3-САБАК
Суроолорду колдонуу
Матай 16:13—16
НЕГИЗГИ ОЙ: Угуучуларды кызыктырыш үчүн, кызыгуусун арттырыш үчүн, ой жүгүртүүгө түрткү бериш үчүн жана маанилүү ойлорду баса белгилеш үчүн суроолорду сылыктык менен колдон.
МУНУ КАНТИП КЫЛСА БОЛОТ?
-
Кызыктыр жана кызыгуусун арттыр. Ойлондура турган жана бүйүрдү кызыткан риторикалык (жоопту талап кылбаган) суроолорду бер.
-
Ой жүгүртүүгө түрткү бер. Угуучуларга келтирилген жүйөлөрдүн ырааттуулугун түшүнүүгө жардам бериш үчүн суроолорду колдон. Ошондо алар туура жыйынтыкка келишет.
-
Маанилүү ойлорду баса белгиле. Негизги ойду айтарда бүйүрдү кызыткан суроо бер. Маанилүү ойду талкуулагандан кийин же сөзүңдүн аягында кайталоо үчүн суроолорду бер.