22-БӨЛҮМ
«Жахаба каалагандай болсун»
Пабыл Кудайдын эркин аткарыш үчүн Иерусалимге жөнөйт
Элчилер 21:1—17-аяттарга негизделди
1—4. Пабыл Иерусалимге эмне үчүн баратат жана ал жакта аны эмнелер күтүп турат?
МИЛЕТТЕГИЛЕРДИН көзүнөн жаш тегеренип, кайгырып турушат. Пабыл менен Лука да эфестик аксакалдарды абдан жакшы көрүп калгандыктан жүрөгү тилинип турат. Ал экөө кемеде турат. Жүктөрүнүн баары даяр. Алар Жүйүт жериндеги муктаж болгон бир туугандары үчүн чогултулган тартууну да ала кетмекчи. Эми ошол тартууну түгөл жеткирип алсак экен деп турушат.
2 Кеме акырын жээктен жылып, улам алыстай баштайт. Пабыл, Лука жана башка 7 шериги жээкте кайгырып карап турган бир туугандарынан көздөрүн албай тиктеп турушат (Элч. 20:4, 14, 15). Алар досторунун карааны көрүнбөй калганча кол булгалап алыска узап кете беришет.
3 Пабыл Эфестеги аксакалдар менен дээрлик 3 жыл тыгыз кызматташкан болчу. Эми Кудайдын ыйык рухунун жетегине баш ийип, Иерусалимге жол тартып баратат. Пабыл аны алдыда эмне күтүп турганын аздыр-көптүр билет. Ага чейин ал эфестик аксакалдарга: «Кудайдын ыйык руху аркылуу берген жетегине баш ийип, Иерусалимге баратам. Ал жерде башыма эмнелер түшөрүн билбейм. Бирок Кудай ыйык руху аркылуу мага түрмөгө камаларымды, кыйынчылыктарга туш болорумду ар бир шаарда кайра-кайра айтып жатат»,— деп айткан эле (Элч. 20:22, 23). Ооба, Пабыл алдыда чоң кыйынчылыктар күтүп турганын билсе да, «Кудайдын ыйык руху аркылуу берген жетегине баш ийген». Ал ошенткенге бир чети өзүн милдеттүү сезсе, бир чети чын дилден каалаган. Албетте, ал өмүрүн жогору баалаган. Анткен менен ал үчүн Кудайдын эркин аткаруу баарынан маанилүү болгон.
4 Сен үчүн да Кудайдын эркин аткаруу маанилүүбү? Биз эл алдында өзүбүздү Жахабага арнаганда анын эркин аткарууну жашообузда биринчи орунга коёбуз деп убада беребиз. Пабыл да Кудайга жан-дили менен кызмат кылып, анын эркин биринчи орунга койгон. Ошондуктан анын үлгүсүн карап чыкканыбыз биз үчүн пайдалуу болот.
«Кипр аралын» кыя өтүшкөн (Элчилер 21:1—3)
5. Пабыл шериктери менен Тир шаарына кайсы жол менен барган?
5 Элчи Пабыл шериктери менен отурган кеме «түз эле Коско» барган. Шамал Кос тарапты көздөй соккондуктан, алар ал жакка ошол эле күнү кечинде жетип калышкан (Элч. 21:1). Сыягы, алар Коско бир күн токтоп, эртеси Родоско, андан ары Патарага жөнөп кетишкен. Анан Кичи Азиянын түштүгүндө жайгашкан Патарадан түз эле Финикиянын Тир шаарына барчу жүк ташуучу бир чоң кемеге отурушкан. Тирге баратканда алар Кипр аралын кыя өтүшкөн. Кипр алардын сол жагында калган (Элч. 21:3). Элчилер китебин жазган Лука эмне үчүн бул жөнүндө да айтып өткөн?
6. а) Кипрдин жанынан өтүп баратканда Пабыл эмне үчүн кайраттанып калса керек? б) Жахабанын сага батасын бергени, жардам бергени жөнүндө ойлонгондо кандай жыйынтыкка келесиң?
6 Кипрдин жанынан өтүп баратканда Пабыл шериктерине ал жакта жүргөндө кандай окуялар болгонун айтып берсе керек. Ал 9 жылдай мурун 1-миссионердик сапарында Барнаба, Марк болуп Кипрге барганда алардын кабар айтканына каршы чыккан сыйкырчы Элиманы жолуктурушкан (Элч. 13:4—12). Кипр аралында болгон окуяларды эстеп, ой жүгүрткөндө Пабыл кайраттанып, алдыдагы кыйынчылыктарга тике караганга ого бетер бел байлап калган көрүнөт. Кудайдын буга чейин бизге батасын бергени, сыноолорду көтөрүп кеткенге кантип жардам бергени жөнүндө ойлонсок, биз да күч-кубатка толобуз. Биз да Дөөтүдөй болуп: «Адил кишинин кыйынчылыгы көп, бирок Жахаба анын баарынан арылтат»,— деп айта алабыз (Заб. 34:19).
«Биз шакирттерди издеп таптык» (Элчилер 21:4—9)
7. Тирге келгенде Пабыл менен шериктери эмне кылган?
7 Пабыл боордоштору менен чогуу болуп, алар менен сүйлөшкөнгө мүмкүнчүлүк издеген. Ошондуктан Тирге келгенде, ал жакта Исанын жолдоочулары бар экенин билгендиктен, Лука жазгандай, аларды «издеп табышкан» (Элч. 21:4). Кыязы, Пабылдар ошолордукуна токтошкон. Чынында эле, Кудай кошкон бир туугандарыбызды анын бизге берген белеги десек болот. Кайсы өлкөгө барбайлы, алар бизди жылуу тосуп алышат. Кудайды сүйгөн жана ага сыйынгандардын бүт дүйнө жүзүндө достору бар.
8. Элчилер 21:4төгү сөздөрдү кандай түшүнүшүбүз керек?
8 Пабыл шериктери менен Тирде жети күн болот. Ошондо эмне болгону жөнүндө Лука бир караганда таң калыштуу көрүнгөн сөздөрдү жазган. Ал: «Кудай ыйык руху аркылуу Пабылдын эмне болорун ачып бергендиктен, шакирттер [Тирдегилер] ага: «„Иерусалимге барбай эле койчу“,— деп кайра-кайра айтышты»,— деген (Элч. 21:4). Анда эмне, Жахаба оюн өзгөртүп, Пабылдын Иерусалимге барбай эле коюшун каалады беле? Жок. Ал ыйык руху аркылуу тек гана анын кандай кыйынчылыктарга туш болорун ачып берген. Ошентип, Тирдеги боордоштору Пабылдын Иерусалимде өмүрүнө коркунуч тууларын түшүнүшсө керек. Ошондуктан ал үчүн тынчсызданып, Иерусалимге барбай эле коюшун суранган. Алар Пабылды ойлоп, сарсанаа болгону түшүнүктүү. Ошентсе да Пабыл Жахабанын эркин аткарам деп чечип алгандыктан Иерусалимге жөнөп кеткен (Элч. 21:12).
9, 10. а) Тирдегилердин тынчсызданып жатканын көргөндө Пабыл кайсы окуяны эстесе керек? б) Бүгүнкү күндө көптөр эмне кылганга жакын жана бул Исанын айткандарынан канчалык айырмаланат?
9 Пабыл боордошторунун ал үчүн тынчсызданып жатканын көргөндө Иса менен болгон окуяны эстесе керек. Иса Иерусалимге барарын, ал жерден кордук көрөрүн, анан акыры, өлтүрүлөрүн айтканда, шакирттери ага каршы болгон. Ошондо Петир аны аяп: «Мырзам, антип айтпачы! Мындай нерсе эч качан башыңа түшпөсүн»,— деген. Иса Петирге: «Кет жанымдан, Шайтан! Сен мага тоскоол болуп жатасың, анткени Кудайга эмес, адамдарга жаккандай ой жүгүртүп жатасың»,— деп айткан (Мт. 16:21—23). Ал Кудайдын эркин аткарыш үчүн өмүрүн курмандыкка чалганга даяр болгон. Пабыл да, Исага окшоп, Кудайдын эркин аткарыш үчүн керек болсо өлгөнгө даяр болгон. Тирдегилер Пабылга Петирдей болуп жакшы эле ой менен каршы болушкан. Бирок Пабылдын Иерусалимге барышы Кудайдын эрки болуп жатканын түшүнүшкөн эмес.
10 Бүгүнкү күндө көптөр жанына күч келтирбей жашап, оңоюна качырганга жакын келишет. Жалпы жонунан алганда, адамдар өздөрүнө ыңгайлуу, көптү талап кылбаган динди туткусу келет. Ал эми Иса бизди башкача көз карашта болгонго чакырган. Ал шакирттерине: «Ким менин жолдоочум болгусу келсе, өзүнөн баш тартып, жаза устунун көтөрүп, дайыма менин жолумду жолдосун»,— деген (Мт. 16:24). Ооба, Исанын жолун жолдоо — жашоодогу эң туура, эң мыкты чечим. Бирок бул оңой эмес.
11. Тирдегилер Пабылды жакшы көрөрүн жана аны колдоорун кантип көрсөтүшкөн?
11 Ошентип, Пабыл, Лука жана шериктери жолго чыга турган убакыт келген. Алардын кантип коштошконунан Тирдеги бир туугандардын Пабылды абдан жакшы көрөрү, аны колдогонго дайым даяр экени көрүнгөн. Пабылдарды эркектер да, аялдар да, балдар да жээкке чейин узатып барышкан. Ошол жактан баары тизе бүгүп тиленип, анан коштошушкан. Андан кийин Пабыл менен шериктери кемеге отуруп, Птоломайга кетишкен. Ал жерден да бир туугандарды жолуктуруп, алар менен бир күн болушкан (Элч. 21:5—7).
12, 13. а) Филип Кудайга берилип кызмат кылуу жагынан кандай үлгү калтырган? б) Үй-бүлө башчылары Филиптен эмнеге үйрөнө алат?
12 Луканын жазганы боюнча, андан кийин алар Кесарияга сапар тартат. Кесариядан «жакшы кабарды тараткан Филиптин үйүнө барат» a (Элч. 21:8). Алар Филипке жолукканда аябай сүйүнсө керек. 20 жылдай мурун элчилер Филипти Иерусалимде жаңы уюшулган жыйналышка тамак-аш бөлүштүргөнгө дайындашкан болчу. Филип көп жылдардан бери ынталуу кызмат кылып келаткан. Куугунтуктун айынан шакирттер ар кайсы жакка чачырап кеткенде, Филип Самарияга барып, кабар айта баштаган. Кийин ал эфиопиялык төрөгө кабар айтып, аны чөмүлдүргөн (Элч. 6:2—6; 8:4—13, 26—38). Филип чынында эле Кудайдын берилген кызматчысы болгон!
13 Ошончо жылдар бою Филип ынталуулугунан жазган эмес. Кесарияга отурукташкандан кийин деле ал жигердүү кызмат кыла берген. Муну Луканын аны «жакшы кабарды тараткан Филип» деп атаганынан билсек болот. Ошондой эле анын ошол убакта 4 кыздуу болгонун жана алардын пайгамбарлык кылып жүргөнүн билебиз. Аларга атасынын үлгүсү таасир эткени шексиз b (Элч. 21:9). Демек, Филип үй-бүлөсү Жахабаны жакшы көрүп, ага кызмат кылышы үчүн көп күч-аракет жумшаган. Исанын жолун жолдогон бүгүнкү күндөгү үй-бүлө башчылары да, Филипке окшоп, кызмат кылуу жагынан үлгү болуп, балдарына кабар айтуу ишин жакшы көргөнгө жардам беришет.
14. Пабылдын боордоштору менен убакыт өткөргөнүнүн натыйжасы кандай болгон жана бүгүн бизде кандай мүмкүнчүлүктөр бар?
14 Каякка барбасын, Пабыл боордошторуна жолугуп, алар менен чогуу убакыт өткөргөн. Алар аны жана чогуу жүргөн шериктерин жылуу тосуп алганы шексиз. Мунун аркасында баары бири-бирин кубаттандыра алышкан (Рим. 1:11, 12). Бүгүн бизде да ушундай мүмкүнчүлүктөр бар. Үйүбүздөгү шарттар жөнөкөй болсо да, кыдыруучу көзөмөлчүлөр менен жубайларын конокко алсак, сөзсүз кубанычка бөлөнөбүз (Рим. 12:13).
«Өлгөнгө да даярмын» (Элчилер 21:10—14)
15, 16. Агап Пабыл тууралуу эмнени айткан жана муну укканда Филиптин үйүнө чогулгандар эмне болушкан?
15 Пабыл Филиптин үйүндө жүргөндө, ал жакка Агап деген кадыр-барктуу бир киши келген. Филиптин үйүнө чогулгандар анын пайгамбар экенин билишчү. Клавдийдин убагында катуу ачарчылык болорун алдын ала айткан киши ушул болчу (Элч. 11:27, 28). Балким, алар: «Агап эмнеге келди болду экен? Кандай кабар менен келди болду экен?» — деп таң калышкандыр. Алар аны карап турушканда, ал Пабылдын белиндеги курун — тыйын-тыпыр жана башка майда-чүйдө нерселер салынган узун кездемени — алат. Анан аны менен өзүнүн буту-колун байлайт да: «Кудай ыйык руху аркылуу: „Иерусалимде жүйүттөр бул курдун ээсин ушинтип байлап, башка улуттагы адамдардын колуна салып беришет“»,— деген суук кабар айтат (Элч. 21:11).
16 Ооба, Агап алдын ала айткандай, Пабыл Иерусалимге бармак. Аны Иерусалимдеги жүйүттөр «башка улуттагы адамдардын колуна салып бермек». Агап Пабылды эмне күтүп турганын айтканда, ошол жердегилердин баарынын жүрөгү зыр дей түшкөн. Бул тууралуу Лука: «Муну укканда биз да, ошол жерлик бир туугандарыбыз да Пабылдан Иерусалимге барбай эле коюшун өтүнө баштадык. Ошондо ал: „Бул эмнеңер? Эмнеге көз жашыңарды көл кылып, мени айнытканы жатасыңар?! Мен Мырзабыз Иса үчүн Иерусалимде байланмак турсун, өлгөнгө да даярмын“,— деди»,— деп жазган (Элч. 21:12, 13).
17, 18. Пабыл Кудайдын эркин аткарам деп бек чечип алганын кантип көрсөткөн? Ошондо боордоштору эмне кылган?
17 Ошол окуяны элестетип көрсөң. Филиптин үйүндөгүлөр, аларга кошулуп Лука да Пабылдан Иерусалимге барбай эле коюуну өтүнүшөт. Айрымдар ыйлашат. Алардын ал үчүн күйүп-бышып жатканын көрүп Пабыл жылуу-жумшак: «Мени айнытканы жатасыңар»,— деген. Же ушул сөздөргө берилген шилтемеде айтылгандай: «Жүрөгүмдү оорутуп жатасыңар»,— деген. Ошентсе да Тирдегилерге айткандай эле, бул жактагыларга да жалынып-жалбарганына, ыйлаганына карабай чечимин өзгөртпөй турганын айткан. Ал аларга Иерусалимге эмне үчүн барышы керектигин түшүндүрүп берген. Пабыл чын эле кайраттуу киши болгон. Ал, Исадай болуп, эч коркпостон Иерусалимге барган (Евр. 12:2). Албетте, ал азапкеч болуп өлгүсү келген эмес. Бирок Исанын жолдоочусу катары өлгөнгө туура келсе, аны сыймык катары көргөн.
18 Ошондо Лука жана башкалар эмне кылган? Алар Пабылдын чечимин сыйлашкан. Элчилер китебинен: «Аны көндүрө албай, акырында: „Жахаба каалагандай болсун“,— деп тим болдук»,— дегенди окуйбуз (Элч. 21:14). Ооба, алар Пабылдан Иерусалимге барбашын айтып, кайра-кайра өтүнө беришкен эмес. Пабылдын айткандарына көнүп, оңой болбосо да, Жахабанын эркине баш ийишкен. Ошентип, Пабыл өлүмгө башын байлап, Иерусалимге бет алган. Эгер жакшы көргөн боордоштору анын оюн өзгөрткөнгө аракет кылбаса, Пабылга кыйла жеңил болмок.
19. Пабылдын окуясынан эмнеге үйрөнөбүз?
19 Пабылдын окуясынан маанилүү бир нерсеге үйрөнсөк болот: эгер боордошубуз көп нерседен кечип, Кудайга көбүрөөк кызмат кылууну чечсе, анын ошондой каалоосун суутпашыбыз керек. Бул өлүм менен өмүр маселесине эле эмес, башка жагдайларга да тиешелүү. Алсак, балдары Жахабага кызмат кылыш үчүн алыс жакка дайындалганда, оңой болбосо да, ата-энелер аларды айнытпай, кайра колдогонго умтулушат. Англияда жашаган Филлис жалгыз кызы Африкага миссионер болуп дайындалганда кандай сезимде болгону жөнүндө мындай дейт: «Ошондо аябай кыйналгам. Анын алыска кетерин эстеген сайын жүрөгүм зырп деп кетчү. Бир чети сыймыктансам, бир чети абдан жаман болчумун. Кудайга кандай сезимде болуп жатканымды көп жолу айттым. Бирок бул кызымдын чечими болгондуктан, ага кызматыңды ташта деп эч качан айткан эмесмин. Анын үстүнө, мен өзүм да аны Падышалыкты биринчи орунга койгонго дайыма үндөчүмүн. Кызым 30 жылдан бери ар башка өлкөдө кызмат кылып келатат. Анын ошентип берилгендигинен жазбай кызмат кылып жатканы үчүн Жахабага күн сайын ыраазычылык билдирем». Ооба, Жахабага көбүрөөк кызмат кылыш үчүн жанын аябаган боордошторубузду кубаттап турганыбыз кандай гана маанилүү!
Элчилер 21:15—17)
«Боордошторубуз кучак жайып тосуп алышты» (20, 21. Пабыл боордоштору менен чогуу болгусу келгенин эмнеден байкаса болот жана ал эмне үчүн ошенткен?
20 Баары даяр болгон соң, Пабыл менен анын шериктери жолун улайт. Аларга Пабылды чын дилден колдоп, жөлөп-таягысы келген кесариялык айрым бир туугандар да кошулат. Негизи эле, Иерусалимге сапар тарткандан баштап эле Пабыл менен шериктери, кайсы жерге токтобосун, боордошторуна жолукканга аракет кылышкан. Мисалы, Тирге жеткенде шакирттерди издеп таап, алар менен жети күн болушкан. Птоломайга барганда болсо ал жактагылар менен бир күн болушкан. Ал эми Кесарияда Филиптин үйүндө бир нече күн жүрүшкөн. Акырында, Кесариядагы шакирттердин айрымдары Пабылдарды Иерусалимге чейин коштоп барышкан. Ал жактан аларды Мнасон деген шакирт коноктогон. Ошентип, алар Иерусалимге жетишкен. Лука жазгандай, боордоштору аларды «кучак жайып тосуп алышкан» (Элч. 21:17).
21 Ооба, Пабыл Кудай кошкон бир туугандары менен чогуу жүргөндү жакшы көрчү. Ал алар менен сүйлөшкөндө, биз сыяктуу эле, кубаттанып калчу. Так ушул нерсе ага аны өлтүрүүнү көздөгөн душмандарынан коркпогонго кайрат берсе керек.
a 174-беттеги « Кесария — Рим провинциясы Жүйүт аймагынын борбору» деген кутучаны кара.
b 177-беттеги « Аялдар жыйналышта окутчу беле?» деген кутучаны кара.