38-БӨЛҮМ
Өмүрдү жогору баала
Жашообуз ыракат тартуулаган нерселерге бай. Кыйынчылыктар менен күрөшкөнгө туура келген күндө да, бактылуу өмүр сүрүп, кубанганга көптөгөн себептер бар. Кудай берген өмүрдү баалаарыбызды кантип көрсөтсөк болот? Мунун эң негизги себеби кайсы?
1. Өмүрдү эмне үчүн баалашыбыз керек?
Анткени өмүр — мээримдүү Атабыз Жахабанын белеги. Жахаба — «өмүрдүн булагы» (Забур 36:9). Кудай «өмүрдү да, демди да жана бүт баарын бардыгына өзү берет» (Элчилер 17:25, 28). Ал бизди жашоого зарыл нерселердин баары менен камсыз кылууда. Бирок ушуну менен эле чектелген жок. Биз жашоодон кубаныч алышыбыз үчүн, Жахаба баарын кереметтүү, түрдүү кылып жараткан. (Оку: Элчилер 14:17.)
2. Жахабага өмүр белеги үчүн ыраазы экенибизди кантип көрсөтө алабыз?
Сен түйүлдүк болгондон тартып эле, Жахаба сага кам көрө баштаган. Муну Дөөтү пайгамбардын сөздөрүнөн билүүгө болот. Ал ыйык рухтун жетеги менен Кудайга: «Көздөрүң мени түйүлдүк кезимде эле көргөн»,— деп айткан (Забур 139:16). Ооба, сенин өмүрүң Жахабанын көз алдында абдан баалуу. (Оку: Матай 10:29—31.) Кимдир бирөө өзүнүн же башка бирөөнүн өмүрүн атайылап кыйса, бул Жахабанын жүрөгүн аябай оорутат a (Чыгуу 20:13). Ошондой эле өмүрүбүздү тобокелге салганыбыз же башкалардын өмүрүн коргош үчүн тийиштүү чараларды көрбөгөнүбүз аны капалантат. Өзүбүздүн жана башкалардын өмүрүн бааласак, Жахабага кереметтүү белеги — өмүр — үчүн ыраазы экенибизди көрсөтөбүз.
ТЕРЕҢИРЭЭК КАЗ
Өмүр белегин баалаарыңды кандай жолдор менен көрсөтсөң болорун бил.
3. Ден соолугуңа кам көр
Биз Жахабага дайыма ал айткандай кылабыз деп убада бергендиктен, бүт өмүрүбүздү ага кызмат кылганга арнайбыз. Бул өмүрүбүздү Кудайга курмандык катары бергенге эле барабар. Окугула: Римдиктер 12:1, 2. Анан бул суроолорду талкуулагыла:
-
Ден соолугуңа кам көргөнгө сага эмне түрткү бериши керек?
-
Ден соолугуңа кантип кам көрсөң болот?
4. Өмүргө коркунуч туудурган иш-аракеттерден кач
Ыйык Китеп ден соолукка же өмүргө коркунуч туудурган иштерден качууга үндөйт. Кандай коопсуздук чараларын көрсө болорун билиш үчүн ВИДЕОНУ көргүлө.
Окугула: Накыл сөздөр 22:3. Анан өзүң жана башкалар коопсуз болушу үчүн эмне кылса болорун талкуулагыла:
-
үйдө
-
жумушта
-
спорт оюндарын ойноп жатканда
-
унаада баратканда же айдап баратканда
5. Төрөлө элек баланын да өмүрүн баала
Дөөтү пайгамбар Жахабанын энесинин курсагында өрчүп жаткан түйүлдүктүн өмүрүнө да кызыкдар экенин көркөм сөздөр менен сүрөттөгөн. Окугула: Забур 139:13—17. Анан бул суроону талкуулагыла:
-
Кудайдын көз карашына ылайык, адамдын өмүрү бойго бүткөндөн тартып эле башталабы же төрөлгөндөн кийинби?
Жахаба байыркы ысрайыл элине энени жана анын боюндагы баласын коргогон мыйзамдарды берген. Окугула: Чыгуу 21:22, 23. Анан төмөнкү суроолорду талкуулагыла:
-
Жахаба курсактагы баланын өлүмүнө кокусунан себепкер болуп калгандарга кандай карайт?
-
Ал эми атайылап кылгандаргачы? b
-
Кудайдын буга карата көз карашына сен кандай карайсың?
Кээде өмүрдүн абдан баалуу экенин жакшы билген аял дагы бойдон алдыргандан башка арга жок деп ойлошу мүмкүн. Окугула: Ышая 41:10. Анан бул суроолорду талкуулагыла:
-
Эгер аялга боюнан алдырууга кысым көрсөтүлсө, ал кимден жардам сурашы керек? Эмне үчүн?
АЙРЫМДАР МЫНДАЙ ДЕЙТ: «Аял боюнан алдырабы же жокпу, өзү чечкенге укуктуу».
-
Жахаба эненин да, жатында жаткан баланын да өмүрүн баалаарына сени эмне ынандырат?
НЕГИЗГИ ОЙ
Ыйык Китеп Жахаба берген өмүр белегин жогору баалоого жана ага коркунуч туудура турган иштерден качууга үндөйт. Бул өзүбүздүн да, башкалардын да өмүрүн камтыйт.
Кайталоо
-
Жахаба эмне үчүн адамдардын өмүрүн баалайт?
-
Ал кимдир бирөөнүн өзүнүн же башка бирөөнүн өмүрүн атайлап кыйганына кандай карайт?
-
Сен өмүр белегин эмне үчүн баалайсың?
КӨБҮРӨӨК БИЛ
Жахабага өмүр белеги үчүн кантип ыраазычылык билдирсек болот?
«Кудай боюнан алдырган аялды кечиреби?» — деген суроонун жообун окуп көр.
«Бойдон алдыруу жөнүндө Ыйык Китепте айтылабы?» (jw.org/ky сайтындагы макала)
Кудайдын өмүргө карата көз карашы көңүл ачуунун түрлөрүн тандоого кандай таасир этиши керек?
Өмүрүн кыюу жөнүндө ойлонуп жүргөндөргө Ыйык Китеп кандайча жардам бере алат?
a Жахаба жүрөгү жаралангандарга өзгөчө кам көрөт (Забур 34:18). Ал жан дүйнөнү азапка салган кыйынчылыктар «өмүрүмдү кыйсамбы» деген ойго түртүп коюшу мүмкүн экенин түшүнөт жана жардам бергиси келет. Кудай ушундай терс ойлор менен күрөшкөнгө кантип жардам берерин билиш үчүн, «Көбүрөөк бил» деген бөлүктөгү «Жашагым келбей калды. Өмүрүмдү кыйгым келген ойлор менен күрөшкөнгө Ыйык Китеп жардам бере алабы?» деген макаланы окуп көр.
b Мурун боюнан алдыргандар өздөрүн өтө эле күнөөлөй бербеши керек. Анткени Жахаба аларды кечире алат. Бул жөнүндө кененирээк билиш үчүн «Көбүрөөк бил» деген бөлүктөгү «Бойдон алдыруу жөнүндө Ыйык Китепте айтылабы?» деген макаланы кара.