Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

7-БӨЛҮК

Иса ким болгон?

Иса ким болгон?

Жахаба Кудай Исаны жерге жиберген (1 Жакан 4:9).

Жахабага жагыш үчүн дагы бирөөнүн тилин алышыбыз зарыл. Кудай Адам атаны жаратканга чейин эле бир күчтүү периштени жараткан.

Кийинчерээк Жахаба анын өмүрүн Бетлехемде жашаган Мариям деген кыздын жатынына көчүргөн. Төрөлгөндө ага Иса деген ат коюлган (Жакан 6:38).

Иса жерде жашап жүргөндө Кудайдын сапаттарын толук чагылдырган. Ал боорукер, мээримдүү болгон жана башкалар ага оңой кайрыла алган. Ал Жахаба Кудай жөнүндө эр жүрөктүк менен окуткан.

Иса жакшы иштерди кылса да, жек көрүндү болгон (1 Петир 2:21—24).

Иса оорулууларды айыктырып, өлгөндөрдү тирилткен.

Диний жетекчилер Исаны жек көрүшкөн, анткени ал алардын окууларынын туура эмес экенин айтып, жаман иштерин ашкерелеген.

Диний жетекчилер римдиктерди Исага каршы тукуруп, өлтүртүшкөн.