Куугунтук
Эмне үчүн Исанын жолдоочулары куугунтукталабыз деп күтүшү керек?
Куугунтукталганда эмне үчүн Жахабадан жардам сурашыбыз керек?
Зб 55:22; Кр2к 12:9, 10; Тм2к 4:16—18; Ев 13:6
-
Ыйык Китептеги окшош жагдайлар:
-
Пд1к 19:1—18. Илияс пайгамбар куугунтукталганда жүрөгүндөгүсүн Жахабага төккөн. Жахаба болсо аны сооротуп, дем-күч берген
-
Элч 7:9—15. Жусупту өз агалары куугунтуктаган. Бирок Жахаба аны дайыма колдогон жана куткарып калган; аны колдонуп үй-бүлөсүн да сактап калган
-
Куугунтуктун кандай түрлөрү бар?
Сөз менен кордоо
Жл2к 36:16; Мт 5:11; Элч 19:9; Пт1к 4:4
-
Ыйык Китептеги окшош жагдайлар:
-
Пд2к 18:17—35. Ашурдун падышасынын өкүлү болгон башкы шарап сунуучу Жахабаны мазактап, Иерусалимдин элин шылдыңдаган
-
Лк 22:63—65; 23:35—37. Исаны кармап кетишкенде да, устунга кадашканда да, каршылаштары аны шылдыңдап, кордошкон
-
Үйдөгүлөрдүн каршылыгы
Кармап кетүү, бийлик башындагылардын алдына алып баруу
Уруп-сабоо
Топ кишинин кол салышы
Өлтүрүү
Кудайдын кызматчысы куугунтукталганда өзүн кандай алып жүрүшү керек?
Мт 5:44; Элч 16:25; Кр1к 4:12, 13; Пт1к 2:23
-
Ыйык Китептеги окшош жагдайлар:
-
Элч 7:57—8:1. Топ киши уруп-сабап, өлүм алдында турганда да Степан Кудайдан аларды кечиришин суранган. Алардын арасында тарстык Шабыл да болгон
-
Элч 16:22—34. Элчи Пабылды сабап, буттарын кишендеп коюшса да, ал түрмө сакчысына жакшылык кылган. Мунун аркасында түрмө сакчысы менен үйүндөгүлөрү Исанын жолдоочусу болуп калышкан
-
1-кылымдагы Исанын айрым жолдоочулары эмне болгон?
Куугунтукка кандай карашыбыз керек?
Келечекке болгон үмүтүбүз куугунтук учурунда кандайча күч берет?
Куугунтукталганда уялганыбыз, коркконубуз же көңүлүбүз чөккөнү жана Жахабага кызмат кылбай калганыбыз эмне үчүн туура эмес болуп калат?
Зб 56:1—4; Элч 4:18—20; Тм2к 1:8, 12
-
Ыйык Китептеги окшош жагдайлар:
-
Жл2к 32:1—22. Сенхейрип падыша жер жайнаган аскери менен кол салганы келгенде, Хиския падыша Жахабага таянып, элине дем-күч берген. Бул үчүн Жахабадан чоң бата алган
-
Ев 12:1—3. Исаны куугунтуктагандар аны уят кылгысы келген. Бирок ал мындан уялган эмес, көңүлүн да чөгөргөн эмес
-
Куугунтуктун натыйжасы кандайча жакшы болушу мүмкүн?
Сыноолордо туруктуу болсок, Жахабага жагабыз жана анын ысмын даңктайбыз
-
Ыйык Китептеги окшош жагдайлар:
-
Ап 1:6—22; 2:1—10. Башына түшкөн чоң сыноолордун артында Шайтан турганын билбесе да, Аюп Жахабадан баш тарткан эмес. Ошентип, Жахабаны даңктап, Шайтандын жалганчы экенин далилдеген
-
Дн 1:6, 7; 3:8—30. Жахабага берилген Ханания, Мишаел, Азария (Шадрах, Мешах, Абетнего) ага баш ийбей койгонго караганда өлгөнгө даяр болушкан; натыйжада жалган кудайларга сыйынган Небухаданасар падыша эл алдында Жахабаны даңктаган
-
Куугунтуктун аркасында башкалар Жахаба жөнүндө угушу мүмкүн
-
Ыйык Китептеги окшош жагдайлар:
-
Элч 11:19—21. Куугунтуктун айынан туш-тушка качып кеткен Исанын жолдоочулары барган жерлеринде кабар айта беришкен
-
Фп 1:12, 13. Элчи Пабылдын түрмөгө камалганы көптөрдүн жакшы кабарды угушуна шарт түзгөн. Ал буга кубанган
-
Куугунтукталганда туруктуу болгонубуз бир туугандарыбызды кайраттандырышы мүмкүн
Кудайдын элинин куугунтукталышына диний жетекчилер менен бийликтегилердин кандай катыштыгы бар?
Жр 26:11; Мр 3:6; Жн 11:47, 48, 53; Элч 25:1—3
-
Ыйык Китептеги окшош жагдайлар:
-
Элч 19:24—29. Эфесте Артемида аял кудайынын ибадатканасынын үлгүлөрүн жасагандар болгон. Алар Исанын жолдоочулары айткан кабардын айынан көп кирешеден кол жууп калабыз деп ойлошкон. Ошон үчүн аларды куугунтукташкан
-
Гл 1:13, 14. Исанын жолдоочусу болгонго чейин Пабыл (Шабыл) жүйүттөрдүн динине бекем карманчу. Ошон үчүн жыйналыштагыларды куугунтуктаган
-
Жахабанын элинин куугунтукталышына ким себепкер?