Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

98-САБАК

Жакшы кабар көп элдерге жетет

Жакшы кабар көп элдерге жетет

Элчилер Исанын жакшы кабарды бүт жер жүзүнө жарыялагыла деген буйругуна баш ийишкен. Ошондуктан биздин замандын 47-жылы Антиохиядагы бир туугандар Пабыл менен Барнабаны башка жактарга кабар айтканга жөнөтүшкөн. Ал эки ынталуу жарчы бүтүндөй Кичи Азияны аралап, ал жактагы Дербе, Листра, Икония деген шаарларда жакшы кабарды жарыялашкан.

Пабыл Барнаба экөө баарына: байларга, кедейлерге, жаштарга, улууларга кабар айтышкан. Алардын көптөрү Машаяк жөнүндөгү чындыкты кабыл алышкан. Пабыл менен Барнаба Кипр аралынын башкаруучусу Сергий Пабылга кабар айтканда, бир көз байлоочу аларга тоскоолдук кылган. Пабыл ага: «Жахаба сени жазалайт»,— деген. Көз байлоочу ошол замат сокур болуп калган. Сергий Пабыл муну көргөндө Исага ишенип калган.

Пабыл менен Барнаба бүт жерде: үймө-үй, базарларда, жолдо жана сыйынуу жайларында кабар айтышкан. Алар Листрада буту баспаган бир кишини айыктырганда, кереметти көргөндөр экөөнү кудайлар деп ойлоп, аларга сыйынмакчы болушкан. Бирок экөө: «Биз силерге окшогон эле адамбыз. Кудайга гана сыйынгыла!» — деп, аларды токтотуп калышкан. Анан айрым жүйүттөр келип, элди Пабылга каршы тукурушкан. Эл болсо аны таш бараңга алган. Анан өлдү деп ойлоп, шаардын сыртына сүйрөп чыгарып салган. Бирок Пабыл тирүү болчу. Шакирттер дароо ага жардамга келип, кайра шаарга алып кетишкен. Кийин Пабыл Антиохияга кайтып барган.

Биздин замандын 49-жылы Пабыл кабар айтканы дагы сапарга чыккан. Кичи Азиядагы боордоштору менен көрүшкөндөн кийин ал жакшы кабарды тээ алыскы Европага чейин жарыялаган. Ал Афин, Эфес, Филипи, Тесалоника шаарларын жана башка жерлерди кыдырган. Аны Сылас, Лука жана жаш Тиметей коштоп жүргөн. Алар чогуу кызматташып, жыйналыштарды уюштурушкан жана ал жактагыларга дем-күч беришкен. Пабыл Корунтта бир жарым жыл калып, бир туугандардын ишенимин бекемдеген. Ал жакта кабар айткан, окуткан, жыйналыштарга каттарды жазган. Жанын багыш үчүн чатыр тигип иштеген. Кийин кайра Антиохияга барган.

Биздин замандын 52-жылы Пабыл үчүнчү жолу сапарга аттанган. Бул жолкусунда Кичи Азиядан баштаган. Ал түндүктү көздөй жол жүрүп, Филипи шаарына, андан ары Корунтка барган. Ошондой эле Эфесте бир нече жыл болуп, Кудайдын Сөзүн окуткан, оорулууларды айыктырган, жыйналышка жардам берген. Андан сырткары, бир мектепте күн сайын эл алдында сөз сүйлөгөн. Анын айткандарына көптөр ишенип, жашоосун өзгөртүшкөн. Пабыл далай жерлерди кыдырып кабар айткандан кийин акырында Иерусалимге барган.

«Ошондуктан баргыла да, бардык элдерден шакирт даярдагыла» (Матай 28:19)