1-бөлүктү кайталоо
Сени окуткан киши менен төмөнкү суроолорду талкуулагыла:
Ыйык Китептеги келечек жөнүндө жазылган убадалар эмнеси менен жакты?
(Кара: 2-бөлүм.)
Ыйык Китептин Кудайдын Сөзү экенине эмне үчүн ишенесиң?
(Кара: 3, 5-бөлүмдөр.)
Жахабаны атынан атаганыбыз эмне үчүн маанилүү?
(Кара: 4-бөлүм.)
Ыйык Китепте баарын Жахаба Кудай жаратканы айтылат (Аян 4:11). Сен буга ишенесиңби?
(Кара: 6-бөлүм.)
Окугула: Накыл сөздөр 3:32.
Жахабаны эмне үчүн эң жакшы Досубуз деп айта алабыз?
Жахаба досторунун эмне кылышын күтөт? Бул акылга сыярлык деп ойлойсуңбу?
(Кара: 7, 8-бөлүмдөр.)
Окугула: Забур 62:8.
Жахабадан эмнелерди сурап тиленип жатасың? Дагы эмнелер тууралуу тиленсең болот?
Жахаба Кудай тиленүүбүзгө кантип жооп берет?
(Кара: 9-бөлүм.)
Окугула: Еврейлер 10:24, 25.
Жахабанын Күбөлөрүнүн жыйналышынан кандай пайда алып жатасың?
Жыйналышка барыш үчүн күч-аракет жумшаганыңдын акыбети кайтат деп ойлойсуңбу?
(Кара: 10-бөлүм.)
Ыйык Китепти күн сайын окуганыбыз эмне үчүн пайдалуу? Сен аны кайсы маалда окуп жатасың?
(Кара: 11-бөлүм.)
Ушуга чейин Ыйык Китепти изилдеп келе жатасың. Сага эмнеси өзгөчө жакты?
Ыйык Китепти изилдей баштагандан бери кандай кыйынчылыктарга кабылдың? Аны токтотпой изилдей бергенге эмне жардам берет?
(Кара: 12-бөлүм.)