Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

27-САБАК

Алар Жахабага каршы чыгышат

Алар Жахабага каршы чыгышат

Ысрайылдыктар чөл кезип жүргөндө, Корак, Датан, Абырам жана дагы башка 250 киши Муса пайгамбарга каршы чыгышкан. Алар ага: «Жетишет силердики! Эмне үчүн бизге сен башчы болушуң керек? Эмнеге Арун башкы дин кызматчы болушу керек? Жахаба, эмне, Арун экөөңөрдү эле колдойт бекен? Ал баарыбызды колдойт»,— дешкен. Бул Жахабага жаккан эмес. Ал муну өзүнө каршы чыккандай кабыл алган.

Муса пайгамбар Корак менен анын таламдаштарына: «Чок салгычтарыңарга жыпарзаттан толтуруп, эртең ыйык чатырга келгиле. Жахаба кимди тандаганын өзү көрсөтөт»,— деп айткан.

Эртеси Корак менен 250 киши Муса пайгамбарга жолугуш үчүн ыйык чатырга барган. Анан, дин кызматчылардай болуп, жыпарзат түтөтүшкөн. Жахаба Муса пайгамбар менен Арунга: «Корак менен анын кишилеринен бөлүнүп, өзүнчө тургула»,— деген.

Корак жолугушуу чатырына барган. Ал эми Датан, Абырам жана алардын үй-бүлөсү барбай коюшкан. Ошондо Жахаба ысрайылдыктарга Корактын, Датандын жана Абырамдын чатырларынан алыс тургула деген. Ысрайылдыктар дароо ошентишкен. Датан менен Абырам жана алардын үй-бүлөсү чатырларынын сыртында турушканда, жер ачылып, алардын баарын жутуп кеткен. Жолугушуу чатырына барган Корак менен 250 кишини болсо асмандан түшкөн от жалмап кеткен.

Андан соң Жахаба Муса пайгамбарга мындай деген: «Ар бир уруу башчысынан бирден таяк алып, ар биринин атын өзүнүн таягына жазып кой. Арундун атын Леби уруусунун таягына жаз. Анан аларды жолугушуу чатырынын ичине кой. Мен кимди тандасам, ошонун таягы бүчүр байлайт».

Кийинки күнү Муса пайгамбар бардык таяктарды алып келип, башчыларга көрсөткөн. Арундун таягы гүлдөп, бадамдын бышкан мөмөлөрү пайда болуп калган экен. Ошентип, Жахаба башкы дин кызматчы кылып Арунду тандаганын көрсөткөн.

«Араңарда жетекчиликти колго алгандарга тил алгыла, баш ийгиле» (Еврейлерге 13:17)