50-САБАК
Жахаба Жошапатты коргойт
Жүйүт падышасы Жошапат өлкөсүндөгү Баалга арналган курмандык жайларын, буркандарды талкалаган. Жошапат элдин Жахабанын мыйзамдарын билишин каалаган. Ошондуктан элге Жахабанын мыйзамдарын үйрөтсүн деп өлкөнүн туш тарабына төрөлөр менен лебилерди жөнөткөн.
Тегерек-четтеги элдер жүйүттөр менен согушкандан коркушкан. Анткени аларды Жахаба колдой турганын билишкен. Ошондуктан Жошапатка белектерди берип турушкан. Бирок мааптыктар, Амон уулдары жана Сеир жериндегилер жүйүттөр менен согушканы келишкен. Жошапат Жахабанын жардамына муктаж экенин билген. Анын падышалыгындагы бардык эркектер, аялдар, балдар Иерусалимге чогулушкан. Анан Жошапат алардын алдына туруп: «Жахаба, сен жардам бербесең, биз жеңе албайбыз. Эмне кылышты билбей жатабыз. Жардам берчи»,— деп тиленген.
Жахаба алардын үнүн угуп: «Коркпогула. Мен силерге жардам берем. Ордуңарда туруп, менин кантип куткарарымды карап тургула»,— деген. Ал аларды кантип куткарган?
Эртеси эртең менен Жошапат ырчыларды тандап, аларга жоокерлердин алдына түшүп баскыла деп айткан. Алар Иерусалимден чыгып, Текоя деген жердеги согуш талаасына чейин барышкан.
Ырчылар бийик үн менен Жахабаны даңктап ырдап жатканда, ал өзүнүн эли үчүн согушкан. Ал Амон уулдары менен мааптыктарды дүрбөлөңгө түшүргөндүктөн, алар бири-бирин кырып салышкан. Эч кимиси аман калган эмес. Ал эми жүйүттөр, алардын жоокерлери менен дин кызматчылары эч кандай зыян тарткан эмес. Айланадагы элдердин баары Жахабанын эмне кылганын угушкан жана бул жолкусунда да өз элин коргогонун түшүнүшкөн. Жахаба элин кантип коргойт? Ар кандай жолдор менен. Ал элин коргош үчүн адам баласынын жардамына муктаж эмес.
«Бул жолкусунда силер согушпайсыңар. Ордуңарда туруп, Жахабанын силерди кантип куткарарын карап тургула» (Жылнаама 2-китеп 20:17)