Кудайга ишенгендер бактылуу
Бул китепчеде дүйнөнүн чар тарабында жашаган адамдардын Кудайга ишенүүнүн аркасында канткенде чындап бактылуу болушканы жөнүндө айтып бергендери жазылат.
1-БӨЛҮМ
Алла-таала бизге кам көрөбү?
Жашообуз кайгы-капага толгон. Силер да кыйынчылыктарга кабылып жатсаңар керек. Бизге ким жардам берет? Бизге кимдир бирөө кам көрөбү?
2-БӨЛҮМ
Кудайга ишенгендер бактылуу
Кудайга ишенүү анын бар экенине ишенүүдөн да көптү билдирет. Көптөр Алла-таалага ишенгени менен, жаман иштерди кылышат.
3-БӨЛҮМ
Ыйык Китеп адамды өзгөртө алат
Ыйык Жазмада никедеги кыйынчылыктарды чечүүгө, ачууга алдырбоого, зордук-зомбулукту, баңгиликти таштоого, жек көрүү сезиминен арылууга жана башка жактардан жакшырууга жардам бере турган даанышман кеңештер бар.
4-БӨЛҮМ
Алла-таала тууралуу эмнелерди билишибиз керек?
Адамдар толгон-токой кудайларга сыйынышат. Бирок Ыйык Жазмада бир эле чыныгы Кудай бар деп айтылат.
5-БӨЛҮМ
Кудайдын теңдешсиз сапаттары
Ыйык Жазмада Кудайдын теңдешсиз сапаттары бар экени айтылат. Ал сапаттар анын кандай Кудай экенин ачып берет.
6-БӨЛҮМ
Кудайдын жерге карата ой-ниети
Ыйык Жазмада Кудайдын жерди белгилүү бир максат менен, адамдар жашашы үчүн, жаратканы айтылат. Ал дүйнөдө баш-аламандык сүрүшүн ниет кылды беле?
9-БӨЛҮМ
Иса Машаяктан эмнеге үйрөнө алабыз?
Кудай адамдарга кандай жол башчы керек экенин билет жана эң мыктысын тандай алат.
11-БӨЛҮМ
Кудайга чындап ишенгендерди кантип аныктаса болот?
Иса пайгамбар Кудайга чындап ишенгендердин «жакшы жемиш» берерин, башкача айтканда, жакшы сапаттарды чагылдырарын айткан. Кандай сапаттар?
13-БӨЛҮМ
Кудайга чындап ишенгендер түбөлүккө бактылуу жашашат
Ыйык Китепте жүрөк козгоорлук убадалар силерге да тиешелүү.