Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

ТИРКЕМЕ

Иса кышында төрөлгөнбү?

Иса кышында төрөлгөнбү?

ЫЙЫК КИТЕПТЕ Исанын качан төрөлгөнү айтылбайт. Анткен менен анын кышында төрөлбөгөнүн көрсөткөн жүйөлүү далилдер бар.

Мисалы, Исанын киндик каны тамган Бетлехемде кышкысын аба ырайынын кандай болгонун карап көрөлү. Байыркы еврей календары боюнча кислеп деп аталган ай (ноябрь/декабрга туш келет) адатта суук жана жаанчыл болгон. Анын артынан тебейт айы (декабрь/январь) келчү. Ал жылдын эң суук айы болуп эсептелчү жана айрым учурларда Бетлехемдин тегерегиндеги бөксө тоолорго кар түшүп калчу. Кел, ал жердин климаты тууралуу Ыйык Китепте эмне айтыларын окуп көрөлү.

Ыйык Жазманын Эзра китебинен кислеп айы, чынында эле, суук жана жаанчыл болгонун билебиз. Эзра «тогузунчу айдын [кислеп айынын] жыйырманчы күнү» элдин Иерусалимге чогулганын жана алардын «жамгыр жаап жаткандыктан» «титиреп отурганын» жазган. Элдин: «Азыр жаанчыл мезгил болгондуктан, сыртта туруу мүмкүн эмес болуп турат»,— деген сөздөрүнөн ошол убакта аба ырайы кандай болгонун билүүгө болот (Эзра 10:9, 13; Жеремия 36:22). Бул маалымат ал жакта жашаган койчулардын жылдын ошол мезгилинде эмне үчүн койлору менен талаада түнөшпөгөнүн түшүнүүгө жардам берет.

Ал эми Иса төрөлгөндө койчулар түнкүсүн талаада болушкан. Муну Ыйык Китептен биле алабыз. Луканын Инжилинде ошол кезде койчулардын «талаада жашап, түнкүсүн малын күзөткөнү» айтылат (Лука 2:8—12). Байкасаң, койчулар малы менен талаада түнөшкөн. Алар кыштын суук жана жаанчыл күндөрүндө талаада түнөшөт беле? Албетте, жок! Бул Исанын кышында төрөлбөгөнүн көрсөтүп турат *.

Кудайдын Сөзүндө Исанын кайсы күнү төрөлгөнүнө маани деле берилбейт, бирок өлгөн күнүнүн датасы так айтылат. Бул Сулайман падышанын: «Жакшы ат баалуу майдан артык, адамдын өлгөн күнү туулган күнүнөн артык»,— деген сөздөрүн эсибизге салат (Насаатчы 7:1). Ошондуктан Ыйык Китепте Исанын төрөлгөн күнү эмес, кызматы жана өлүмү тууралуу көп айтылары таң калыштуу эмес.

Иса төрөлгөндө, койчулар түнкүсүн малы менен талаада болушкан

^ 1-абз. Бул тууралуу көбүрөөк маалымат алуу үчүн Жахабанын Күбөлөрү тарабынан чыгарылган «Ыйык Жазманын негизинде талкуулашуу» (ор.) деген китептин 288—291-беттерин кара.