28-БӨЛҮМ
«Бир гана сен берилгендик сактайсың»
1, 2. Дөөт чыккынчылык деген эмне экенин билген деп эмне үчүн айтууга болот?
ДӨӨТ ПАДЫША чыккынчылык деген эмне экенин жакшы билген. Ал падышалык кылган коогалаңдуу мезгилде ага карата жашыруун каршылыктар көп уюштурулган. А түгүл аны эң жакын достору деп эсептелген адамдар сатып кеткен учурлар да болгон. Биринчи аялын, Михалды, мисалга алып көрөлү. Ал Дөөттү башында эле жакшы көрүп калып, анын бардык падышалык иштеринде ага жөлөк-таяк болгону шексиз. Бирок кийинчерээк ал «өз ичинен аны [Дөөттү] жек көрүп... жел өпкө адам» катары эсептеген (1 Шемуел 18:20; 2 Шемуел 6:16, 20).
2 Дөөттүн кеңешчиси Акитопелди да алып көрөлү. Анын кеңештери Жахаба берген насааттардай эле эсептелчү (2 Шемуел 16:23). Бирок убакыттын өтүшү менен ал ишеничтүү кеңешчиси Дөөткө каршы козголоң чыгаргандарга кошулуп, чыккынчылык кылган. Ал козголоңду ким уюштурган? Абышалом, Дөөттүн өз уулу! Бул митаам, ичи тар адам такка отуруу үчүн «акырындап ысрайылдыктардын ишенимине ээ боло берген». Абышаломдун көтөрүлүшүнө кошулган элдин көптүгүнөн улам Дөөт падыша качып жан сактоого аргасыз болгон (2 Шемуел 15:1—6, 12—17).
3. Дөөт эмнеге шектенген эмес?
3 Дөөттүн таянар эч кимиси жок беле? Башына түшкөн каргашаларга карабастан Дөөт ага карата берилгендик сактаган бирөө бар экенин билген. Ал ким эле? Жахаба Кудай. Дөөт Жахаба тууралуу: «Берилгендик көрсөткөнгө берилгендик менен мамиле кыласың»,— деп айткан (2 Шемуел 22:26, «ЖД»). Берилгендик деген эмне жана Жахаба бул сапатты кантип өзгөчө түрдө көрсөткөн?
Берилгендик деген эмне?
4, 5. а) «Берилгендик» деген эмне? б) Берилгендик менен ишенимдүүлүктүн кандай айырмасы бар?
4 Эврей Жазмаларындагы «берилгендик» деген сөз максатына жетмейин кимдир бирөөнө же бир нерсеге мээримдүүлүк менен көрсөтүлө берилчү боорукердикти билдирет. Ал — ишенимдүүлүккө караганда тереңирээк мааниге ээ түшүнүк. Себеби адам өзүн милдеттүү сезгендиктен гана ишенимдүүлүк көрсөтүшү мүмкүн. Берилгендик болсо сүйүүгө негизделет *. Мындан тышкары, «ишенимдүү» деген сөз жансыз нерселерге карата да колдонулушу ыктымал. Маселен, ай түн ичинде асманда такай болгондуктан, забурчу аны асмандагы «ишенимдүү күбө» деп атаган (Забур 88:38). Бирок айды берилген деп айтууга болбойт. Эмне үчүн? Себеби берилгендик — сүйүүнүн көрсөтүлүшү, а жансыз нерселерде эч кандай сезим болбойт.
Ай ишенимдүү күбө деп аталган, бирок аң-сезимдүү жаратуулар гана Жахабанын берилгендигин чагылдыра алышат.
5 «Берилгендик» деген сөз Ыйык Китепте абдан жылуу, назик сезимге карата колдонулат. Бирилгендик көрсөтүлгөн адам менен аны көрсөткөндүн ортосунда ынак, бекем мамиле өрчүйт. Мындай берилгендик туруктуу келет. Аны шамал бирде оңго, бирде солго чайпалткан деңиз толкунуна салыштырууга
болбойт. Тескерисинче, берилгендик же болбосо берилгендик менен көрсөтүлүүчү сүйүү туруктуулугу жана абдан оор кыйынчылыктарга туруштук бергендиги менен айырмаланат.6. а) Адамдар бири-бирине канчалык деңгээлде берилгендик көрсөтүшөт жана Ыйык Китепте бул тууралуу эмне айтылат? б) Берилгендик деген эмнени билдирерин кантип түшүнүүгө болот жана эмне үчүн?
6 Мындай берилгендик бүгүн сейрек көрсөтүлөрү шексиз. Атүгүл кээде жакын курдаштар да «бири-бирин тытмалап салууга даяр». Аялдар менен эркектердин өмүрлүк жолдошун таштап кеткени тууралуу барган сайын көп угуудабыз (Накыл сөздөр 18:24, «ЖД»; Малахия 2:14—16). Чыккынчылык менен жүзүкаралык ушунчалык терең тамыр алгандыктан, Михей пайгамбардын: «Жерде ырайымдуулар [«берилгендикти сактагандар», «ЖД»] калбай калды»,— деген сөзүн кайталагың келет (Михей 7:2). Берилгендик Жахабанын өзгөчө касиет-сапаттарынын бири болуп эсептелсе да, адамдар аны көп учурда чагылдырышпайт. Берилгендик деген эмнени билдирерин түшүнүү үчүн, сүйүүнүн тутумуна кирген бул укмуш сапатты Жахабанын өзү кантип чагылдырарын карап чыкканыбыз жакшы.
Берилгендик сактоо жагынан Жахабага теңдеш эч ким жок
7, 8. Эмне үчүн Жахаба гана берилгендик сактайт деп айтууга болот?
7 Ыйык Китепте Жахаба тууралуу: «Бир гана сен берилгендик сактайсың»,— деп айтылат (Аян 15:4, «ЖД»). Муну кандай түшүнсө болот? Көптөгөн адамдар менен периштелер берилгендик көрсөтүшпөдү беле? (Аюб 1:1; Аян 4:8). А Ыйса Машайакчы? Ал Кудайга баарынан «берилген» эмеспи? (Забур 16:10, «ЖД», [15:10]). Анда эмне үчүн Жахаба гана берилгендик сактайт деп айтылат?
8 Адегенде берилгендиктин сүйүүнүн тутумуна кирген сапаттардын бири экенин эстейли. «Кудай — сүйүү», башкача айтканда, ушул сонун сапаттын өзү болгондуктан, берилгендикти Жахабадан артык ким көрсөтө алат? (1 Жакан 4:8). Ооба, адамдар менен периштелер Кудайдын сапаттарын чагылдыра алышат, бирок Жахаба гана берилгендикти эң жогорку деңгээлде көрсөтөт деп айтууга болот. «Күндөрү Байыркы» болгондуктан ал мээримдүү боорукердикти асмандагы да, жердеги да жаратуулардын баарынан узак көрсөтүп келет (Даниел 7:9). Ошондуктан Жахаба — берилгендиктин жандандырылышы. Бул сапатты көрсөтүү жагынан ага теңдеш эч ким жок. Буга байланыштуу айрым мисалдарды карап көрөлү.
9. Жахаба кандайча «ар бир ишинде берилгендик көрсөтөт»?
9 Жахаба «Өзүнүн ар бир ишинде ырайымдуу [«берилгендик көрсөтөт», «ЖД»]» (Забур 144:17). Бул эмнеден көрүнүп турат? Мунун жообун 135-забурдан табууга болот. Ал жерде Жахабанын өз элин кандайча куткаргандыгы, маселен, аны Кызыл деңизден керемет жолу менен өткөргөндүгү баяндалат. Белгилей кетчү нерсе, бул забурдун ар бир аяты: «Анын ырайымы [«мээримдүү боорукердиги», «ЖД»] түбөлүк»,— деген сөздөр менен аяктайт. Ушул забур 289-беттеги «Ой жүгүртүү үчүн суроолор» деген кутучада келтирилет. Ал аяттарды окуп жатып Жахабанын өз элине көрсөткөн мээримдүү боорукердигинин кандай зор болгонуна таң каласың. Ооба, Жахаба ишенимдүү кызматчыларына берилгендик көрсөтөт, ошондуктан алардын жардам сурап кайрылган тиленүүлөрүн угуп, өз убагында алардын пайдасын көздөп иш-аракет кылат (Забур 33:7). Жахаба өзүнүн берилген кызматчыларына берилгендик менен сүйүү көрсөтөт.
10. Жахаба өзүнүн принциптерине карата кантип берилгендик көрсөтөт?
10 Мындан тышкары, Жахаба өзүнүн принциптерине кармануу менен да кызматчыларына берилгендик көрсөтүүдө. Көп учурда сезим менен каалоолорго эле жетектелген адамдардан айырмаланып, Ал жакшылык менен жамандыкка карата болгон көзкарашына бекем карманат. Спиритизм, бурканга табынуу, сөлөкөткө сыйынуу жана өлтүрүү сыяктуу суроолорго карата анын көзкарашы кылымдардан бери өзгөргөн жок. Ал Ышайа пайгамбар аркылуу: «Силер карыганга чейин, Мен ошол эле Теңирмин»,— деп ынандырат (Ышайа 46:4). Кудай Сөзүндө айкын көрсөтүлгөн адеп-ахлак нормаларына кармануу зор пайда алып келерине эч шектенбесек болот (Ышайа 48:17—19).
11. Жахабанын убадасына бек турарын көрсөткөн мисалдарды келтиргиле.
11 Жахаба убадаларына бекем туруу менен да берилгендик көрсөтүүдө. Ал убадалаган нерселер сөзсүз аткарылат. Жахаба мындай дейт: «Менин оозумдан чыккан сөз да кайра Өзүмө бекер кайрылып келбейт, бирок Мен эмнени кааласам, ошону аткарат, Мен аны эмнеге жиберсем, ошону жүзөгө ашырат» (Ышайа 55:11). Жахаба өз сөзүнө бекем туруу менен кызматчыларына берилгендик көрсөтөт. Ал кызматчыларына аткарылбай турган убадаларды бербейт. Жахаба берилгендикти жеткилең түрдө көрсөткөндүктөн, анын кызматчысы Нундун уулу Жашыя: «Теңирдин Ысрайыл уулдарына айткан жакшы сөздөрүнүн ичинен эч бир сөзү аткарылбай калган жок, бардыгы жүзөгө ашты»,— деп айта алган (Жашыя 21:45). Жахабанын кайсы бир убадасы аткарылбай калып, көңүлүбүз кайт болору мүмкүн эмес экенине толук ишенсек болот (Ышайа 49:23; Римдиктерге 5:5).
12, 13. Жахабанын мээримдүү боорукердиги кандай мааниде «түбөлүк»?
12 Жогоруда сөз кылынгандай, Ыйык Китепте Жахабанын мээримдүү боорукердиги «түбөлүк» экени айтылат (Забур 135:1). Бул эмнени билдирет? Мунун бир мааниси Жахаба күнөөлөрдү биротоло кечирет. Бул китептин 26-бөлүмүндө айтылгандай, Жахаба кечирилген күнөөлөрүбүздү кайра эстебейт. «Бардыгыбыз күнөө кетирип, Кудай ээ кыла турган даңктан айрылганбыз», ошондуктан Жахабага берилгендикти түбөлүк көрсөтөрү үчүн ар бирибиз ыраазы болушубуз керек (Римдиктерге 3:23).
13 Жахаба мээримдүү боорукердикти же бирилгендикти дагы башка мааниде түбөлүк көрсөтөт. Анын Сөзүндө ыймандуу адамдын «суу боюна отургузулган, мөмөсүн өз маалында берген, жалбырагы соолубаган дарактай болору» жана «ал эмне иш кылбасын, бардык ишинде ийгиликке жетери» айтылат (Забур 1:3). Жалбырагы такыр соолубаган, жыш бутактуу чоң даракты элестетсең. Анын сыңарындай, Кудай Сөзүнөн чыныгы ыракат алсак, өмүрүбүз узак, бейкут жана жемиштүү болот. Жахабанын ишенимдүү кызматчыларына сүйүүсү менен берип жаткан баталары түбөлүктүү. Ооба, Жахаба орното турган адилеттүү жаңы дүйнөдө тил алчаак адамдардын бардыгы анын мээримдүү боорукердигин кылымдар бою сезишет (Аян 21:3, 4).
Жахаба «берилгендик көрсөткөндөрүн таштабайт»
14. Кызматчыларынын берилгендигин баалаарын Жахаба кантип көрсөтөт?
14 Жахаба берилгендик көрсөткөнүн токтотпойт. Кудайыбыз эч качан өзгөрүлбөгөндүктөн, анын кызматчыларына көрсөткөн берилгендиги да туруктуу. Забурчу: «Мен жаш болгом, эми карыдым, бирок адил адамды Кудай таштап койгонун же анын тукуму нан сурап жүргөнүн көргөн эмесмин. Анткени Теңир чындыкты сүйөт, Өзүнүн ыйыктарын [«берилгендик көрсөткөндөрүн», «ЖД»] таштабайт»,— деп жазган (Забур 36:25, 28). Жараткан катары Жахабанын даңкталууга татыктуу экени шексиз (Аян 4:11). Өзү берилгендик көрсөткөндүктөн ал биздин да берилгендик менен кылган иштерибизди баалайт (Малахия 3:16, 17).
15. Жахабанын берилгендиги ысрайылдыктарга кылган мамилесинен кандайча чагылдырылып турганын түшүндүр.
15 Мээримдүү боорукердик көрсөтүп Жахаба түрдүү кыйынчылыктарга дуушар болгон кызматчыларына дайыма жардам берет. «Ал Өзүнүн ыйыктарынын [«берилгендик көрсөткөндөрүнүн», «ЖД»] жанын сактайт. Аларды ыймансыздардын колунан куткарат»,— деп жазган забурчу (Забур 96:10). Кудайдын байыркы ысрайыл элине жасаган мамилесин карап көрөлү. Ысрайылдыктар керемет жолу менен Кызыл деңизден өткөндөн кийин жеңиш ырын ырдап Жахабаны: «Сен Өзүң куткарган ушул элди ырайымың менен [«берилгендик менен сүйүп», «ЖД», шилтемеси] жетелеп баратасың»,— деп даңкташкан (Чыгуу 15:13). Кызыл деңиздин жанынан элин куткарып, Жахаба берилгендик менен көрсөтүлүүчү сүйүүсүн чагылдырганы шексиз. Ошондуктан Муса ысрайылдыктарга: «Теңир сени башка элдерден көп болгонуң үчүн тандап алган жок, сен башка элдерге караганда аз сандагы элсиң. Теңир сени сүйгөндүктөн, сенин ата-бабаларыңа берген убадасын аткарыш үчүн, сени Өзүнүн улуу күч-кубаты менен алып чыкты. Ал сени кулчулуктан, Мисир падышасы фараондун колунан куткарып алды»,— деген (Мыйзам 7:7, 8).
16, 17. а) Кандайча ысрайылдыктар ыраазылык билдиришкен эмес, бирок Жахаба аларга кантип боорукердик көрсөткөн? б) Ысрайылдыктардын көпчүлүгү өздөрүнүн «куткарууга» татыксыз экенин кандайча көрсөткөн жана мындан эмнеге үйрөнсөк болот?
16 Ысрайылдыктардын эл катары Жахабанын берилгендик көрсөткөнүн баалашпаганы маалым, анткени кереметүү түрдө куткарылгандан кийин да алар «Анын алдында күнөө кыла беришип, чөлдө Эң Жогорку Кудайды каардантышкан» (Забур 77:17). Кылымдар бою алар жалган кудайларга кайрылып, бутпарастык салттарга карманып, Жахабага көп ирет чыккынчылык кылышкан. Бирок Жахаба алар менен түзгөн келишимин бузган эмес. Тескерисинче, ал Жеремия пайгамбар аркылуу өз элине: «Кудайдан баш тарткан Ысрайыл кызы, кайрылып кел... Мен силерге Өз каарымды төкпөйм, анткени Мен ырайымдуумун [«берилгенмин», «ЖД»]»,— деп кайрылган (Жеремия 3:12). Бирок 25-бөлүмдө айтылгандай, ысрайылдыктардын көпчүлүгү Жахабанын сөздөрүнө кулак какпай койгон. Ал тургай, «Кудай жиберген элчилерди шылдың кылышып, алардын сөздөрүн барк албай, Анын пайгамбарларын маскаралашкан». Бул акыр-аягы эмнеге алып барган? «Теңир Өз элине абдан каарданды. Аларды Теңирдин каарынан эч нерсе куткарып кала алган жок» (2 Жылнаама 36:15, 16).
17 Мындан эмнеге үйрөнсөк болот? Жахабанын берилгендиги сокурдук же жеңил ойлуулук менен көрсөтүлбөйт. Кудайдын кайрымдуу экени жана негиз бар болсо кубаныч менен боорукердик көрсөтүүгө даяр экени чын. Бирок күнөөкөр оңолбосочу? Андайда Жахаба адил принциптерине бекем карманып, жазалоого өкүм чыгарат. Муса айткандай, Жахаба — «жазасыз калтырбай турган» Кудай (Чыгуу 34:6, 7).
18, 19. а) Жахабанын ыймансыздарды жазалашы анын берилгендигин кандайча көрсөтүп турат? б) Жахаба куугунтукталып өлтүрүлгөн кызматчыларына кантип берилгендик көрсөтөт?
18 Кудай ыймансыз адамдарды жазалоо менен да берилгендик Аян 16:1—6).
сапатын чагылдырат. Кандайча? Аян китебине кайрылып, Жахабанын жети периштеге кандай буйрук бергенине көңүл буралы: «„Баргыла, Кудайдын жети чөйчөктөгү каарын жерге төккүлө“». Үчүнчү периште өзүнүн чөйчөгүндөгүсүн «дарыяларга жана булактарга» төккөндө, алар канга айланат. Ошондо периште Жахабага: «„Азыр бар болуп турган, башынан бери эле бар болгон Теңир, Сен адилетсиң жана ыйыксың [«берилгенсиң», «ЖД»], анткени Сен ушундай өкүм чыгардың. Алар ыйыктардын жана пайгамбарлардын канын төгүштү. Ошон үчүн Сен аларга кан ичирдиң, алар ошого татыктуу“»,— деп айтат (Жахаба берилгендигин өмүрүнүн акырына чейин сактагандарды сөзсүз тирилтет.
19 Кудайдын өкүмдөрүн жарыялап жаткан периштенин Жахабаны «берилген» деп атаганына көңүл бурсаң. Эмне үчүн ал Кудайды «берилген» деп сыпаттайт? Анткени ыймансыздарды жазалоо менен Жахаба көптөрү куугунтукталып өлтүрүлгөн кызматчыларына берилгендик көрсөтөт. Ошол ишенимдүү кызматчыларынын баарын эсинде сактоо менен да Жахаба аларга карата берилгендик көрсөтөт. Ал өлүм уйкусунда жаткан сүйүктүү кызматчыларын кайра көрүүнү каалайт, ошондуктан Ыйык Китеп бизди алардын сөзсүз тирилтилерине ынандырат (Аюб 14:14, 15). Жахаба кызматчыларын алардын көзү өтүп кеткендиктен унутуп койбойт. Тескерисинче, «Ал үчүн бардыгы тирүү» (Лука 20:37, 38). Жахабанын эсиндегилердин баарын тирилтүүгө болгон ой-ниети да анын берилгендик көрсөтөрүн эң сонун далилдеп турат.
Жахабанын берилгендик менен көрсөткөн сүйүүсү куткарылууга жол ачат
20. «Боорукерлик көрсөтүлө турган идиштер» кимдер жана Жахаба аларга кантип берилгендик көрсөтүүдө?
20 Кылымдар бою Жахаба ишенимдүү кызматчыларына укмуштуудай берилгендик көрсөтүп келген. Миңдеген жылдардан бери ал «кыйратылууга даяр турган, каар төгүлө турган идиштерди ушунчалык чыдамдуулук менен сактап келди». Эмне үчүн? «Өзүнүн даңкынын байлыгын көрсөтүш үчүн, Өзү даңкка бөлөө үчүн даярдаган, боорукерлик көрсөтүлө турган идиштер үчүн» (Римдиктерге 9:22, 23). «Боорукерлик көрсөтүлө турган идиштер» — Машайак менен бирге анын Падышалыгында мураскор болуу үчүн рух менен майланган, туура маанайдагы адамдар (Матай 19:28). Боорукердик көрсөтүлө турган идиштердин куткарылуусуна жол ачуу менен Жахаба Ыбрайымга берилгендик көрсөткөн жана ага берген: «Менин тилимди алганың үчүн, сенин тукумуң аркылуу бүт жер жүзүнүн элдери бата алышат»,— деген убадасына ылайык иш кылган (Башталыш 22:18).
21. а) Жахаба «улуу кайгыдан» аман өтүп, жердеги бейиште жашоого үмүттөнгөн «эбегейсиз көп адамдарга» кантип берилгендик көрсөтөт? б) Жахабанын берилгендиги сага эмне кылууга түрткү берет?
21 Жакындап келаткан «улуу кайгыдан» аман өтүп, жер бетиндеги бейиште жашоого үмүттөнгөн «эбегейсиз көп адамдарга» карата да Жахаба ушундай эле берилгендикти көрсөтөт (Аян 7:9, 10, 14). Кызматчылары жеткилеңсиз болсо да, Жахаба сүйүүсүнөн улам аларга жер бетиндеги бейиште түбөлүк жашаганга мүмкүндүк берет. Бул эмненин аркасында ишке ашат? Кун берүү менен Жахабанын зор берилгендик көрсөткөнүнүн аркасында (Жакан 3:16; Римдиктерге 5:8). Жахабанын берилгендиги өзүнө адилдикти жан-дилинен самаган адамдарды тартып турат (Жеремия 31:3). Жахабанын ушундай зор берилгендиги сага ага дагы көбүрөөк жакындоого түрткү бербейби? Анда эмесе, мээримдүү Кудайыбызга бүт жүрөгүбүз менен жакындагыбыз келгендиктен ага берилгендикте кызмат кылууга бел байлап, анын сүйүүсүнө жооп кайтаралы.
^ абз. 4 Белгилей кетчү нерсе, «Жаңы дүйнө котормосунда» 2 Шемуел 22:26-аятта «берилгендик» деп которулган эврей сөзүн «мээримдүү боорукердик» же «берилгендик менен сүйүү» деп да которсо болот.