Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

19-бөлүк

Иса пайгамбар бүткүл дүйнө жүзүндө боло турган окуяларды айткан

Иса пайгамбар бүткүл дүйнө жүзүндө боло турган окуяларды айткан

Иса асмандагы такка отурганда жана дүйнө түзүлүшү аяктаарда кандай өзгөчө окуялар болорун айткан

ИЕРУСАЛИМ жана андагы ибадаткана Зайтун тоосунан караганда алаканга салгандай көрүнүп турчу. Иса төрт шакирти менен ошол тоодо отурганда, алар Исадан анын мурунку айткандары жөнүндө сурашат. Иса аларга Иерусалимдеги ибадаткананын талкаланарын айткан эле. Ал эми андан мурунураак «дүйнө түзүлүшүнүн аягы» жөнүндө айткан болчу (Матай 13:40, 49). Ошондуктан шакирттери: «Сенин катышууңдун убагын жана бул дүйнө түзүлүшүнүн аяктап баратканын кайсы белгиден билүүгө болот?» — деп сурашат (Матай 24:3).

Иса аларга жооп берип, Иерусалим талкаланганга чейин кандай окуялар болорун айтат. Бирок ал тек гана Иерусалим жөнүндө айткан эмес. Анткени анын пайгамбарлыгы келечекте бүткүл дүйнө жүзү боюнча аткарылмак. Иса дүйнө түзүлүшүнүн аяктаганын билдирген белгилерди — бир катар окуяларды жана дүйнөдө өкүм сүрө турган абалды — айткан. Ошол белгилер Исанын асманда бийлик жүргүзө баштаганынан кабар бермек. Башкача айтканда, Жахаба Кудайдын тээ байыркы заманда эле убадалаган асман Падышалыгына Падыша кылып Исаны дайындаганын айгинелемек. Ошондой эле белгилерден асман Падышалыгы жамандыкты жоюп, жер жүзүндө тынчтыкты орноторун билүүгө болмок. Исанын айткандары бузулган эски дүйнөнүн — азыркы диний, саясий жана коомдук түзүлүштүн — соңуна чыгып калганын, ал эми жаңы дүйнөнүн босогодо турганын билдирмек.

Иса асманда такка отурганда жер-жерлерде согуштар, ачарчылык, чоң-чоң жер титирөөлөр, жугуштуу оорулар болорун жана мыйзамсыздык көбөйөрүн айткан. Андан тышкары, Исанын чыныгы жолдоочулары Кудайдын Падышалыгы жөнүндөгү жакшы кабарды бүткүл дүйнө жүзүндө айтышмак. Мына ушунун баары буга чейин болуп көрбөгөн «улуу алаамат» менен аяктамак (Матай 24:21).

Исанын жолдоочулары алааматтын жакын калганын кайдан билишмек? Иса: «Анжыр дарагын карап, өзүңөргө сабак алгыла»,— деген (Матай 24:32). Анжыр дарагынын бутактары көөп, жалбырак байлай баштаганы жай келип калганын билдирет. Анын сыңарындай эле, Иса айткан окуялардын баары бир эле мезгилде болуп жатканы дүйнөнүн аяктап калганынан кабар берет. Улуу алааматтын качан башталарын асмандагы Кудайдан башка эч ким билбейт. Ошондуктан Иса шакирттерине: «Сергек болгула, анткени белгиленген убакыттын качан келерин билбейсиңер»,— деп кеңеш берген (Марк 13:33).

Матай 24, 25-бөлүмдөргө, Марк 13-бөлүмгө жана Лука 21-бөлүмгө негизделди.

^ Исанын пайгамбарлыгы жөнүндө көбүрөөк маалымат алуу үчүн Жахабанын Күбөлөрү тарабынан чыгарылган «Ыйык Китеп чынында эмнеге окутат?» китебинин 86—95-беттерин карагыла.