19-БӨЛҮМ
Жахабанын Күбөлөрү Машаяктын чыныгы жолдоочуларыбы?
Биз, Жахабанын Күбөлөрү, өзүбүздү Машаяктын чыныгы жолдоочуларыбыз деп эсептейбиз. Эмне үчүн? Буга жооп алыш үчүн ишенген нерселерибиз эмнеге негизделерине, бизди башкалардан айырмалап турган атыбызга жана бири-бирибизге кандай мамиле кыларыбызга токтололу.
1. Жахабанын Күбөлөрү ишенген нерселерин эмнеге негиздешет?
Иса тиленип жатканда Кудайга: «Сенин сөзүң — чындык»,— деп айткан (Жакан 17:17). Андан үлгү алып, Жахабанын Күбөлөрү ишенген нерселерин дайыма Кудайдын Сөзүнө негиздешет. Эмесе, алардын соңку тарыхына кыскача токтололу. 19-кылымдын аяк ченинде жүрөгү таза кишилерден турган чакан топ Ыйык Китепти кылдат изилдей баштаган. Алардын окуп-билгендери башка диндердин окууларынан айырмаланса да, Ыйык Китепте жазылгандарга бекем ишенип, аларды башкаларга айта башташкан a.
2. Эмне үчүн Жахабанын Күбөлөрү деп аталабыз?
Жахаба өзүнүн кызматчыларын «күбөлөрүм» деп атайт. Анткени алар Жахаба жөнүндөгү чындыкты күбөлөндүрүшөт (Еврейлер 11:4—12:1). Мисалы, ал байыркы убакта элине: «Силер менин күбөлөрүмсүңөр»,— деген. (Оку: Ышая 43:10.) Иса Машаяк да Ыйык Китепте «Ишенимдүү Күбө» деп аталат (Аян 1:5). Ошон үчүн биз 1931-жылдан тартып Жахабанын Күбөлөрү деп аталабыз. Бул биз үчүн чоң сыймык!
3. Биз бири-бирибизге Исага окшоп кантип сүйүү көрсөтөбүз?
Иса шакирттерин ушунчалык жакшы көргөндүктөн аларды өз үй-бүлөсүндөй көргөн. (Оку: Марк 3:35.) Анын сыңарындай, Жахабанын Күбөлөрү бүткүл дүйнөлүк бирдиктүү бир үй-бүлөнү түзүшөт. Ошондуктан биз бири-бирибизди бир тууган деп атайбыз (Филемон 1, 2). Ыйык Китептеги: «Бир туугандарыңардын баарын сүйгүлө»,— деген буйрукка баш иебиз (1 Петир 2:17). Биз муну ар кандай жолдор менен көрсөтөбүз. Мисалы, дүйнө жүзүндөгү жардамга муктаж бир туугандарыбызга көмөк кылабыз.
ТЕРЕҢИРЭЭК КАЗ
Тарыхыбыз жөнүндө жана Машаяктын чыныгы жолдоочулары экенибизди ырастаган далилдер тууралуу бил.
4. Ишенген нерселерибизди Ыйык Китепке негиздейбиз
Жахаба Ыйык Китептеги чындыкты айкыныраак ачып берерин айткан. Окугула: Даниел 12:4. Анан төмөнкү суроону талкуулагыла:
-
Кудайдын элинин Ыйык Китепти терең изилдей бергенинин натыйжасы кандай болмок?
Чарлз Расселл менен анын шериктери Кудайдын Сөзүн кантип изилдегенин билиш үчүн ВИДЕОНУ көргүлө. Анан бул суроону талкуулагыла:
-
Чарлз Расселл менен анын шериктери Ыйык Китепти кантип изилдешкен?
Билесиңби?
Кээде Ыйык Китептеги айрым нерселер жаңыча түшүндүрүлөт. Эмне үчүн? Мисалы, күн көтөрүлгөн сайын, айлана даанараак көрүнө бергендей эле, Кудай өзүнүн Сөзүн барган сайын айкыныраак ачып бере берет. (Окугула: Накыл сөздөр 4:18.) Ошондуктан Ыйык Китеп өзгөрбөсө да, аны тереңирээк изилдеген сайын, жаңы түшүнүктөр ачылып берилет.
5. Атыбызга ылайык жашайбыз
Эмне үчүн Жахабанын Күбөлөрү деп аталып калганбыз? ВИДЕОНУ көрүп, төмөнкү суроону талкуулагыла.
-
Жахабанын Күбөлөрү деп аталганыбыз эмне үчүн ылайыктуу?
Жахаба элин өзүнүн күбөлөрү болуш үчүн тандап алган. Себеби алар ал жөнүндөгү чындыкты жарыялап, аны каралаган сөздөрдү төгүнгө чыгарышмак. Алардын экөөнө эле токтололу.
Айрым диндер: «Кудай сөлөкөттөрдү колдонуп сыйынышыбызды каалайт»,— деп окутат. Чын эле ошондойбу? Окугула: Лебилер 26:1. Анан бул суроолорду талкуулагыла:
-
Бул аятта кандай чындык камтылган? Сыйынганда сөлөкөттөрдү колдонуу Жахабага жагабы?
Кээ бир диний жетекчилер Исаны Кудай деп окутушат. Чын эле ошондойбу? Окугула: Жакан 20:17. Анан бул суроолорду талкуулагыла:
-
Бул аятта кандай чындык камтылган? Кудай менен Иса экөө бирби же эки башкабы?
-
Күбөлөрү аркылуу Жахаба өзү жана Уулу жөнүндө чындыкты жарыялап жатканын билгенде кандай сезимде болдуң?
6. Бири-бирибизди жакшы көрөбүз
Ыйык Китепте Исанын жолдоочулары дене мүчөлөрүнө салыштырылат. Окугула: 1 Корунттуктар 12:25, 26. Анан бул суроолорду талкуулагыла:
-
Машаяктын чыныгы жолдоочулары ишенимдештери кыйналганда эмне кылышат?
-
Жахабанын Күбөлөрү бири-бирин чындап жакшы көрөрүн эмнеден байкадың?
Кайсы бир жердеги Жахабанын Күбөлөрү кыйынчылыкка кабылганда, дүйнө жүзүндөгү ишенимдештери дароо жардамга келишет. Буга мисал катары ВИДЕОНУ көргүлө. Анан төмөнкү суроону талкуулагыла.
-
Жахабанын Күбөлөрүнүн табигый кырсыктан жапа чеккендерге жардам бергени бири-бирин жакшы көрөрүн кандайча көрсөтүп турат?
АЙРЫМДАР МЫНДАЙ ДЕЙТ: «Жахабанын Күбөлөрү — жакында эле пайда болгон дин».
-
Жахаба кызматчыларын качантан бери күбөлөрүм деп атап келатат?
НЕГИЗГИ ОЙ
Биз, Жахабанын Күбөлөрү, Машаяктын чыныгы жолдоочуларыбыз жана бүткүл дүйнөлүк үй-бүлөнү түзөбүз. Ишенген нерселерибизди Ыйык Китепке негиздейбиз, ошондой эле Жахаба жөнүндөгү чындыкты жарыялайбыз.
Кайталоо
-
Эмне үчүн Жахабанын Күбөлөрү деп аталып калганбыз?
-
Бири-бирибизге кандай мамиле кылабыз?
-
Жахабанын Күбөлөрү Иса Машаяктын чыныгы жолдоочулары деп ойлойсуңбу?
КӨБҮРӨӨК БИЛ
Тарыхыбыз жөнүндө көбүрөөк билгиң келеби?
«Жахабанын Күбөлөрү — ишенимин иш жүзүндө көрсөткөндөр. 1-бөлүк: Караңгылыктан чыгуу» (1:00:53)
Жахабанын Күбөлөрү жалган окууларды кантип төгүнгө чыгарган?
Жахабанын Күбөлөрү жөнүндө кайсы суроолоруңа жооп алгың келет?
«Жахабанын Күбөлөрү жөнүндө көп берилген суроолор» (Веб барагы)
Стивен башка расадагыларды жек көргөндүктөн аларга ырайымсыз мамиле кылчу. Ага өзгөргөнгө Жахабанын Күбөлөрүнүн эмнеси түрткү берген?
«Күндөн күнгө бузулуп бараткам» («Күзөт мунарасы», 1-июль, 2015)
a Негизги журналыбыз болгон «Күзөт мунарасына» Ыйык Китептеги чындык 1879-жылдан бери үзбөй жарыяланып келет.