Купуялуулук жөндөөлөрү

Сайтты колдонуу ыңгайлуу болушу үчүн биз cookie файлдарын жана башка ушу сыяктуу программаларды колдонобуз. Айрым cookie файлдары веб-сайтыбыз тийиштүү түрдө иштеши үчүн зарыл жана алардан баш тартууга болбойт. Сиз сайтыбызды жакшыртууга шарт түзгөн кошумча cookie файлдарын колдонууга макулдугуңузду бере аласыз же алардан баш тарта аласыз. Биз чогулткан маалыматтар эч качан сатылбайт, маркетинг үчүн колдонулбайт. Бул тууралуу көбүрөөк билиш үчүн «Cookie файлдарын жана ушу сыяктуу программаларды колдонуу боюнча бүткүл дүйнөлүк саясат» деген макаланы окуңуз. Каалаган учурда «Купуялуулук жөндөөлөрүнө» кирип, cookie файлдарын өзүңүзгө ылайыктап жөндөп койсоңуз болот.

Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Бай кожоюн кызматчысын жумуштан бошотуп жатат

87-БӨЛҮМ

Эртеңкини ойлоп, акылдуулук менен иш кыл

Эртеңкини ойлоп, акылдуулук менен иш кыл

ЛУКА 16:1—13

  • АДИЛ ЭМЕС КУЛ ЖӨНҮНДӨГҮ МИСАЛ

  • АДИЛЕТСИЗ БАЙЛЫК МЕНЕН «ДОСТОРДУ КҮТКҮЛӨ»

Машаяктын жоголгон уул жөнүндөгү мисалын угуп отурган салык жыйноочулар, китепчилер жана фарисейлер Кудайдын өкүнгөн күнөөкөрлөрдү кечирүүгө даяр экенин билгенде таң калышса керек (Лука 15:1—7, 11). Эми пайгамбар шакирттерине чарба башкаруучусунун акылдуулук менен иш кылганын билген бай киши жөнүндө мисал айтып берет.

1. Кызматчы эмне кылышты ойлонуштуруп жатат; 2. Кызматчы карыздарлардын карызын азайттырып жатат

Бир чарба башкаруучусу бай кожоюнунун мүлкүн ысырап кыла баштайт. Муну уккан кожоюну аны чакырып, жумушунан бошоторун айтат. Ошондо кызматчы: «Кожоюнум иштен бошоткондо, эмне кылам? Жер казганга күчүм жок, кайыр сурагандан уялам»,— деп өзүнчө ой калчайт. Анан эртеңки күнүн ойлоп: «Таптым: жумуштан бошогонумда, башкалар мени үйүнө киргизиши үчүн, минтейин»,— дейт. Ошентип, кожоюнуна карыз болгондорду дароо чакырып: «Кожоюнума канча карызсың?» — деп сурай баштайт (Лука 16:3—5).

Биринчиси: «Эки миң эки жүз литр зайтун майы карызмын»,— деп жооп берет. Карыз алган киши зайтун бактары өскөн чоң бакчанын ээси же май саткан соодагер болгон көрүнөт. Чарба башкаруучусу ага: «Тил катыңды ал да, отуруп, тезинен бир миң бир жүз деп жаз»,— дейт (Лука 16:6).

Анан башкасынан: «Сен канча карызсың?» — деп сурайт. «Жүз чоң кап буудай»,— дейт ал. Башкаруучу ага: «Тил катыңды ал да, сексен деп жаз»,— дейт. Ал, мындайча айтканда, анын карызын 20 пайызга азайткан (Лука 16:7).

Башкаруучу дагы деле кожоюндун эсеп-кысабына жооптуу болгондуктан карыздарды азайтууга укугу бар болчу. Карыздарды азайтуунун аркасында ал жумушсуз калганда жардам бере турган досторго ээ боло алган.

Бир күнү кожоюну бул тууралуу билип калат. Албетте, ал чыгым болгон дечи. Бирок кызматчысынын, «адил болбосо да», «акылдуулук менен иш кылганына» таң калып, аны мактайт. Машаяк: «Бул дүйнө түзүлүшүнүн уулдары өздөрүнүн муунундагы адамдар менен мамилелешкенде жарыктын уулдарына караганда акылдуураак келишет»,— деп кошумчалайт (Лука 16:8).

Машаяк кулдун ушундай иш кылганын айыптаган эмес, ошол эле учурда куулук менен иш кылууну да колдогон эмес. Анда эмнени айткысы келген? Ал шакирттерин: «Адилетсиз байлык менен өзүңөргө досторду күткүлө. Ошондо алар, байлыгыңар түгөнгөндө, силерди түбөлүк турак-жайларга кабыл алышат»,— деп үндөгөн (Лука 16:9). Ооба, бул мисалдан алдыны көрө билүүгө, акылдуулук менен иш кылууга үйрөнө алабыз. Кудайдын кызматчылары — «жарыктын уулдары» — келечекте түбөлүк жашаарын эске алып, колундагы мүлкүн акылдуулук менен колдонушу керек.

Бир гана Жахаба Кудай менен анын Уулу асмандагы Падышалыкка кирүүгө же ошол Падышалыктын бийлиги астында Бейиште жашоого мүмкүнчүлүк бере алышат. Андыктан Кудайдын ишин алдыга жылдырыш үчүн колубузда болгон мүлкүбүздүн баарын колдонуп, Жахаба жана Машаяк менен болгон достугубузду чыңдашыбыз керек. Анткени алтын, күмүш жана башка баалуу нерселер күчүн жоготкон же жок болгон учурда ошол достуктун аркасында түбөлүк өмүргө ээ боло алабыз.

Мындан тышкары, Машаяк колдогу мүлктү же байлыкты колдонууда ишенимдүү болгондордун андан да маанилүү нерселер тапшырылганда да ишенимдүү болорун айткан. Андыктан ал: «Эгер адилетсиз байлыкты колдонгондо ишенимдүү болбосоңор, чыныгы байлыкты [Падышалыктын иштерин] силерге ким ишенип тапшырат?» — деген (Лука 16:11).

Машаяк шакирттеринен, «түбөлүк турак-жайларга» кабыл алынышы үчүн, көп нерсе талап кылынарын көрсөткөн. Эч ким Кудайдын кызматчысы да болуп, адилетсиз байлыктын кулу да боло албайт. Ошондуктан ал сөзүн: «Кул бир эле учурда эки мырзага кызмат кыла албайт, анткени бирин жек көрүп, экинчисин жакшы көрөт же бирине берилгендик менен кызмат кылып, экинчисин баркка албайт. Бир эле учурда Кудайга да, байлыкка да кул боло албайсыңар»,— деп корутундулайт (Лука 16:9, 13).