Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

6-БӨЛҮМ

«Кудай зор күч берип, колдоп турган Степан»

«Кудай зор күч берип, колдоп турган Степан»

Степан Синедриондун алдында тайманбай сүйлөйт

Элчилер 6:8—8:3-аяттарына негизделди

1—3. а) Степан кандай жагдайга туш болгон жана эмне кылган? б) Кайсы суроолорду карайбыз?

 ИЕРУСАЛИМДЕГИ ибадатканадан алыс эмес жердеги Синедриондун заңгыраган залында сот жүрүп жатат. 71 киши Степанды ортого алып, суракка алууда. Жогорку соттун эл барктаган мүчөлөрү Степанды жеп жиберчүдөй карап турушат. Аларды Синедрионго Каяпа — бир нече ай мурун Иса Машаяктын өлтүрүлүшүнө жооптуу болгон башкы дин кызматчы — чогулткан. Степан алардан коркту беле?

2 Соттор таң калыштуу бир нерсени, Степандын «жүзү периштеникиндей» болуп турганын, байкашат (Элч. 6:15). Периштелер адамдарга Жахабанын кабарын жеткиргендиктен эч нерседен коркушпайт жана тайманбас болушат. Степандын жүзүнөн да ошондой тайманбастык, тынчтык көрүнүп турган. Муну атүгүл аны жек көрө карап турган соттор да көрүшкөн. Степанга коркпогонго эмне жардам берген?

3 Бул суроого жооп алуунун аркасында көп нерсени үйрөнө алабыз. Адегенде Степандын эмне үчүн ушундай жагдайга туш болгонун карайлы. Анын мурда эле ишеними күчтүү экени эмнеден көрүнгөн? Андан кандай үлгү ала алабыз?

«Элди... тукурушту» (Элчилер 6:8—15)

4, 5. а) Степан жыйналышка бир топ колдоо көрсөткөн деп эмне үчүн айта алабыз? б) Кудайдын Степанга «зор күч берип, колдоп турганы» эмнеден көрүнгөн?

4 Буга чейин Степандын жаңы уюшулган жыйналышка бир топ колдоо көрсөткөнүн билгенбиз. 5-бөлүмдө айтылгандай, ал элчилерди жан-дилден колдогон жети эркектин бири болгон. Ошондой эле Кудай Степанды көп нерсеге жөндөмдүү кылса да, ал момун бойдон калган. Элчилер 6:8ден анын айрым элчилердей болуп, «керемет-жышаандарды көрсөткөнүн» билсе болот. Андан сырткары, Кудай ага «зор күч берип, колдоп турган».

5 Белгилей кетчү нерсе, «колдоп турган» деген грек сөзүн «кең пейил» деп да которсо болот. Степан ошондой кең пейил, жумшак киши болгондуктан, башкалар ага тартылып турган. Ал угармандарын айтып жаткан кабарынын чындык экенине жана аларга пайдасын тийгизерине ынандыра алчу. Степан момун болуп, Жахабанын ыйык рухунун таасир этишине жол бергендиктен, күчкө толгон. Ал жөндөмдүүлүктөрүнөн улам текеберденип кеткен эмес. Тескерисинче, бардык даңкты Жахабага ыйгарган. Ошондой эле кабар айткан адамдарын ойлогондуктан аларга сүйүү менен мамиле кылган. Ушул себептерден улам душмандар ага тишин кайраган.

6—8. а) Степанга кандай эки жалган айып тагылган жана эмне үчүн? б)  Степан жөнүндө изилдегенибиздин бизге кандай пайдасы бар?

6 Кээ бирлер Степан менен талашкысы келген, бирок «ага туруштук бере алышкан» эмес. «Анткени ал Кудайдын ыйык рухуна жетектелип, акылмандык менен сүйлөгөн» a. Эч кандай айып таппаган соң, Степанга жалаа жабууну «тымызын сүйлөшүшкөн». Анан элди, аксакалдарды жана диний мыйзамдарды окуткандарды ага «каршы тукурушкан». Ага каршы чыккандар Степанды Синедрионго алып барышкан (Элч. 6:9—12). Алар ага эки жалган айып тагышкан: аны Кудайга акарат кылды жана Мусага тил тийгизди деп күнөөлөшкөн. Эмне үчүн ошентишкен?

7 Айып таккандардын айтымында, Степан «ыйык жайга» — Иерусалимдеги ибадатканага — каршы сүйлөп, Кудайга шек келтирген (Элч. 6:13). Ошондой эле алар аны Мусанын мыйзамындагы каада-салттарды өзгөртүп, ага каршы сүйлөп, Мусага тил тийгизди деп күнөөлөшкөн. Бул аябай олуттуу күнөө деп эсептелген. Себеби жүйүттөр ошол учурда ибадаткананы, Мусанын мыйзамын жана ага кошумчаланган оозеки мыйзамдарды ыйык тутушкан. Ошон үчүн алар Степанды коркунуч туудурган киши катары эсептеп, өлүмгө татыктуу деп табышкан.

8 Бүгүнкү күндөгү диний жетекчилер да так эле ушу сыяктуу ыкмаларды колдонуп келет. Мисалы, Жахабанын Күбөлөрүн куугунтукташ үчүн бийлик башындагыларды аларга каршы тукурушат. Каршылаштардын жалган айыптарына кандай карашыбыз керек? Бул жагынан Степандан көп нерсени үйрөнө алабыз.

«Даңкка бөлөнгөн Кудай» жөнүндө тайманбай айтат (Элчилер 7:1—53)

9, 10. Сынчылар Степандын айткандары тууралуу эмне деген жана эмнени эсте сактап турушубуз керек?

9 Бул бөлүмдүн башында айтылгандай, жалаачылар айыптап киргенде, Степан эч нерсе болбогондой, тайманбай тура берген. Каяпа Степандан: «Ушул айтылгандар чынбы?» — деп сураган (Элч. 7:1). Ошондо сөз кезеги Степанга келген. Анан ал өзүн коргоп, күчтүү далилдерди келтирген!

10 Айрым сынчылар Степан ага тагылган айыпка жооп кайтарбай эле, маани-маңызы жок узун сөз сүйлөп койгон дешет. Бирок чынында Степан жакшы кабарды коргоп, бизге мыкты үлгү калтырган (1 Пет. 3:15). Аны ибадатканага каршы сүйлөп Кудайга акарат кылды жана Мыйзамга каршы сүйлөп Мусага тил тийгизди деп айыпташканын эсте сактап туралы. Степан алардын айткандарын төгүнгө чыгарыш үчүн ысрайыл элинин тарыхындагы үч доор тууралуу айтып, айрым ойлорду баса белгилеген. Анда ар бир доорго өз-өзүнчө токтололу.

11, 12. а) Степандын Ыбрайым жөнүндө айтканы эмне үчүн жөндүү болгон? б) Степан эмне үчүн Жусуп жөнүндө да айткан?

11 Уруу башчыларынын доору (Элч. 7:1—16). Степан сөзүн Ыбрайымдан баштаган. Жүйүттөр ишеними күчтүү ал пайгамбарды урматтачу. Степан аларга тааныш темада сөз баштап, «Улуу Кудайдын» — Жахабанын — Ыбрайымга Месопотамияда көрүнгөнүн белгилеген (Элч. 7:2). Ыбрайым Убадаланган жерде келгин катары жашаган. Ал кезде ибадаткана да, Мусанын мыйзамы да жок болчу. Муну менен, Кудайга жагыш үчүн ушундай нерселер зарыл эмес экенин айкын көрсөткөн.

12 Андан кийин Степан Ыбрайымдын урпагы Жусуп тууралуу кеп кылган. Жүйүттөр аны да улуу инсан деп эсептешкен. Степан аларга ал адил кишини өзүнүн агалары, ысрайыл элинин ата-бабалары, күн көргөзбөй, кулчулукка сатып жибергенин айткан. Бирок Кудай ысрайыл элин Жусуп аркылуу ачарчылыктан сактап калган. Степан Жусуп менен Иса Машаяктын ортосундагы окшоштуктарды көргөн. Бирок угуучуларына мүмкүн болушунча көбүрөөк нерселерди айтыш үчүн, алар тууралуу сөз кылбай турууну чечкен.

13. Степан айыптоолордун жалган экенин көрсөтүш үчүн эмне үчүн Муса жөнүндө сөз кылган жана акырында эмнени айгинелеген?

13 Мусанын убагы (Элч. 7:17—43). Степан Мусага көбүрөөк токтолгон. Синедриондун мүчөлөрүнүн көбү Мусанын беш китебинен башка китептерди четке каккан садукейлер болгон. Ошондуктан Степан Муса жөнүндө көбүрөөк айткан. Анын үстүнө, аны Мусага тил тийгизди деп айыпташканын эстесеңер. Андыктан Степан Мусага басым жасап, аны да, Мыйзамды да сыйлаарын көрсөтүп, айыптоолорго түз жооп берген (Элч. 7:38). Ошондой эле Мусанын өзү куткарганга аракет кылгандар тарабынан четке кагылганын айта кеткен. Ошол кезде Муса 40 жашта болчу. Андан 40 жылдан ашык убакыт өткөндөн кийин ысрайыл эли ага бир канча жолу каршы чыккан b. Степан ушулардын баарын санап келип, акырында ысрайыл эли Кудай жетекчилик кылганга дайындагандарды кайра-кайра четке какканын айгинелеген.

14. Степан Муса тууралуу айтканда дагы эмнени баса белгилеген?

14 Степан аны угуп тургандарга Мусанын: «Кудай силерге элиңердин арасынан мен сыяктуу пайгамбарды дайындайт»,— деген сөздөрүн айткан. Ал пайгамбар ким болмок жана эл аны кандай кабыл алмак? Степан анын ким болгонун дароо айтып салган эмес. Ал угуучуларынын көңүлүн башка маанилүү нерсеге бурган: Муса, кайсы жер болбосун, ыйык болушу мүмкүн экенин түшүнгөн. Анткени Жахаба күйүп турган бадалдын жанынан Мусага ал жердин ыйык болуп калганын айткан. Анда Жахабага Иерусалимдеги ибадаткана сыяктуу жайдан гана сыйыныш керек деп айтуу туура болгонбу? Келгиле, карап көрөлү.

15, 16. а) Степандын жыйын чатыры жөнүндө айтканы эмне үчүн маанилүү болгон? б) Степан ибадаткана жөнүндө кандай максатта айткан?

15 Жыйын чатыры жана ибадаткана (Элч. 7:44—50). Степан соттогуларга бир кезде Иерусалимде ибадаткана жок болгонун жана Кудай Мусага көчүргөнгө ыңгайлуу болгон жыйын чатырын жасоону буйруганын айткан. Муса өзү да жыйын чатырында Кудайга сыйынган. Андыктан жыйын чатырын ибадатканадан төмөн турат деп эч ким айта алмак эмес.

16 Кийин Сулайман Иерусалимде ибадаткана курган. Аны Кудайга арнаганда тиленип жатып, ыйык рухтун жетеги менен маанилүү ойду айткан. Степан анын сөздөрүн кайталап: «Эң Жогорку Кудай адам баласы курган үйлөрдө жашабайт»,— деген (Элч. 7:48; 2 Жылн. 6:18). Жахаба ой-ниетин ишке ашырыш үчүн ибадаткананы колдонушу мүмкүн, бирок ой-ниетин ансыз деле ишке ашыра алат. Демек, ага жаккандай сыйыныш үчүн сөзсүз эле адамдар курган ибадаткана зарыл болгон эмес. Степан ушул ойду баса белгилеш үчүн сөзүн Ышаянын: «„Асман — менин тактым, ал эми жер — таман астым. Анда мага кандай үй курасыңар? — дейт Жахаба.— Мен жашай турган жайды каякка курмак элеңер? Баарын мен жараткан эмесминби?“» — деген сөздөрү менен жыйынтыктаган (Элч. 7:49, 50; Ыш. 66:1, 2).

17. а) Степан айыптоочуларынын көз карашы туура эмес экенин кантип көрсөткөн? б)  Айыптоолордун негизсиз экенин кантип көрсөткөн?

17 Чынында эле, Степан айыптоочуларынын көз карашы туура эмес экенин көрсөтүш үчүн сөзүн эң мыкты ойлонуштурган. Ал Жахабанын өзүнүн ой-ниетин ар кандай жолдор менен ишке ашыра аларын жана ал белгилүү бир каада-салттардан көз каранды эмес экенин айкын кылган. Иерусалимдеги кооз ибадаткананы жана Мусанын мыйзамынын негизинде келип чыккан каада-салттарды ыйык туткандар Мыйзамдын жана ибадаткананын анык максатын көз жаздымда калтырып коюшкан. Ушуларды айтып Степан угуучуларына: «Мыйзамды, ибадаткананы урматтагыңар келсе, анда Жахабага баш ийгиле»,— деген ойду жеткиргиси келген. Ооба, Степан эч кандай жаман иш кылбаганын жана Жахабага жан-дили менен баш иерин так-даана көрсөткөн.

18. Степандан эмнени үйрөнө алабыз?

18 Биз Степандан эмнени үйрөнө алабыз? Ал Ыйык Жазманы абдан жакшы билген. «Кудайдын Сөзүн туура үйрөтүш» үчүн биз да, Степандай болуп, Ыйык Китепти кылдат изилдешибиз керек (2 Тим. 2:15). Ошондой эле андан кең пейил жана сылык болгонго үйрөнө алабыз. Степанды угуп тургандар аны тытып жибергенге даяр болушкан. Ошентсе да Степан угуучулары ыйык туткан нерселери жөнүндө кеп кылып, жалпылыкты тапканга аракет кылган. Андан сырткары, жогорку соттун мүчөлөрүнө «аталар» деп кайрылып, аларды сыйлаарын көрсөткөн (Элч. 7:2). Башкалар Ыйык Китепте жазылгандар жөнүндө сураганда, биз да «терең урмат-сый менен жумшак жооп беришибиз» керек (1 Пет. 3:15).

19. Степан Синедрионго эмнени тайманбай айткан?

19 Биз башкалардын көңүлүн оорутуп алабыз деп Кудайдын Сөзүндөгү чындыкты жашырбайбыз. Ошондой эле Жахабанын өкүмдөрүн жымсалдабайбыз. Степан бул жагынан мыкты үлгү калтырган. Ал келтирген далилдери көкүрөгү көр угуучуларына анча деле таасир этпегенин түшүнгөн. Ошондуктан ыйык рухка жетектелип, сөзүнүн соңунда алардын Жусупту, Мусаны жана башка пайгамбарларды четке каккан ата-бабаларындай болуп жатканын тайманбай айткан (Элч. 7:51—53). Чынында эле, Синедриондун мүчөлөрү Муса жана башка пайгамбарлар алдын ала айткан Машаякты өлтүртүшкөн. Ошентип, Мусанын мыйзамы боюнча эң оор кылмыш кылышкан.

«Мырзам Иса, өмүрүмдү сага тапшырдым» (Элчилер 7:54—8:3)

«Степандын сөздөрүн укканда алардын каары кайнап, тишин кайрай башташты» (Элчилер 7:54).

20, 21. Степандын сөздөрү сотторго кандай таасир эткен жана Жахаба Степанды кантип кайраттандырган?

20 Соттор Степандын айткандарын жокко чыгара алган эмес. Ошон үчүн араң турган немелердин каары кайнап, тишин кайрай башташкан. Ошондо Степан ага ырайым көрсөтүлбөй турганын, өзүнүн Мырзасы Исадай болуп, өлтүрүлөрүн түшүнгөн көрүнөт.

21 Степан алдыда күтүп турган сыноого тике карашы керек болчу. Андыктан Жахаба аян көрсөткөндө, анын бир топ кайраттанып калганы шексиз. Степан аян аркылуу даңкка бөлөнгөн Кудайды жана анын оң жагында турган Исаны көргөн. Эмнени көрүп жатканын айтканда, Синедриондо отургандар кулактарын жаап алышкан. Эмне үчүн? Анткени мурунураак Иса ошол эле кишилерге өзүнүн Машаяк экенин жана Атасынын оң жагына отурарын айткан болчу (Мр. 14:62). Степандын айткандары Исанын ошол сөздөрүнүн чын экенин тастыктаган. Андай болсо Синедриондун мүчөлөрү Машаякты четке кагып, өлүм жазасына тартышкан! Эми алар Степанды таш бараңга алыш үчүн жабыла чуркашкан c.

22, 23. Степандын өлүмү эмнеси менен Мырзасыныкына окшош болгон жана Кудайдын учурдагы кызматчылары канткенде Степандай болуп кайраттуу боло алышат?

22 Степан да, Мырзасындай болуп, өлөр алдында жан дүйнөсү тынч болгон, толугу менен Жахабага таянган жана душмандарын кечирген. «Мырзам Иса, өмүрүмдү сага тапшырдым»,— деп айтканына караганда ал Исанын Жахабанын жанында турганын дагы деле аян аркылуу көрүп турган. Степандын Исанын: «Өлгөндөрдү тирилте турган, адамдарга өмүр бере турган менмин»,— деген сөздөрүн билгени күмөнсүз (Жкн. 11:25). Акырында, Степан үнүн бийик чыгарып: «Жахаба, буларды ушул күнөөсү үчүн жоопко тарта көрбө»,— деп айтат да, өлүм уйкусуна кетет (Элч. 7:59, 60).

23 Ошентип, Степан Исанын жолдоочуларынын ичинен биринчи азапкеч болгон. (48-беттеги « Кандай мааниде азапкеч?» деген кутучаны кара.) Өкүнүчтүүсү, акыркысы болгон эмес. Бүгүнкү күнгө чейин Жахабанын айрым ишенимдүү кызматчылары диний фанаттардын, саясий топтордун жана башка ырайымсыз душмандардын айынан өмүрү менен кош айтышып келет. Анткен менен биз да, Степандай болуп, кайраттуу боло алабыз. Учурда Иса асманда Падыша катары башкарууда. Жахаба ага зор бийлик берген. Андыктан ага ишенимдүү жолдоочуларын тирилткенге эч нерсе тоскоолдук кыла албайт (Жкн. 5:28, 29).

24. Шабылдын Степандын өлүмүнө кандай катыштыгы болгон жана Степандын өлүмү Исанын жолдоочуларына кандай таасир эткен?

24 Степан таш бараңга алынып жатканда, ал жерде Шабыл аттуу бир жаш жигит да болгон. Ал Степандын өлтүрүлүшүн жактаган. Атүгүл аны таш бараңга алып жаткандардын кийимин кайтарып турган. Ошол окуядан көп өтпөй эле Шабыл Исанын жолдоочуларын катуу куугунтуктай баштаган. Бирок башка шакирттер Степандын үлгүсүн көпкө чейин эстеп жүргөн. Бул аларга, өлүм менен беттешиш керек болсо да, ишениминен жазбаганга түрткү берген. Кийин Пабыл деген ат менен белгилүү болуп калган Шабыл Исанын жолун жолдой баштаган. Ошондо ал Степандын өлтүрүлүшүнө катышканы үчүн абдан өкүнгөн (Элч. 22:20). Ошондуктан: «Мурун акарат кылган, Машаяктын жолдоочуларын куугунтуктаган, уятсыз киши болгом»,— деп айткан (1 Тим. 1:13). Пабыл Степанды жана анын ошол күнү айткан сөздөрүн эч качан унутпаса керек. Буга Пабылдын айрым каттарында же эл алдында сүйлөгөндө Степан кеп кылган ойлорду кыстарып кеткени далил (Элч. 7:48; 17:24; Евр. 9:24). Кийин ал «Кудайдын ыйык рухуна толгон» Степандан кайраттуу болгонго, ишенимин бек сактаганга үйрөнгөн. Биз да Степандан үлгү алабызбы?

a Каршы чыккандардын айрымдары «Эркиндикке чыгарылгандар» деген топтун мүчөлөрү болгон. Алар бир учурда римдиктер туткунга алып, кийин бошоткон кулдар же, кыязы, жүйүт динин кабыл алган, эркиндикке чыккан кулдар болгон. Айрымдары болсо Киликиянын тургундары болгон. Шабыл да Киликиянын Тарс шаарынан болчу. Бирок Степанга каршы чыккан киликиялыктардын арасында анын болгон-болбогону айтылбайт.

b Степан айткан айрым маалыматтар, маселен, Мусанын Мисирде жүргөндө алган билими, Мисирден качканда канча жашта болгону жана Мидиан жеринде канча жыл жашаганы тууралуу Ыйык Китептин башка жеринде айтылбайт.

c Римдиктердин мыйзамы боюнча, Синедриондун кимдир бирөөнү өлүм жазасына тартууга укугу жок болчу (Жкн. 18:31). Демек, Степан мыйзам чегинде өлүм жазасына тартылган эмес. Аны жаалданган топ таш бараңга алып өлтүргөн.