Купуялуулук жөндөөлөрү

Сайтты колдонуу ыңгайлуу болушу үчүн биз cookie файлдарын жана башка ушу сыяктуу программаларды колдонобуз. Айрым cookie файлдары веб-сайтыбыз тийиштүү түрдө иштеши үчүн зарыл жана алардан баш тартууга болбойт. Сиз сайтыбызды жакшыртууга шарт түзгөн кошумча cookie файлдарын колдонууга макулдугуңузду бере аласыз же алардан баш тарта аласыз. Биз чогулткан маалыматтар эч качан сатылбайт, маркетинг үчүн колдонулбайт. Бул тууралуу көбүрөөк билиш үчүн «Cookie файлдарын жана ушу сыяктуу программаларды колдонуу боюнча бүткүл дүйнөлүк саясат» деген макаланы окуңуз. Каалаган учурда «Купуялуулук жөндөөлөрүнө» кирип, cookie файлдарын өзүңүзгө ылайыктап жөндөп койсоңуз болот.

Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Дөөтү салмоорун айлантып жатат. Аны ысрайылдык жоокерлер карап турат

58–БӨЛҮМ

Дөөт менен Голийат

Дөөт менен Голийат

ПЕЛИШТИЛИКТЕР кайра ысрайыл элине кол салат. Дөөттүн үч агасы — Шабулдун жоокерлери. Бир күнү Жышай Дөөттү: «Агаларыңа анча-мынча дан, нан жеткирип, ал-жайын билип келчи»,— деп жиберет.

Аскердик кошуунга келгенде ал агаларын издеп, согуш жүрүп жаткан жерге барат. Пелиштилик Голийат аттуу балбан ысрайылдыктарды мазактоого чыгат. Ал 40 күндөн бери эртең менен жана кечинде: «Араңардан мага каршы чыга турган кишини тандагыла. Эгер ал мени жеңсе, биз силерге кул болобуз. Эгер мен жеңсем, силер бизге кул болосуңар. Мени менен согушчу кишиңерди чыгаргыла!» — деп кыйкырып келет.

Голият жана пелиштилик аскер

«Бул пелиштиликти өлтүрүп, Ысрайылды шылдыңдан арылткан адам кандай сыйлык алат?» — деп сурайт Дөөт кээ бир жоокерлерден.

«Шабул ага көп байлык жана аялдыкка кызын берет»,— дешет алар.

Бирок Голийат аябай чоң болгондуктан, ысрайылдыктардын баары андан коркот. Анын бою 3 метрдей, ал эми калканын жоокери көтөрүп жүрөт.

Жоокерлер Шабулга келип, Дөөттүн Голийат менен согушкусу келип жатканын айтышат. Бирок ал Дөөткө: «Сен бул пелиштилик менен согуша албайсың. Али жашсың, ал болсо өмүр бою согушуп келаткан жоокер»,— дейт. «Мен атамдын койлоруна тийген аюуну да, арстанды да өлтүрчүмүн. Бул пелиштиликти да өлтүрөм. Жахаба мага жардам берет»,— деп жооп берет Дөөт. Анда Шабул: «Мейли, бар. Жахаба сени менен болсун»,— дейт.

Дөөт арыктан беш жылмакай таш терип, баштыгына салат. Анан салмоорун алып, балбанга каршы чыгат. Голийат көргөн көзүнө ишенбейт. Ал Дөөттү оңой эле өлтүрөм деп ойлойт.

«Бери кел! Денеңди куштар менен жырткычтарга салып берем»,— дейт Голийат. Дөөт болсо: «Сен мага каршы найза, кылыч жана калкан менен чыксаң, мен сага Жахабанын аты менен баратам. Бүгүн Жахаба сени менин колума салып берет, сен өлөсүң!» — деп айтат.

Дөөт Голийатты көздөй чуркайт. Баштыгынан таш алып, салмоорго салат да, болгон күчү менен ыргытат. Таш учуп барып, Голийаттын так маңдайына тиет — ал мерт кетет! Пелиштиликтер балбанынын өлгөнүн көргөндө качып жөнөшөт. Ысрайылдыктар аларды кууп барып, талкалашат.