91-САБАК
Иса тирилет
Иса өлгөндөн кийин, Жусуп деген бай киши Пилаттан анын сөөгүн устундан түшүрүп, алып кеткенге уруксат сураган. Ал Исанын сөөгүн жогорку сапаттагы зыгыр кездеме менен кепиндеп, жыпар жыттуу заттар менен майлап, жаңы мүрзөгө койгон. Анан чоң ташты тоголотуп келип, мүрзөнүн оозун жапкан. Жогорку дин кызматчылар Пилатка: «Исанын шакирттери анын сөөгүн уурдап кетип: „Ал тирилди“,— деп айтышпасын деп коркуп жатабыз»,— дешкен. Пилат аларга: «Мүрзөнүн оозундагы ташка мөөр басып, өз билгениңердей кайтара бергиле»,— деген.
Үч күндөн кийин эртең менен эрте бир нече аял мүрзөгө барып, таштын жылып калганын көрүшкөн. Мүрзөнүн ичине киришкенде, бир периште аларга: «Коркпогула. Иса тирилди. Анын шакирттерине барып: „Ага Галилеядан жолугасыңар“,— деп айткыла»,— деген.
Магдалалык Мариям болсо Петир менен Жаканга шашып жөнөгөн. Анан аларды таап: «Исанын сөөгүн бирөө алып кетиптир!» — деген. Петир менен Жакан мүрзөгө чуркап жөнөшкөн. Алар мүрзөнүн ичи бош экенин көрүп, үйлөрүнө кайтышкан.
Мариям мүрзөгө кайра барганда анын ичинен эки периштени көрүп, аларга: «Мырзамды кайсы жакка алып кетишкенин билбейм»,— деген. Анан ал бир кишини көргөн. Аны бакчы деп ойлоп: «Мырзам, аны каякка алып кеткениңди айтчы»,— деп сураган. Бирок ал киши: «Мариям!» — дегенде, анын Иса экенин тааныган. Ошондо Мариям: «Устат!» — деп кыйкырып жиберген да, бутун кучактай жыгылган. Иса ага: «Шакирттериме барып, мени көргөнүңдү айт»,— деген. Ал ошол замат шакирттерге чуркап барып, Исаны көргөнүн айтып берген.
Ошол күнү кечке жуук эки шакирт Иерусалимден Эмаус деген айылга баратышкан. Жолдон бир киши аларга катарлай басып, эмне жөнүндө сүйлөшүп баратышканын сураган. Алар: «Сен эмне уккан эмес белең? Үч күн мурун жогорку дин кызматчылар Исаны өлүм жазасына тартышкан болчу. Эми болсо кээ бир аялдар ал тирүү экен деп айтып жатышат»,— дешкен. Тиги киши аларга:
«Пайгамбарларга ишенбейсиңерби? Алар Машаяктын өлүп, кайра тирилерин айтышпады беле?!» — деген. Анан экөөнө Ыйык Жазмада жазылгандарды түшүндүрүп берген. Эмауска жетишкенде, шакирттер ал кишиден өздөрү менен чогуу калууну суранышкан. Тамактанганы отурганда, ал нанды алып, Кудайдан тиленген. Ошондо шакирттер анын Иса экенин таанышкан, бирок ал жок болуп кеткен.Экөө дароо Иерусалимдеги элчилер чогулган үйгө барышкан да, эмне болгонун айтып беришкен. Ошол убакта Иса пайда болуп, алардын баарына көрүнгөн. Башында элчилер анын Иса экенине ишенишкен эмес. Ошондуктан ал аларга: «Колу-бутумду карасаңар, бул менмин. Мага колуңарды тийгизип көргүлө. Машаяктын кайра тирилери алдын ала жазылбады беле»,— деген.
«Мен жолмун, чындыкмын жана өмүрмүн. Атама мен аркылуу гана барганга болот» (Жакан 14:6)