5-САБАК
Так-даана окуу
МУНУ КАНТИП КЫЛСА БОЛОТ?
-
Жакшы даярдан. Тексттин кандай максат менен жазылганын аныктап ал. Сөздөрдү өз-өзүнчө эмес, тобу менен окуганга көн. Башка сөз кошпой, окубай кетпей же башка сөз менен алмаштырбай оку. Бардык тыныш белгилерине көңүл бур.
-
Ар бир сөздү туура айт. Эгер кайсы бир сөздүн туура айтылышын билбесең, сөздүктөн кара, окуп жаткан адабиятыңдын аудиожаздыруусун ук же жакшы окуган бирөөдөн жардам сура.
-
Сөздөрдү так-айкын айт. Башыңды бийик көтөрүп, оозуңду кенен ачып сүйлө. Ар бир муунду калтырбай айтканга аракет кыл.