40-БӨЛҮМ
Кудайды кантип кубандыра алабыз?
КУДАЙДЫ кантип кубандыра алабыз? Биз ага бир нерсе бере алабызбы? ~ «Токойдогу жаныбарлардын баары Меники»,— дейт Жахаба. Ошондой эле: «Күмүш Меники, алтын да Меники»,— деген (Забур 23:1; 49:10; Акай 2:8). Ошентсе да биз Кудайга бере ала турган абдан баалуу бир нерсе бар. Ал эмне? ~
Жахаба бизге ага кызмат кылууну же кылбоону өзүбүз чечүүгө укук берген. Ал бизди баарын өзү каалагандай кылууга мажбурлабайт. Кел, Кудай буга байланыштуу эмне үчүн бизди өз эркибизге койгонун билели.
Робот деген эмне экенин билет чыгарсың. Робот — бул аны жасаган киши ойлонуштурган нерселерди гана аткарган машина. Ал эмне кылыш керектигин өзү чече албайт. Жахаба бизди ошондой роботко окшош кылып жарата алмак. Анда баарыбыз Кудай каалаганды кылмакпыз. Бирок ал андай кылган эмес. Эмне үчүн экенин билесиңби? ~ Кнопкасын бассаң, кыймылдап, аны жасаган киши ойлонуштурган нерселерди кыла турган оюнчук роботтор да бар. Сен ошондой оюнчуктарды көрдүң беле? ~ Адатта, алардан бат эле тажап, ойногуң келбейт калат. Анткени алар бир эле нерсени
кыла беришет. Кудай биздин ошондой роботторго окшош болушубузду жана ага башка эч нерсе кылууга мүмкүнчүлүгүбүз жок болгондуктан эле кызмат кылышыбызды каалаган эмес. Жахаба биздин ага аны сүйгөндүктөн жана ага тил алууну каалагандыктан кызмат кылышыбызды каалайт.Кандай деп ойлойсуң, асмандагы Атабыз биздин ага тил алууга аракет кылып жатканыбызды көргөндө кандай сезимде болот? ~ Сенин жүрүм-турумуң ата-энеңе кандай таасир этет? ~ Ыйык Китепте акылдуу уул «атасын кубантары», ал эми акылсыз «энесинин кайгысы» экени айтылат (Накыл сөздөр 10:1). Атаң менен апаңдын тилин алганда алардын сүйүнгөнүн байкадың беле? ~ Ал эми өз билгениңди кылганыңда, алар кандай сезимде болушат? ~
Кел, эми асмандагы Атабыз Жахаба жөнүндө ойлонуп көрөлү. Ал аны канткенде кубандыра аларыбызды айткан. Ыйык Китептин Накыл сөздөр китебин ачып, 27-бөлүмдүн 11-аятын окуп көрсөң. Ал жерде Кудай бизди: «Уулум [ошондой эле кызым], акылдуу бол, менин жүрөгүмдү кубант. Ошондо мага жаман сүйлөгөн адамга [жаманатты кылганга] жооп бере алам»,— деп чакырат. Кимдир бирөөнү жаманаттылоо деген эмне экенин билесиңби? ~ Бул анын берген убадаларын аткара албай турганын башкаларга айтып, аны шылдыңдоону билдирет. Шайтан Жахабаны кантип жаманаттылап жатат? ~ Кел, ошол жөнүндө билели.
8-бөлүмүнөн Шайтан Кудайдын ордун ээлегиси келе турганын жана баарынын ага баш ийишин каалаарын билгенбиз. Шайтан адамдар Жахабага түбөлүк өмүр алуу үчүн гана кызмат кылышат деп ырастайт. Ал Адам ата менен Обо энени тил албастыкка түрткөндөн кийин талаш маселе көтөргөн. Шайтан Жахабага: «Адамдар сага өз пайдасы үчүн гана кызмат кылышат. Мага бийлик берсең, бирин да калтырбай сенден баш тарттырам»,— деген.
Эсиңдеби, ушул китептинБул сөздөр Ыйык Китепте жазылбаса да, Шайтандын Кудайга ушул сыяктуу сөздөрдү айтканы шексиз. Муну Аюб жөнүндөгү окуядан билүүгө болот. Аюб Кудайга ишенимдүү бойдон калабы? Бул суроо Жахаба үчүн да, Шайтан үчүн да абдан маанилүү болгон. Кел, Ыйык Китептен Аюб китебин ачып, 1, 2-бөлүмдөрүн окуп, эмне болгонун карап көрөлү.
Аюб китебинин 1-бөлүмүндө айтылгандай, Жахабанын алдына бардык периштелер барган күнү алар менен кошо Шайтан да барган. Ошондуктан Жахаба Шайтандан: «Сен Аюб 1:6—8).
кайдан келдиң?» — деп сураган. Шайтан жер жүзүн аралап, айланып чыкканын айткан. Кудай ага: «Сен Менин кулум Аюбга көңүл бурдуңбу? Ал мага ишенимдүү кызмат кылат жана жамандык жасабайт»,— деген (Шайтан дароо эле ага: «Аюб сага эч кандай кыйынчылык тартпагандыктан гана кызмат кылат. Аны коргобой, ага бата бербей койсоң, ал сени каргайт»,— деген. Ошондо Жахаба Шайтанга: «Каалаганыңдын баарын жаса, бирок Аюбдун өзүнө тийбе»,— деп айткан (Аюб 1:9—12).
Анан Шайтан эмне кылган? ~ Ал Аюбдун бардык малы менен эшектерин уурулар уурдап, кулдарын өлтүрүп кеткидей кылган. Андан кийин асмандан чагылган түшүп, Аюбдун бардык койлору менен койчуларын от жалмап кеткен. Каракчылар төөлөрүн уурдап, аларды кайтарып жүргөн кишилерди өлтүрүп кеткен. Ошондой эле Шайтан катуу шамал соктургандыктан, Аюбдун он баласы чогулган үй кулап, балдарынын баары өлүп калган. Бирок ушунун баарына карабай Аюб Жахабага берилген бойдон калган (Аюб 1:13—22).
Шайтан дагы бир жолу Жахабага барганда, Жахаба Шайтандын көңүлүн Аюбдун берилгендигине бурган. Бирок Шайтан: «Эгер мага аны оорутууга жол берсең, ал сени ошол замат каргайт»,— деген. Жахаба Шайтанга
Аюбду оору менен сыноого жол берип: «Мына ал сенин колуңда, бирок аны өлтүрбө»,— дейт.Шайтан Аюбду катуу оорутат. Анын денесинин баарын жара басат. Ал аябай жаман жыттангандыктан, анын жанында эч ким тура алгыс болуп калат. Ал эмес, аялы да ага: «Кудайга акарат келтир да, өл»,— деген. Жалган достору ушунун баары анын мурда кылган олуттуу күнөөлөрү үчүн болуп жатат дегендей кылышкан. Алардын сөздөрү Аюбду кандай гана капаланткан! Бирок Аюб Шайтандын аны азап тарттырганына карабай Жахабага берилген бойдон калган (Аюб 2:1—13; 7:5; 19:13—20).
Кандай деп ойлойсуң, Аюбдун берилгендигин көрүп, Жахаба кандай сезимде болгон? ~ Жахаба аябай кубанган, анткени Шайтанга: «Аюбду карачы, ал мени сүйгөндүктөн кызмат кылат!» — деп айта алган. Сен да Аюбдай болосуңбу? Жахаба сени мисал кылып, Шайтандын калпычы экенин далилдей алабы? ~ Бул чоң сыймык! Анткени Жахабанын тилин алуу менен Шайтандын калпычы экенин жана анын бардык адамдарды Кудайдан баш тарттыра албай турганын далилдейбиз. Муну далилдөө Иса үчүн да чоң сыймык болгон.
Улуу Окутуучу Шайтандын аны жаман бир нерсе кылууга азгырышына жол берген эмес. Ал өзүнүн Атасын кандай гана кубантканын ойлоп көрсөң! Жахаба Исаны көрсөтүп, Шайтанга: «Менин Уулумду карачы, ал мага болгон берилгендигинен жазбайт жана мени сүйөт!» — дей алган. Ал эми Иса Атасынын кубанып жатканын билип, кандай гана бактылуу болгон! Ошол кубанычтын аркасында ал жаза устунунда өлүүгө да даяр болгон (Эврейлер 12:2).
Сен, Улуу Окутуучуга окшоп, Жахабаны кубандыргың келеби? ~ Анда Жахабага жаккан нерселерди билүүнү уланта бер жана билгендериңе жараша иш кылууга аракет кыл.
Иса Кудайды кантип кубандырганын жана биз кантип кубандыра аларыбызды окуп көр: Накыл сөздөр 23:22—25; Жакан 5:30; 6:38; 8:28 жана 2 Жакан 4.