Акча
Акчаны сүйүү эмне үчүн коркунучтуу?
Кара: «Дүнүйөкордук»
Үй-бүлөбүзгө кам көрүш үчүн иштеп акча тапканыбыз туура экени Ыйык Китептен кандайча көрүнүп турат?
Нс 7:12; 10:19; Эф 4:28; Тс2к 3:10; Тм1к 5:8, 18
-
Ыйык Китептеги окшош жагдайлар:
-
Бш 31:38—42. Жакып үй-бүлөсүнө кам көрүш үчүн кайнатасы Лабанга чын дилден иштеп берген. Лабан болсо ага адилетсиз мамиле кылган. Бирок Жахаба Жакыптын кылган эмгегине батасын берген
-
Лк 19:12, 13, 15—23. Исанын мисалынан анын күндөрүндө киреше табыш үчүн акчаны айландыруу кадимки эле нерсе болгонун билсек болот
-
Ыйык Китепте акчаны карызга берүү жана карыз алуу тууралуу эмне делет?
Зарылдыгы жок эле карыз ала бергенден эмне үчүн качышыбыз керек?
-
Ыйык Китептеги окшош жагдайлар:
-
Нек 5:2—8. Башкаруучу Некемиянын убагында карыз берген айрым ысрайылдыктар аларга карыз болгондорго таш боордук кылышкан
-
Мт 18:23—25. Исанын мисалында карызын төлөбөгөндөр жазаланышы мүмкүн экенине байланыштуу эскертүү камтылат
-
Кимдир бирөө менен ишкердик мамиле түзгөнгө чейин, ал Жахабанын Күбөсү болобу же жокпу, атүгүл тууганыбыз болобу, эмне кылышыбыз керек?
-
Ыйык Китептеги окшош жагдайлар:
-
Бш 23:14—20. Сыягы, кийин түшүнбөстүктөр, келишпестиктер болуп кетпеши үчүн, Ыбрайым Сааранын сөөгүн коё турган талаа менен андагы үңкүрдү күбөлөрдүн көзүнчө сатып алган
-
Жр 32:9—12. Жеремия пайгамбар тууганынан жер сатып алып жатканда келишим түзүп, анын көчүрмөсүн жасап, акчасын күбөлөрдүн көзүнчө таразага тартып берген
-
Акчабызды эмнеге жумшаарыбызды жакшылап ойлонгонубуз эмне үчүн акылдуулукка жатат?
Эмне үчүн Кудайдын кызматчылары акчанын айынан жыйналыштын бөлүнүп-жарылышына жол бербеши керек?
Канткенде акчабызды чындап кубаныч тартуулагыдай кылып колдоно алабыз?