Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

78-САБАК

Исанын Падышалык жөнүндө кабар айтышы

Исанын Падышалык жөнүндө кабар айтышы

Чөмүлгөнүнөн көп өтпөй Иса: «Кудайдын Падышалыгы жакындап калды»,— деп кабарлай баштаган. Шакирттери да аны менен чогуу Галилеяны жана Жүйүт жерин кыдырышкан. Иса өзүнүн шаары Назаретке кайтып келгенде сыйынуу жайына барган. Ал жактан Ышая пайгамбардын түрмөгүн ачып: «Жакшы кабар айтышым үчүн, Жахаба мага ыйык рухун берди»,— деген сөздөрдү үн чыгара окуган. Ал сөздөр эмнени билдирген? Көптөр Исанын керемет жасашын кааласа да, Жахаба ага ыйык рухун биринчи кезекте кабар айтышы үчүн бергенин билдирген. Анан Иса аны угуп жаткандарга: «Бүгүн бул сөздөр аткарылды»,— деген.

Андан кийин Галилея деңизине барып, өзүнүн болочок төрт шакиртине жолуккан. Алар балыкчы болушкан. Аттары Петир, Андрес, Жакып жана Жакан эле. Иса аларды: «Жүргүлө мени менен, мен силерди адам уулоочу кылам»,— деп чакырган. Ал шакирттер балык кармаганын дароо таштап, анын артынан ээрчип жөнөшкөн. Алар Галилеянын бардык жерин кыдырып, Жахабанын Падышалыгы жөнүндө кабар айтышкан. Ошондой эле сыйынуу жайларында, базарларда жана көчөлөрдө кабар айтышкан. Кайсы жакка барышпасын, алардын артынан көптөр ээрчип жүрүшчү. Иса жөнүндөгү кабар бүт жерге, жадагалса Сирияга чейин тараган.

Кийинчерээк Иса өзүнүн айрым шакирттерине оорулууларды айыктырганга, жиндерди кууп чыгарганга күч берген. Ал эми башкалары аны менен чогуу шаарларды, айылдарды кыдырып кабар айтышкан. Көптөгөн ишенимдүү аялдар, анын ичинде магдалалык Мариям, Жаана, Сузана жана башкалар Исага жана аны менен жүргөн жолдоочуларына кам көрүшкөн.

Иса шакирттерин окутуп-үйрөтүп, кабар айтканга жөнөткөн. Алар Галилеяны кыдырып кабар айтышканда, дагы көптөр Исанын шакирти болуп, чөмүлүшкөн. Ушунчалык көп адамдар анын шакирти болгусу келгендиктен, Иса аларды орууга даяр болуп калган эгин талаасына окшоштурган. Ал: «Түшүм жыйнаганга жумушчуларды жибериши үчүн, Жахабадан тиленгиле»,— деп айткан. Кийинчерээк 70 шакиртин тандап, бүт Жүйүт аймагына кабар айтканга эки-экиден жиберген. Алар Падышалык жөнүндө ар кандай адамдарга айтышкан. Шакирттер кайтып келип, болгон окуяларды Исага сүйүнүп айтып беришкен. Мындан көрүнүп тургандай, Шайтан кабар айтуу ишин токтото алган эмес.

Иса шакирттеринин бул маанилүү ишти өзү асманга кеткенден кийин да уланта беришин каалаган. Ошон үчүн аларга: «Жакшы кабарды бүт жер жүзүнө жарыялагыла. Адамдарга Кудайдын Сөзүндө жазылгандарды үйрөткүлө, аларды чөмүлдүргүлө»,— деген.

«Кудайдын Падышалыгы жөнүндөгү жакшы кабарды башка шаарларга да жарыялашым керек, анткени мен ошол үчүн жиберилгем» (Лука 4:43)