Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

14-бөлүккө кириш сөз

14-бөлүккө кириш сөз

Исанын алгачкы жолдоочулары Падышалык жөнүндөгү жакшы кабарды жердин учу-кыйырына чейин таратышкан. Иса шакирттерине багыт берип, каякта кабар айтышы керектигин көрсөтүп турган. Аларды башка тилдерде да кабар айтканга керемет жолу менен жөндөмдүү кылган. Жахаба аларды кайраттуу кылып, катуу куугунтукка чыдаганга күч берген.

Иса элчи Жаканга аян аркылуу Жахабанын даңкын көрсөткөн. Дагы бир аянда Жакан асмандагы Падышалыктын Шайтанды жеңип, анын бийлигин жок кылганын көргөн. Ага Исанын 144 000 кошо башкаруучусу менен чогуу падышалык кылып жатканы көрсөтүлгөн. Ал жер жүзү бейишке айланып, бүт адамдардын Жахабага тынчтыкта, биримдикте сыйынып жатканын да көргөн.

БУЛ БӨЛҮКТӨ

94-САБАК

Шакирттерге ыйык рух түшөт

Шакирттерге ыйык рух түшкөндө, эмне болгон?

95-САБАК

Аларды эч нерсе токтоткон эмес

Исаны өлтүргөн диний жетекчилер анын шакирттеринин кабар айтканын токтотконго аракет кылышкан. Бирок эч майнап чыккан эмес.

96-САБАК

Иса Шабылды тандайт

Шабыл Исанын жолдоочуларын ырайымсыздык менен куугунтуктаган, бирок кийин өзгөргөн.

97-САБАК

Корнелийге ыйык рух берилет

Кудай Петирди жүйүт элинен болбогон кишиникине эмне үчүн жөнөткөн?

98-САБАК

Жакшы кабар көп элдерге жетет

Элчи Пабыл менен анын шериктери жакшы кабарды алыскы жерлерге чейин жарыялашкан.

99-САБАК

Түрмө сакчысы Исанын жолдоочусу болот

Пабыл менен Сылас эмне үчүн түрмөгө камалган? Түрмө сакчысы кантип Исанын жолдоочусу болуп калган?

100-САБАК

Пабыл менен Тиметей

Пабыл менен Тиметей көп жыл бою чогуу кызмат кылып, ынак достордон болуп калган.

101-САБАК

Пабылды Римге жөнөтүшөт

Пабылдын бул сапары көп кыйынчылыктар менен коштолгон. Бирок алар анын ынтасын суута алган эмес.

102-САБАК

Жакан көргөн аяндар

Иса Жаканга келечек жөнүндө бир нече аян көрсөткөн.

103-САБАК

«Падышалыгың келсин»

Жаканга берилген аянда Кудайдын Падышалыгы жашообузду кандайча өзгөртөрү көрсөтүлгөн.