Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

24-БӨЛҮМ

«Кайраттуу бол!»

«Кайраттуу бол!»

Пабылга каршы жасалган амал оңунан чыкпай калат жана ал Феликстин алдында өзүн коргойт

Элчилер 23:11—24:27-аяттарга негизделди

1, 2. Пабыл Иерусалимде куугунтукка туш болгонуна эмне үчүн таң калган эмес?

 ПАБЫЛ Иерусалимдеги жаалдуу топтун колунан куткарылып, кайра эле камакта отурат. Ал ушундай куугунтук көргөнүнө таң калган деле жок. Анткени ага Иерусалимде «түрмөгө камалары», «кыйынчылыктарга туш болору» алдын ала айтылган болчу (Элч. 20:22, 23). Пабыл аны алдыда кандай кыйынчылыктар күтүп турганын так билбесе да, Исанын ысмы үчүн дагы да азап тартарын билген (Элч. 9:16).

2 Анткени буга чейин пайгамбарлар Пабылдын байланып, «башка улуттагы адамдардын колуна салынып» берилерин айткан эле (Элч. 21:4, 10, 11). Жакында эле жүйүттөр аны өлтүрүүнү көздөшкөн, андан көп өтпөй эле Жогорку соттун мүчөлөрү Пабылдын айткандарына каршы чыгып, аз жерден аны «өлтүрүп сала» жаздашкан. Эми болсо элчи Пабыл жоокерлер үйүндө камакта отурат. Ага олуттуу айып тагылып, аны алдыда дагы чоң кыйынчылыктар күтүп турат (Элч. 21:31; 23:10). Пабыл күч-кайратка кандай гана муктаж болуп турат!

3. Ынталуу кабар айта бериш үчүн кандай жолдор менен күч-кайратка толобуз?

3 Биз акыркы күндөрдө жашап жаткандыктан «Машаяк Исанын Кудайга берилгендигин сактап жашагысы келген жолдоочуларынын баары куугунтукталарын» жакшы билебиз (2 Тим. 3:12). Мындан ары да ынталуу кабар айта бериш үчүн биз да кээде күч-кайрат берген сөздөргө муктаж болобуз. «Ишенимдүү жана акылдуу кулдун» адабияттар жана жыйналыштар аркылуу өз учурунда дем-шык бергени үчүн абдан ыраазыбыз (Мт. 24:45). Жахаба жакшы кабардын таратылышына бут тоскон бир да душман ийгиликке жетпей турганына бизди ынандырып келет. Душмандар Кудайдын элин жер бетинен жок кыла албайт, кабар айтуу ишин да токтото албайт (Ыш. 54:17; Жер. 1:19). Эми келгиле, кайрадан Пабыл менен болгон окуяларга кайтып баралы. Каршылыктарга карабай кылдат күбөлөндүрө бериши үчүн аны ким күч-кайратка толтурду эле? Бул ага кандай таасир эткен?

«Ант бергендердин» арам ою таш кабат (Элчилер 23:11—34)

4, 5. Иса Пабылды кантип күч-кайратка толтурган жана бул эмне үчүн өз учурунда болгон деп айта алабыз?

4 Элчи Пабыл Жогорку соттогулардын колунан куткарылгандан кийинки түнү эле Иса аны кайраттандырат. Ыйык Жазмадан: «Ошол түнү Мырзабыз Пабылга көрүнүп: „Кайраттуу бол! Иерусалимде мен жөнүндө кандай кылдат күбөлөндүрсөң, Римде да ошондой күбөлөндүрүшүң керек“,— деди»,— дегенди окуйбуз (Элч. 23:11). Бул сөздөрдү укканда Пабыл күч-кубатка толуп калса керек. Ошондон улам Римге аман-эсен жетерине жана ал жакта да Иса жөнүндө күбөлөндүрө аларына көзү жеткен.

«Аны 40тан ашык киши аңдып турат» (Элчилер 23:21)

5 Пабыл дал ушундай сөздөргө муктаж болуп турган. Анткени эртеси 40тан ашык жүйүт «өз ара жашыруун сүйлөшүп, Пабылды өлтүрмөйүн бир нерсе жешсе же ичишсе, каргышка калышарын айтып, ант беришкен». Жүйүттөрдүн ушинтип ант бергени Пабылды өлтүрөбүз деп бек чечип алганын көрсөтүп турат. Эгер арам оюн ишке ашыра албай калса, каргышка калып, башына мүшкүл түшөт деп эсептешкен (Элч. 23:12—15). Ошон үчүн алар иштин чоо-жайын дагы жакшыраак териштиребиз демиш болуп Пабылды суракка алыш үчүн кайра Жогорку сотко алып келишмекчи болушат. Бирок ал жакка баратканда ант берген жүйүттөр Пабылды өлтүргөнгө даяр турмак. Алардын арам оюн башкы дин кызматчылар да, аксакалдар да колдошот.

6. Пабыл жүйүттөрдүн арам оюн эмне болуп билип калган жана анын жээнинен азыркы жаштар эмнеге үйрөнө алышат?

6 Бирок жүйүттөрдүн арам ою жөнүндө Пабылдын жээни билип калып, ал жөнүндө Пабылга айтат. Ал эми Пабыл жээнин римдик миң башы Клавдий Лусийге жиберет (Элч. 23:16—22). Жахаба Пабылдын эр жүрөк жээнине окшогон жаштарды жакшы көрөт. Себеби алар Кудайдын элинин жыргалчылыгын өзүнүкүнөн жогору коюшат жана Падышалыктын иштерин алдыга жылдырыш үчүн колунан келгендин баарын кылганга даяр.

7, 8. Клавдий Лусий Пабылдын коопсуздугу үчүн кандай чараларды көргөн?

7 Миң жоокерди жетектеген аскер башчысы Клавдий Лусий жүйүттөрдүн Пабылды өлтүрөйүн деп жатканын билер замат жоокерлерден, найзакерлерден жана атчандардан баш-аягы 470 кишиден турган аскер тобун түзүп, Пабылды түн ичинде Кесарияга алып чыгып кеткенге буйрук берет. Ал жактан Пабыл башкаруучу Феликске тапшырылмак a. Кесария Рим провинциясы Жүйүт аймагынын борбору болсо да жана ал жакта жүйүттөр көп болсо да, калктын басымдуу бөлүгүн ар кайсы улуттагы адамдар түзгөн. Ошондуктан ал жакта Иерусалимге салыштырмалуу тынчыраак болгон. Ал эми Иерусалимде эл башка диндегилерге кысым көрсөтчү, козголоң да көп чыкчу. Кесарияда Жүйүт аймагына караштуу Рим аскерлеринин башкы башкармалыгы да жайгашкан.

8 Лусий Рим мыйзамына ылайык иштин чоо-жайын түшүндүрүп, Феликске кат жөнөтөт. Катка жүйүттөр Пабылды «өлтүргөнү жатышканда», анын Римдин жараны экенин билгендиктен алардын колунан куткарып калганын жазган. Ошондой эле Пабылдын «өлүм жазасына тарткыдай же түрмөгө камагыдай күнөөсү жок экенин билгендигин», бирок жүйүттөр аны өлтүрөйүн деп жаткандыктан, аны Феликске жөнөтүп жатканын билдирген. Ал андан айыптоочулардын сөздөрүн угуп, акыркы чечимди чыгарышын суранган (Элч. 23:25—30).

9. а) Пабылдын укуктары кандайча бузулган? б) Канткенде өзүбүздү мыйзам чегинде коргой алабыз?

9 Лусий катына баарын болгонун болгондой жазды беле? Андай эмес көрүнөт. Сыягы, ал өзүн башкаруучунун алдында жакшы киши кылып көрсөткүсү келген. Чын-чынында, Лусий Пабылды Римдин жараны экенин билгени үчүн эле куткарып калган эмес. Ошондой эле катка Пабылды «эки чынжыр менен байлаганга», «сабап суракка алганга» буйрук бергенин жазган эмес (Элч. 21:30—34; 22:24—29). Негизи, Пабылды байлатып, сабатканы анын Рим жараны катары укугун бузгандыкка жаткан. Бүгүнкү күндө Шайтан диний фанаттарды колдонуп, бизди куугунтукташы мүмкүн. Андайда жарандык укугубуз бузулушу ыктымал. Ошондой болсо да биз, Пабылдан үлгү алып, жарандык укуктарыбызды пайдаланып, өзүбүздү мыйзам чегинде коргой алабыз.

«Өзүмдү коргоп сүйлөп жатканыма кубанып турам» (Элчилер 23:35—24:21)

10. Пабылга кандай жалган айып тагылган?

10 Айып таккандар Иерусалимден келгенге чейин, Пабылды Кесарияда «Ироддун ак сарайында кайтартып» коюшкан болчу (Элч. 23:35). 5 күндөн кийин башкы дин кызматчы Анания, сөзгө чечен Тертул жана бир нече аксакал Кесарияга келишет. Тертул сөзүнүн башында Феликске жагалданып, аны жүйүттөрдүн турмушун оңдоп жатат деп мактайт b. Анан иштин чоо-жайын түшүндүрүп, Пабыл жөнүндө: «Биз билгенден бул киши — элди бузган, бардык жердеги жүйүттөрдү козголоң чыгарганга козуткан киши, назареттиктердин сектасынын башчысы. Бул ибадаткананы арамдаганга да аракет кылды. Ошон үчүн муну кармап алдык»,— дейт. «Жүйүттөр да ага кошулуп Пабылды айыптап, айтылгандардын баарын туура деп ырасташат» (Элч. 24:5, 6, 9). Пабылга тагылган айыптар олуттуу болчу, анткени козголоң чыгарган, ибадаткананы арамдаган киши жана кооптуу сектанын башчысы деп табылгандар өлүм жазасына тартылчу.

11, 12. Пабыл ага коюлган айыптардын негизсиз экенин көрсөтүш үчүн эмне деген?

11 Андан соң Пабылга сөз берилет. Ал Феликске кайрылып сөзүн: «Алдыңызда өзүмдү коргоп сүйлөп жатканыма кубанып турам»,— деп баштайт. Анан дароо эле өзүнө коюлган айыптарды четке кагат. Анткени ал ибадаткананы арамдаган эмес болчу, козголоң да чыгарган эмес болчу. Пабыл Иерусалимге келе элегине «көп жыл» болгонун жана ал жакка ачарчылыктын, куугунтуктун айынан жакырланып кеткен боордошторуна «жардам катары акча жеткирип» келгенин түшүндүрөт. Андан соң ибадатканага кирерден мурун «тазалануу каадасын аткарганын», негизи эле «Кудайдын да, адамдардын да алдында» абийири таза болушу үчүн, ар дайым бүт күчүн жумшаарын айтат (Элч. 24:10—13, 16—18).

12 Бирок Пабыл аны айыптагандар «секта» деп атаган жолдо жүргөнүн жана ата-бабаларынын Кудайына кызмат кылып жатканын танбайт. Ошондой эле «Мусанын Мыйзамында жана башка пайгамбарлардын китептеринде жазылгандардын баарына ишенерин» баса белгилейт. Андан тышкары, аны айыптагандар сыяктуу эле, ал да «Кудайдын көзү өтүп кеткен адил адамдарды да, адил эмес адамдарды да тирилтерине ишенип, ошого үмүт артарын» айтат. Андан соң тигилердин анын күнөөсүн далилдеп беришин талап кылып: «Бул кишилер мени Жогорку соттун алдына алып барышканда менден айып табышкан болсо, анда айыбымды айтышсын. Булардын арасында турганымда үнүмдү бийик чыгарып: „Мени өлгөндөрдүн тирилерине ишенгеним үчүн соттоп жатышат!“ — деп айтканым эле болбосо, башка эч айыбым жок»,— дейт (Элч. 24:14, 15, 20, 21).

13—15. Бийлик башындагылардын алдында ишенимибизди коргогонго туура келсе, Пабылдан кандай үлгү алсак болот?

13 Эгер Жахабага сыйынганыбыз үчүн бийликтегилердин алдына барганга туура келип калса, Пабылдан үлгү алсак болот. Бизге да элди дүрбөткөндөр, козголоңчулар же «коркунучтуу сектанын» мүчөлөрү деген сыяктуу жалган айыптар тагылышы ыктымал. Пабыл, Тертулга окшоп, башкаруучуга кошомат кылган эмес. Ал сабыр сактап, урмат-сый менен сүйлөгөн. Айыптардын жалган экенин ачык-айкын, ошол эле учурда сылык-сыпаа түшүндүргөн. Ошондой эле ибадаткананы арамдады деп жалган айып таккан «азиялык айрым жүйүттөр» мыйзам боюнча башкаруучунун алдына келип, айыптоолорун анын көзүнчө айтышы керектигин айткан (Элч. 24:18, 19).

14 Белгилей кетчү нерсе, Пабыл мүмкүнчүлүктү коё бербей, эмнеге ишенерин айтып берген. Буга чейин Жогорку сотто Кудай өлгөн адамдарды тирилтерине ишенерин айтканда талаш чыгып кетсе да, ошол тууралуу кайра айткандан корккон эмес (Элч. 23:6—10). Өзүн коргоп жатканда да Пабыл өлгөн адамдардын тирилери жөнүндө баса белгилеген. Эмне үчүн? Анткени анын негизги максаты башкаларга Иса Машаяк жана анын тирилгени жөнүндөгү чындыкты жеткирүү болчу. Ал бул жөнүндө башкалардын каршылыгына карабай айтканга бел байлаган (Элч. 26:6—8, 22, 23). Ооба, Пабыл чынында өлгөн адамдардын тирилерине, тагыраак айтканда, Иса Машаякка жана анын тирилгенине ишенгени үчүн сот алдында турган.

15 Биз да, элчи Пабылдай болуп, ишенген нерселерибиз жөнүндө тайманбай айтабыз. Анткени бизге Исанын: «Мен үчүн баарына жек көрүндү болосуңар. Бирок туруктуу болуп, акырына чейин чыдаган адам куткарылат»,— деген сөздөрү күч берет. Эмне деп айтарыбызды ойлоп, сарсанаа болушубуз керекпи? Жок. Анткени Иса шакирттерине: «Силерди сотко алып баратышканда, эмне айтарыңарды ойлоп алдын ала тынчсызданбагыла. Ошол учурда Кудайдын ыйык руху оюңарга эмнени салса, ошону айткыла. Анткени силер өзүңөр сүйлөбөйсүңөр, силерге сүйлөгөнгө Кудай өзүнүн ыйык руху аркылуу жардам берет»,— деп айткан (Мр. 13:9—13).

«Феликс коркту» (Элчилер 24:22—27)

16, 17. а) Феликс Пабылдын сот ишин караганда эмне кылган? б) Феликс, сыягы, эмне үчүн коркуп кеткен жана ал Пабыл менен эмне себептен кайра-кайра сүйлөшө берген?

16 Феликс Исанын жолдоочуларынын эмнеге ишенерин ага чейин бир нече жолу уккан эле. Ал тууралуу Элчилер китебинде мындай делет: «Кудайдын жолу жөнүндө жакшы билген Феликс: „Силердин маселеңер боюнча миң башы Лусий келгенде чечим чыгарам“ — деп, тергөө ишин кийинкиге калтырды. Жүз башыга болсо Пабылды кайтарышын, бирок анча-мынча эркиндик беришин, досторунун келип-кетип, каралашып турушуна тыюу салбашы керектигин буйрук кылды» (Элч. 24:22, 23).

17 Бир нече күндөн кийин Феликс жүйүт аялы Друзила менен келип, Пабылды чакыртып, «Машаяк Исага ишенүү деген эмнени билдирерин сурап, айткандарына кулак салган» (Элч. 24:24). Бирок Пабыл «адилдик, өзүн өзү кармай билүү жөнүндө, келечекте Кудай адамдарды соттой турганы жөнүндө сөз кылгандыктан, Феликс коркуп» кеткен. Балким, ал көп жаман иштерди жасагандыктан, абийири кыйнап киргендир. Ошон үчүн Пабылды: «Азырынча бара бер, убактым болгондо, кайра чакыртам» — деп, кетирип жиберген. Анткен менен кийин Пабылды кайра-кайра чакыртып, аны менен сүйлөшкөн. Бирок ал чындык жөнүндө билгиси келгени үчүн эмес, пара береби деп үмүт этип ошенткен (Элч. 24:25, 26).

18. Эмне себептен Пабыл Феликс менен анын аялына «адилдик, өзүн өзү кармай билүү» жана «келечекте Кудай адамдарды соттой турганы» жөнүндө айткан?

18 Эмне үчүн Пабыл Феликс менен аялына «адилдик, өзүн өзү кармай билүү» жана «келечекте Кудай адамдарды соттой турганы» жөнүндө айткан? Алардын «Машаяк Исага ишенүү деген эмнени билдирерин сурашканын» эстесең. Пабыл алардын бузулган, ырайымсыз жана башкаларга адилетсиз мамиле кылган адамдар экенин билген. Ошентсе да аларга Исанын жолдоочусу болгусу келгендерге кандай талап коюларын ачык айткан. Анын айткандарынан Феликс менен аялынын иштери Кудайдын адил принциптерине таптакыр каршы келери айкын болгон. Ошондон улам алар бардык адамдар ойлогон ою, сүйлөгөн сөзү, кылган иши үчүн Кудайдын алдында жооп берерин түшүнгөн болуш керек. Андан тышкары, Кудайдын аларга чыгарган сот өкүмү Феликстин Пабылга чыгарган сот өкүмүнөн алда канча маанилүү экенине көзү жеткен көрүнөт. Мына ошондуктан Феликс «коркуп» кеткен өңдөнөт.

19, 20. а) Айрымдар чындыкка кызыккандай болуп көрүнгөнү менен, Кудайга жагайын деген ою жок болсо, эмне кылышыбыз керек? б) Феликстин Пабылга жакшылык кылайын деген ниети жок болгонун эмнеден көрсө болот?

19 Кабар айтып жүргөндө биз да Феликске окшогон адамдарды жолуктурушубуз мүмкүн. Алар башында чындыкка кызыгып жаткандай көрүнүшү ыктымал. Бирок, чынында, Кудай айткандай жашагысы келбейт. Андыктан кыраакы болгонубуз дурус. Албетте, Пабылдай болуп, аларга Кудайдын адил принциптерин сылык-сыпаа түшүндүрүп беребиз. Ким билет, балким, Ыйык Китепте айтылгандар алардын жүрөгүн козгойттур. Бирок, эгер алардын Кудайга жагайын деген ниети жок экенин байкасак, убактыбызды коротпой, чындыкка чындап кызыккандарды издейбиз.

20 Феликстин ниети кандай болгону төмөнкү сөздөрдөн көрүнүп турат. Бул тууралуу Элчилер китебинде: «Эки жылдан кийин Феликстин ордуна Поркий Фест келди. Ошол учурда Пабыл дагы деле түрмөдө отурган. Анткени Феликс жүйүттөргө жагыныш үчүн аны бошоткон эмес болчу»,— деп баяндалат (Элч. 24:27). Ооба, Феликс Пабылга жакшылык кылайын деген эмес. Ал «Кудайдын жолунда» жүргөндөрдүн козголоң чыгарбай турганын беш колдой билген (Элч. 19:23). Пабылдын Римдин эч бир мыйзамына каршы иш кылбаганын да билген. Ошентсе да «жүйүттөргө жагыныш үчүн» элчи Пабылды бошоткон эмес.

21. Бийликке Поркий Фест келгенде, Пабыл эмне болгон жана ага эмне дем-күч берип турган?

21 Элчилер китебинин 24-бөлүмүнүн акыркы аятында жазылгандай, кийин Феликстин ордуна Поркий Фест башкаруучу болуп калган. Пабыл болсо дагы деле түрмөдө отурган. Бийлик алмашкандыктан Пабылдын иши кайра-кайра каралып, ага улам бир башкаруучунун алдында өзүн коргогонго туура келген. Ошентип, эр жүрөк ал элчини «падышалар менен башкаруучулардын алдына» далай жолу «алып барышкан» (Лк. 21:12). Кийинки бөлүмдөрдөн Пабылдын ошол учурдагы эң кубаттуу башкаруучуга кантип кабар айтканын билебиз. Ошол жагдайлардын баарында ал ишенимин бек сактаган. Анткени ага Исанын: «Кайраттуу бол!» — деген сөзү дем-күч берип турганы шексиз.

a 193-беттеги « Жүйүт аймагынын башкаруучусу Феликс» деген кутучаны кара

b Тертул Феликске элди «тынчтыкка бөлөгөнү» үчүн ыраазычылык билдирген. Бирок, чынында, Римге каршы көтөрүлүш чыкканга чейин бийлик кылган башкаруучулардын убагына караганда, Феликс башкарган убакта Жүйүт жеринде тынчтык болгон эмес. Тертулдун Феликске ал кылган өзгөрүүлөр үчүн жүйүттөрдүн атынан «терең ыраазычылык» билдиргени жөн эле жагалдануу болчу. Чын-чынына келгенде, жүйүттөрдүн көбү Феликсти элди эзгени үчүн, жүйүттөрдүн көтөрүлүштөрүн дайыма кан төгүп басканы үчүн жек көрүшчү (Элч. 24:2, 3).