаздырган Ыйык Китеп

1, 2. Эмне себептен Ыйык Китепти Кудайдын баа жеткис белеги десек болот?

ДОСУҢАРДАН баалуу белек алганда кандай сезимде болосуңар? Андайда аны ачканга шашып, силерди ойлогонуна төбөңөр көккө жете кубанасыңар жана сөзсүз ыраазычылык билдиресиңер.

2 Ыйык Китеп — Кудайдын белеги. Ал китептен башка жактан жооп таба албай келген суроолорубузга жооп ала алабыз. Мисалы, анда асман, жер жана биринчи эркек менен аял кандайча жаратылганы жазылган. Ошондой эле турмуштагы кыйынчылыктар менен күрөшүүгө жардам берген кеңештер бар. Мындан сырткары, Ыйык Китепте Кудайдын адамзаттын жашоосун жакшыртууга байланышкан ой-ниетин кантип ишке ашырары айтылат. Ооба, Ыйык Китеп — баа жеткис белек!

3. Ыйык Китептен эмнени билесиңер?

3 Ыйык Китепти окуп-изилдегениңерде Кудай силердин аны менен жакын мамиледе болушуңарды каалаарын билесиңер. Кудайды көбүрөөк таанып-билген сайын, ага жакын боло бересиңер.

4. Ыйык Китеп жөнүндөгү кайсы маалымат силерди таң калтырды?

4 Ыйык Китеп 2 800дөн ашуун тилге которулган жана миллиарддаган нускада басып чыгарылган. Аны бүгүнкү күндө жер тургундарынын 90 пайыздан көбү эне тилинде окуй алат. Ыйык Китепти жума сайын миллиондон ашык киши алат. Чын эле, Ыйык Китепке тең келер китеп жок.

5. Ыйык Китеп «Кудайдын рухунун жетеги менен жазылган» деген эмнени билдирет?

5 Ыйык Китеп «Кудайдын рухунун жетеги менен жазылган». (Окугула: 2 Тиметей 3:16.) Бирок айрымдар: «Ыйык Китепти адамдар жазса, ал кандайча Кудайга таандык болмок эле?» — деши мүмкүн. Бул туурасында Ыйык Китепте: «Аны Кудайдын ыйык рухуна жетектелген адамдар айтышкан»,— делген (2 Петир 1:21). Муну деректирдин катчысына кат жаздырганына салыштырса болот. Ал кат кимге таандык болот? Катчыга эмес, деректирге, чынбы? Анын сыңарындай, Ыйык Китеп аны жазган адамдарга эмес, Кудайга таандык. Кудай алардын акылына өзүнүн оюн салып жаздырган. Ыйык Китеп, чынында эле, «Кудайдын сөзү». (1 Тесалоникалыктар 2:13; 2-тиркемени карагыла.)

Ыйык Китептин «Жаңы дүйнө котормосу» көптөгөн тилдерде жарык көргөн

ТАКТЫГЫ

6, 7. Эмне себептен Ыйык Китепте жазылгандар бири-бирине шайкеш келет деп айтууга болот?

6 Ыйык Китеп 1 600 жылдан ашуун убакыт аралыгында жазылган. Аны жазгандар ар башка мезгилде жашаган. Кээ бири билимдүү болсо, кээ бири карапайым эле кишилер болгон. Маселен, алардын бири доктур, дагы башкалары дыйкан, балыкчы, койчу, пайгамбар, бий жана падыша болушкан. Ыйык Китепти ар түрдүү тектеги адамдар жазса да, анда жазылгандар башынан аягына чейин бири-бирине шайкеш келет. Анын бир бөлүмүндө жазылгандар башка бөлүмдөрүндө жазылгандарга карама-каршы келбейт *.

7 Ыйык Китептин алгачкы бөлүмдөрүндө адамзаттын көйгөйлөрү эмнеден башталганы баяндалат. Ал эми соңку бөлүмдөрүндө Кудай ошол көйгөйлөрдүн баарын чечип, жер бетин бейишке айлантары айтылат. Ошондой эле Ыйык Китептен миңдеген жылдар ичинде болуп өткөн окуяларды жана Кудай өз ой-ниетин дайыма ишке ашырып келгенин билүүгө болот.

8. Ыйык Китептин илимий жактан так экенин көрсөткөн мисалдарды келтиргиле.

8 Ыйык Китеп илимий китеп же окуу куралы эмес. Бирок анда илимге байланыштуу жазылган нерселердин баары так. Кудайдын сөзү ушундай болууга тийиш эмеспи?! Алсак, Ыйык Китепке кирген Лебилер китебинде оору жайылбашы үчүн ысрайыл эли эмне кылышы керек болгону жазылган. Ошол кезде адамдарда бактериялар жана вирустар кандайча ооруну пайда кылары жөнүндө эч кандай түшүнүк болгон эмес. Ошондой эле Ыйык Китепте жердин көзгө көрүнгөн таянычы жок экени айтылган (Аюп 26:7). Андан сырткары, дээрлик элдин баары жер жалпак деп ойлогон учурда Ыйык Китепте анын тоголок экени жазылган (Ышая 40:22).

9. Ыйык Китепти жазгандардын чынчылдыгы эмнени тастыктап турат?

9 Тарыхый окуялар жөнүндө сөз жүргөндө да Ыйык Китеп тактыгы менен өзгөчөлөнөт. Көптөгөн тарыхый китептерди, аларды жазгандар чынчыл болбогондуктан, так деп айтууга болбойт. Айталы, алар өзүнүн элинин кайсы бир согушта жеңилип калганын дайыма эле жаза беришкен эмес. Ал эми Ыйык Китепти жазгандар ысрайыл элинин жеңилген учурларын ачык жазышкан. Ошондой эле өздөрүнүн кемчиликтерин да жаап-жашырышкан эмес. Маселен, Сандар китебинде Муса пайгамбар өзүнүн олуттуу күнөө кетиргенин жана ал үчүн жазаланганын жазган (Сандар 20:2—12). Ыйык Китепти жазгандардын чынчылдыгы Ыйык Китеп Кудайдын сөзү экенин тастыктап турат. Демек, Ыйык Китепке ишенүүгө толук негиз бар.

ПАЙДАЛУУ КЕҢЕШТЕР КАМТЫЛГАН КИТЕП

10. Эмне себептен Ыйык Китептеги кеңештер пайдалуу?

10 Ыйык Китеп «Кудайдын рухунун жетеги менен жазылган жана окутуу үчүн, ашкерелөө үчүн, оңдоо үчүн... пайдалуу» (2 Тиметей 3:16). Ал эң сонун кеңештерге бай. Жахаба биздин кантип жаратылганыбызды билгендиктен ой-сезимдерибизди эң жакшы түшүнөт. Бизди өзүбүздөн да жакшы билет жана бактылуу болушубузду каалайт. Ал бизге кандай болгондо жакшы, кандай болгондо жаман болорун билет.

11, 12. а) Матай китебинин 5—7-бөлүмдөрүндө Иса пайгамбар кандай кеңештерди берген? б) Ыйык Китептен дагы эмнелерди билебиз?

11 Матай китебинин 5—7-бөлүмдөрүнөн Иса пайгамбардын бактылуу болууга, келишпестиктерди чечүүгө, акчага карата туура көз карашта болууга жана Кудайдан кантип тиленүү керектигине байланыштуу берген кеңештерин окуй алабыз. 2000 жыл мурун берилсе да, ал кеңештер бүгүнкү күндө да күчүн жоготкон жок.

12 Ыйык Китеп аркылуу Жахаба Кудай бизге үй-бүлөлүк жашоодо, жумушта жана башкалар менен мамилелешүүдө жардам берерлик принциптерди да үйрөтүүдө. Андагы кеңештер менен принциптер, ким болбойлу, кайсы жерде жашабайлы, кандай кыйынчылыктарга дуушар болбойлу, баарыбызга пайдалуу. (Окугула: Ышая 48:17; 3-тиркемени карагыла.)

ПАЙГАМБАРЛЫК СӨЗДӨРДҮН ИШЕНИЧТҮҮЛҮГҮ

Ышая пайгамбар Бабылдын басылып алынарын алдын ала айткан

13. Ышая пайгамбар Бабыл жөнүндө эмнелерди айткан?

13 Ыйык Китепте алдын ала айтылган көптөгөн пайгамбарлык сөздөр аткарылган. Маселен, Ышая пайгамбар Бабыл (Вавилон) шаарынын басылып алынарын алдын ала айткан (Ышая 13:19). Атүгүл ал кандайча болорун майда-баратына чейин сүрөттөп жазган. Бабыл шаарын чоң дарбазалар жана дарыянын суусу коргоп турган. Бирок Ышая пайгамбар ал суунун какшып каларын, ал эми дарбазалары ачык каларын айткан. Душмандар шаарды согушсуз эле басып алмак. Мындан сырткары, Ышая пайгамбар Бабылды каратып ала турган кишинин аты Кореш (Кир) болорун да айткан. (Окугула: Ышая 44:27—45:2; 4-тиркемени карагыла.)

14, 15. Ышаянын пайгамбарлык сөзү кантип аткарылган?

14 Ал пайгамбарлык сөздөр жазылгандан эки жүз жылдай өткөндөн кийин бир чоң аскер Бабылды басып алганы бет алган. Ал аскердин башында ким турган? Алдын ала жазылгандай, аны Персия падышасы Кореш баштап барган. Андан кийин да баары Ышая пайгамбар айткандай болгон.

15 Ошол түнү бабылдыктар тойлоп жатышкан. Шаардын дубалдары абдан бийик, калың болгондуктан, ошондой эле шаар суу менен курчалгандыктан, алар өздөрүн коопсуз сезишкен. Ал эми шаардын сыртында турган Кореш менен анын аскери сууну азайтыш үчүн арык казышкан. Натыйжада суу азайып, персиялык жоокерлер дарыяны оңой эле кечип өтүшкөн. Бирок алар дубалдардан кантип өтүшмөк? Ыйык Китепте алдын ала айтылгандай, ошол түнү шаардын дарбазалары ачык калган. Ошентип, жоокерлер шаарды согушу жок эле басып алышкан.

16. а) Ышая пайгамбар Бабыл басып алынгандан кийин эмне болору жөнүндө эмне деген? б) Ышая пайгамбардын сөздөрү аткарылганын эмнеден билүүгө болот?

16 Ышая пайгамбар Бабылдын акыр-аягы ээн каларын айткан. Ал: «Ал жерге экинчи эч ким отурукташпайт»,— деп жазган (Ышая 13:20). Анын ошол сөздөрү аткарылганбы? Бүгүн мурунку Бабыл шаарынын ордунда, Ирактагы Багдад шаарынан түштүктү көздөй 80 чакырымдай алыс жерде, анын урандылары эле калган. Ал жакта азыркыга чейин эч ким жашабайт. Жахаба Бабылды «кыйратуучу шыпыргы менен шыпырып салган» (Ышая 14:22, 23) *.

Бабылдын урандылары

17. Кудай убадаларын аткарарына эмне үчүн ишенсек болот?

17 Ыйык Китепте алдын ала айтылгандардын биздин күндөргө чейин аткарылганы келечек жөнүндө айтылгандардын да аткарыларына ынандырат. Андыктан Жахабанын жерди бейишке айлантары жөнүндөгү убадасы да сөзсүз аткарыларына толук ишенсек болот. (Окугула: Тит 1:2.) Ооба, «ал айтканын аткарбай койбойт» (Сандар 23:19) *.

ЫЙЫК КИТЕП ЖАШООҢОРДУ ӨЗГӨРТӨ АЛАТ

18. Элчи Пабыл «Кудайдын сөзү» тууралуу эмне деген?

18 Бул бөлүмдөн Ыйык Китептин өзгөчө китеп экенин билдик. Анда жазылгандар бири-бирине шайкеш келет, ошондой эле илимий жана тарыхый жактан так. Андан тышкары, анда пайдалуу кеңештер, аткарылган пайгамбарлык сөздөр камтылган. Бирок анын баалуулугу ушуну менен эле чектелбейт. Элчи Пабыл: «Кудайдын сөзү тирүү жана күчтүү»,— деп жазган. Муну кандай түшүнсөк болот? (Окугула: Еврейлер 4:12.)

19, 20. а) Ыйык Китеп кандай адам экениңерди түшүнүүгө кандайча жардам берет? б) Кудайдын өзгөчө белеги болгон Ыйык Китеп үчүн ыраазы экениңерди кантип көрсөтө аласыңар?

19 Ыйык Китеп жашооңорду өзгөртө алат. Ал силерге кандай адам экениңерди билүүгө, жүрөгүңөрдүн түпкүрүндөгү ойлоруңарды, сезимдериңерди түшүнүүгө жардам берет. Маселен, биз Кудайды сүйөбүз деп ойлошубуз мүмкүн, бирок Кудайды сүйөрүбүз Ыйык Китепте жазылгандарды иш жүзүндө аткарганыбыздан көрүнөт.

20 Ыйык Китеп, чынында эле, Кудай жаздырган китеп. Кудай аны окуп-изилдешибизди жана сүйүшүбүздү каалайт. Ушундай белеги үчүн ыраазы болуп, аны мындан ары да окуп-изилдей бергиле. Ошондо Кудайдын адамзатка карата болгон ой-ниетин түшүнөсүңөр. Кудайдын ал ой-ниети жөнүндө кийинки бөлүмдө сөз жүрөт.

^ 6-абз. Айрымдар Ыйык Китепте жазылгандар бири-бирине шайкеш келбейт деп айтышат, бирок бул андай эмес. Жахабанын Күбөлөрү тарабынан чыгарылган «Ыйык Китепте кандай кабар камтылган?» деген китепченин 3, 31-беттерин карагыла.

^ 16-абз. Ыйык Китептеги пайгамбарлык сөздөр жөнүндө көбүрөөк маалымат алгыңар келсе, Жахабанын Күбөлөрү тарабынан чыгарылган «Бардык адамдарга арналган китеп» деген китепченин 27—29-беттерин карагыла.

^ 17-абз. Бабылдын кыйрашы Ыйык Китептеги айтылгандардын аткарылганын көрсөткөн мисалдардын бири гана. Иса Машаякка байланыштуу алдын ала айтылгандарды 5-тиркемеден окуй аласыңар.